Новость 24 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жер фондун инвентаризациялоо,   боюнча  Нарын шаарында  семинар өткөрүлдү

2017-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы          «Кыргызмамжердолбоорлоо»  жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо  институту жер фондун инвентаризациялоо,   боюнча  Нарын шаарында  семинар өткөрдү. 
Семинарга  КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары  К. Азизов , «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо  институтунун директору А. Касмалиев, Нарын  районунун акимчилигинин өкүлдөрү жана  Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери , жети облустан келген жер адистери, дыйкан, фермерлер катышты. 
“Нарын облусунун Нарын районунда жер фондун  инвентаризациялоо жумуштары аяктап, ал эми Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда жүргүзүлүүдө. Атап айта кетсек,  жер фондун инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү учурунда көптөгөн суроолор, өзгөрүүлөр, мыйзам бузуулар кездешүүдө.
Жана дагы баса белгилей кетчү, эң маанилүү, бирдиктүү жер саясатын алып бара турчу бир орган түзүү жөнүндө бүгүнкү күндөгү  жер маселесине түздөн-түз  байланыштуу жердин сандык жана сапаттык жагынан биргеликте иш алып барууда жана  жер саясатын жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Республикада жер маселесине кош көңүлдүүлүк болуп, көптөгөн көйгөйлөр, келишпестиктер жана түшүнбөстүктөр жаралууда, ошол себептен Өкмөткө долбоор киргизилип, азыркы учурда каралууда”-деди “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо  институтунун директору А. Касмалиев.

Жер фондун инвентаризациялоонун максаты - жердин жана жер категорияларынын жайгашкан орду, аянтары, чектери жана саны жөнүндө маалыматты камтыган жер жөнүндө маалымдарды тактоо болуп эсептелет.

Атап айтканда 2017-жылдын 22-июнунда 15 райондун жер фондун инвентаризациялоо жумуштарынын жыйынтыгы  боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө премьер-министрдин катышуусунда кеңешмеде жалпы 15 район боюнча сугат айдоо аянттары көбөйүп, 45666,6 га түзгөндүгү, айдоо жер аянты 38565га көбөйгөндүгү, көп жылдык бактар 5063 га көбөйүп, жайыт жери 746446 га көбөйгөндүгү, ал эми чөп чабындынын  аянты 2965 га көбөйгөндүгү баса белгиленип маалымат айтылган.
Семинар  теориялык жана практикалык  2 түрдө өттү.
Семинардын 2 –бөлүгүндө атайын жердин аянтын жана жер боюнча маалыматтарды бачым тактап берүүчү  апаратты  Нарын шаарынын стадионунда учуруп иш-чаранын катышуучуларына практикалык түрдө түшүндүрдү.  Семинардын катышуучуларына жер аянтын аныктоочу апарат боюнча толук жана так   маалымат берилди.
Семинардын жыйынтыгында жыйындын катышуучулары жер адистерине  суроолорун узатып жоопторду алышты.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок