Новость 23 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Бүгүн, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев Кабар маалымат агенттигинде журналисттерге пресс-конференция өткөрдү. Маалымат жыйында министр Эл аралык «Айыл Агро – 2016» агроөнөржай көргөзмөсү туурасында маалымат берип өттү.
  Эл аралык «Айыл Агро – 2016» агроөнөржай көргөзмөсү быйыл төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Көргөзмө расмий түрдө 2016-жылдын 25-майында саат 10:00 до: Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн алдындагы аянтта ачылат. Көргөзмөнүн жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзөт.
Көргөзмөгө дүйнө жүзүнүн 20 өлкөсүнөн 32 техника чыгарып, сатуучу фирмалардын жана заводдордун катышуусу күтүлүүдө. Көргөзмөнүн катышуучуларына айыл чарба техникаларынын бардык түрү, сокодон баштап дан комбайндарына чейин көрсөтүлөт. Көрүүчүлөргө дүйнөдөгү белгилүү болгон Клаас, Лемкен, Джон Дир, Гримме, Амазоне, «Россельмаш», МТЗ, «Гомсельмаш», Клевер жана башка маркадагы техникалар сунушталат. Мындан сырткары, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу каражаттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар, ошондой эле айыл чарбасындагы жащы технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, көргөзмөдө боз үйлөрдөн турган улуттук экспозиция иштейт жана ал жерде 7 облуста өндүрүлгөн  айыл чарба продукциялары,  тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын    экспонаттары, улуттук буюмдар, белектер жана башка эл керектөөчү товарлардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Аймактардын тарыхий жана маданий каада салттары презентация болуп, региондорго инвестиция тартуу жана туристик долбоорлорду түзүү боюнча маалымдоо сунуштары менен таанышса болот.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө кошумча төмөндөгүдөй иш-чаралар да өткөрүлөт:
- 25-майда (саат 12:00 дөн 14:00 чейин) Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри М.Д.Абулгазиевдин, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, эл аралык уюмдардын, донорлор жана инвесторлордун, финансалык институттардын, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн жана республиканын кайра иштетүү өндүрүшүнүн кызматкерлеринин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын агрардык тармагынын экспорттук потенциалы жана инвестиция тартуу» темасында төртүнчү улуттук айыл чарба форуму өткөрүлөт;
- 26-майда (саат 8:30 дөн 16:00 го чейин) «Биологиялык талаачылык» темасында семинар өткөрүлөт, мында жащы биологиялык технологияларды колдонуу менен жогорку сапаттагы экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча ыкмалар көрсөтүлөт. Семинардын илимий-теориялык бөлүгү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин имаратында, экинчи практикалык бөлүгү Сокулук районунун Жащы-Жер айылынын №43 кесиптик лицейдин базасында болот.

Жалпысынан көргөзмөгө жана башка иш-чараларга республиканын бардык аймактарынан келген катышуучулардын саны 7 мищден ашык болоору күтүлүүдө. Айылбанктын болгон филиалдары аркылуу көргөзмөгө бардык райондордон катышуучуларды ташып алып келүү жана кайра жеткирүү камсыздалат.
Андыктан, өлкөнүн айыл чарба тармагына кызыктар болгон бардык жарандарын 25-26-27 майда Бишкек шаарында өтүүчү IV-Эл аралык «Айыл Агро - 2016» агро өнөр жай көргөзмөсүнө келип, катышууга чакырып өттү. Пресс-конференциянын алкагында журналисттер министр Т.Бекбоевге айыл чарба тармагында кызыкдар болгон суроолорун берип, толук жооп ала алышты.

 

Международная агропромышленная выставка «Айыл-Агро-2016» в этом году проводится четвертый раз. Официальное открытие выставки состоится 25-мая 2016 года в 10:00 часов по адресу на площади перед зданием Правительства КР.
Ожидается участие 32 фирм-поставщиков и заводов изготовителей из свыше 20 стран мира. Предлагаемая перечень и количество экспонатов будут представлены по всем видам сельскохозяйственной техники, начиная пахотных агрегатов до зерноуборочных комбайнов. Участникам будут показаны продукция ведущих мировых марок, такие как, Клаас, Лемкен, Джон-Дир, Гримме, Амазоне, «Россельмаш», МТЗ, «Гомсельмаш», Клевер и другие. Общая площадь выставки составляет свыше 7000 квадратных метров. Кроме этого, будут выставлены экспонаты по биотехнологии, средствам химической и биологической защиты растений, минеральные удобрения, ветеринарные вакцины, препараты, и другие средства для животноводства, а также новые технологии по другим отраслям аграрного сектора экономики стран.
Кроме этого, на выставке будет работать национальная экспозиция, состоящая из юрточного городка, где будут представлены экспонаты из 7-ми областей страны, в виде продукции сельского хозяйства, пищевой и перерабатывающей промышленности, товаров народного потребления и национальных сувениров. Будут презентованы народные и культурные достопримечательности регионов, предложения по привлечению инвестиций и созданию туристических проектов.
В рамках работы выставки будут проведены следующие мероприятия:
- 25-мая (с12:00 до 14:00) состоится четвертый национальный агрофорум с участием Первого вице-премьера-министра Кыргызской Республики Абулгазиева М.Д., министерств и ведомств Кыргызской Республики, представителей международных организаций, доноров и инвесторов, финансовых институтов, сельскохозяйственных товаропроизводителей и переработчиков республики по теме «Инвестиционная привлекательность и экспортный потенциал аграрного сектора Кыргызской Республики»;
- 26-мая (с 8:30 до 16:00)  состоится семинар на тему «Биологическое земледелие», где будут показаны новые технологии по производству экологически чистой сельскохозяйственной продукции с применением новых технологий и биометодов. Первая теоретическая часть семинара будет проведена в здании Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики, вторая практическая часть на базе проффесионально-технического лицея №43, в селе Жаны-Жер Сокулукского района.
В работе выставки ожидается участие и посещение свыше 7 тыс. человек из всех регионов республики. Через филиалы ОАО «Айыл Банк» в
районах будет обеспечена организация перевозки посетителей и участников выставки из всех областей.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок