Новость 20 июля

Кыргызстанда жеке ветеринарлардын саны акыркы төрт жыл ичинде 60%га жакын өстү

Кыргызстанда 2013-жылы жеке ветеринардык адистердин саны 1500 миңден ашык болсо, бүгүнкү күндө республика боюнча 2373 жеке ветеринардык адис Ветеринардык палатадан каттоодон өттү. Башкача айтканда, төрт жыл аралыгында жеке ветеринардык адистердин саны 60%га өскөндүгү байкалууда. Жеке ветеринардык адистердин санынын өсүшү өзгөчө Ош, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарында белгиленгендигин Ветеринардык палатанын директору Кубатбек Маматкулов билдирди.
Анын айтымында, жеке ветеринардык адистердин санынын өсүшүнүн бир канча себептери бар. Алсак, акыркы эки жыл ичинде Кыргыз өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жалпы ветеринария тармагын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү багытында жакшы көңүл бурулуп келүүдө. “Ветеринария жөнүндө” мыйзам 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынса, ал мыйзам 2017-жылы ветеринария системасын жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр менен толукталды.
Ветеринария жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын кээ бир функцияларын жеке ветеринардык адистерге берүү боюнча мыйзамдык база түзүлдү. Акыркы өзгөртүү боюнча жеке ветеринарларга берилген функциялык милдеттер болуп, мал жана мал чарба азыктарын сертификаттоо, малдын саламаттыгын көзөмөлдөөгө багытталган мамлекеттик программаларды аткаруу жана жеринде эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Жеке ветеринарлардын жоопкерчилигин көтөрүү багытында аталган мыйзам менен кошо административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекске да толуктоолор киргизилди.
Эгерде ветеринардык адис өзүнүн милдеттерин толук аткарбаса же таптакыр аткарбаган учурда же ветеринардык каттоодо жок ишкердик жүргүзсө, анда админстративдик чара көрүлөт деген берене кирди. Учурда жасалып жаткан иш аракеттердин баары ветеринария тармагындагы мыйзамдык базабызды учур талабына шайкеш келтирип, кесипке жогорку билимдүү кесипкөй адистердин келишин шарттоого багытталууда дейт К.Маматкулов.
Ошондой эле, жеке ветеринарлардын жыл сайын көбөйүшүнө ветеринария тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен байланыштуу деп эсептешет адистер. Мисалы, 2013-жылда башталган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун негизги багыттарынын бири ветеринария системасын өнүктүрүү, анын ичинде жеке ветеринардык адистерге гранттык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоордун негизинде гранттык жардамдар берилип, учурда жалпысынан 910 жеке ветеринардык адистер өзүлөрүнүн материалдык техникалык базасын чыңдоого жетишүү менен көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Долбоорлордун алкагында ветеринария тармагынан көрсөтүлгөн колдоолордун натыйжасында, элдердин бруцеллез оорусуна чалдыгышынын акыркы жылдары беш эсеге кыскарышын, долбоордук иш чаралардын өз максатына жетип жаткандыгынын далили катары кабылдасак болот.
Жеке ветеринарлардын 6,5% аялзаты түзүп, алардын эң көбү Чүй облусунда 43 болсо, эң аз Баткен облусунда эки жеке ветеринар аял иштейт.
Жеке ветеринардык адистердин 12,2%ын 30 жашка чейинки курактагы адамдар түзсө, 70%ын 30 жаштан 60 жашка чейинкилер түзөт. Ал эми 15,4%ын 60 жаштан жогоркулар түзөт.
Жалпы ветеринарлар адистердин 35%ын ветеринардык врачтар, 51,1%ын ветеринардык фельдшерлер түзсө, 13,7%ын ветеринардык санитарлар түзөт.

 

 

2017г.17-июль

В Кыргызстане количество частных ветеринаров увеличелось на 60%

Количество частных ветеринаров в Кыргызстане увеличилось с 1500-ти в 2013 году до более чем 2300 или почти на 60% за последние четыре года.
По мнению исполнительного директора Ветеринарной палаты КР Кубата Маматкулова, данная тенденция связана с рядом причин. Одна из них, принятие хороших мер со стороны правительства и парламента для приведения кыргызского ветеринарного законодательства в соответствие с международным. (Закон КР “О ветеринарии” вышел в 2014 году, в 2017-м внесены некоторые поправки). Так, создана законодательная база для передачи некоторых полномочий уполномоченного госоргана частным ветеринарам. Последние изменения позволяют ветеринарам на местах проводить сертификацию мясной продукции, исполнять государственные программы в области контроля здоровья животных, проводить мониторинг эпизоотической ситуации на закрепленной территории.
Параллельно для повышения ответственности частных ветеринаров внесены поправки в Кодекс об административной ответственности. Если частный ветеринар свои обязательства не будет полностью выполнять или же их не будет выполнять вообще, или будет работать без регистрации в Ветеринарной палате, то будет нести административное наказание. Подобным образом подводятся к реальной жизни все аспекты деятельности ветслужбы, закладывается основа для роста квалификации частных ветеринаров. “Кто хочет работать, должен расти профессионально. В ином случае может лишиться конкурентоспособности и даже остаться без работы”, - уверен К.Маматкулов.
Другой причиной, приведшей к мобилизации частных ветврачей, является поддержка службы ветеринарии проектами, финансируемыми Правительством КР и международными донорами. Например, проект “Развитие животноводства и рынка – 1 и - 2” в прошлом и текущем годах предоставил более чем 900 частным ветеринарам Нарынской, Иссык-Кульской, Ошской, Чуйской и Жалал-Абадской областей комплекты ветеринарных принадлежностей.
Примечательно, что больше всего ветеринаров трудится в Ошской области – 460, в Иссык-Кульской области – 418, в Чуйской – 406, Жалал-Абадской – 393. Количество частных ветеринаров в городе Бишкеке составляет 72, что является недостаточным для столицы в связи с расширяющимся частным сектором в жилмассивах, где больше всего держат домашних животных.
Из всего количества частных ветеринаров 6,5% составляют женщины – больше всего в Чуйской области, меньше всего представителей ветеринарной профессии женского пола в Баткенской области – всего два.
12,2% составляют ветеринары в возрасте до 30 лет, ветеринаров от 30 до 60 лет –70%, ветеринаров старше 60 лет – 15,4%.
По уровню образования ветеринары делятся на специалистов с высшим образованием – 35%, ветеринарных фельдшеров – более 51% и ветеринарных санитаров – 13,7%.
Одним из результатов деятельности частной ветеринарии является снижение заболеваемости людей бруцеллезом в пять раз.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Маалымат блогу