Новость 20 июля

 

Военно-Антоновка айыл аймагында журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүлдү


Бүгүн, 20-июлда Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагында Чүй жана республикалык массалык маалымат каражат өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты -  жайыттарды пайдалануудагы ийгиликтүү тажрыйба менен бөлүшүп, эхинококкозду алдын-алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу менен маалымат кампаниясын жүргүзүү болуп саналат.
Маалымат кампаниясынын алкагында журналисттер Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагындагы жайыт жерлерин көрүштү. Мындан сырткары эхинококкозду алдын-алуу үчүн иттерге дегельминтизация жүргүзүү процессине күбө болушуп, жеке ветеринар Кайрат Акунов эмне себептен ветеринардык иш-чараларды өткөрүү керек экендигин түшүндүрүп берди.
Маалымат кампаниясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашырылып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок