2017-жылдын 17-июлуна карата сугат иштери боюнча маалымат
2017–жылдын 17-июлуна карата план боюнча көлөмү- 3110,7 млн.м3 суу каралса, чыныгы берилген суунун көлөмү –2520,7 млн.м3 түзүп, план 81пайызга аткарылган. План боюнча – 2054,0 миң га сугат аянты сугарылышы каралса иш жүзүндө баардыгы болуп – 1657,0 миң гектар аянты сугарылып, план 81 пайызга аткарылган.
Сугарылган – 1657,0 миң гектардын ичинен – 189,2 миң гектары эрте жазгы ным топтоо сугаты менен, биринчи сугаты – 879,3 миң га, экинчи сугаты – 588,5 миң гектар аянты сугарылган.
Биринчи сугаты менен сугарылган – 879,3 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 134,2 миң га,
- көп жылдык чөптөр – 233,8
- дан жүгөрү – 87,2
- жашылчалар – 116,6
- мөмө жемиш бактары – 31,2
- кант кызылча – 16,5
- пахта – 19,5
- төө бурчак – 48,5
- күрүч – 9,6
- башка өсүмдүктөр – 182,2
Экинчи сугаты менен сугарылган – 588,5 миң гектарынын ичинен айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча:
- дан эгиндери – 55,0
- көп жылдык чөптөр – 128,2
- дан жүгөрү – 70,2
- жашылчалар – 117,0
- мөмө жемиш бактары –29,2
- кант кызылча –10,1
- пахта- 11,5
- төө бурчак – 31,7
- күрүч –14,7
- башка өсүмдүктөр – 120,9 миң га.