Новость 20 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарбасын өнүктүрүү Эл Аралык фонду менен иштешүүдө Кыргызстан лидерлик позицияда!

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы айыл чарба багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жана АРИС аркылуу ушул мезгилге чейин ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда 65 млн. доллар каражат ишке ашырылды. Алар негизинен Жайыттарды башкарууну жакшыртууга, ветеринардык кызматтын ишин илгерилетүүгө, министрликтин борбордук аппаратынын, Жайыт департаментинин, райондук айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыктарынын техникалык базасын чыңдоодо эбегейсиз көмөк көргөзүп келет. Бул долбоорго негизги көмөкчү болгон Айыл чарбасын өнүктүрүү Эл Аралык фонду менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тыгыз иш алып баргандыктан бул программанын алкагында Кыргызстан Орто Азия боюнча лидерлик позицияда. Мындан ары да кызматташтыктын жаңы тепкичине көтөрүлүү үчүн 17-18-май күндөрү аталган Эл Аралык фонддун башкы офиси жайгашкан Италиянын Рим шаарында Фритсем Джепсен мырза (Кыргызстан боюнча долбоордун менеджери) жана МФСРдин Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Европа боюнча бөлүмүнүн директору Халида Бузер айым менен КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, Каржы министринин орун басары Мирлан Байкончоков, министрликтин алдындагы айыл чарба багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Таиров, АРИСтин өкүлү Эсенгул Бакай жолукту. Жолугушууда аталган долбоор Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашып жатканын баса белгилеген Эл Аралык фонд өкүлдөрү бул уюмдун өкүлчүлүгүн Кыргызстанга ачуу маселесин көтөрүштү. Ошондой эле фонддун миссиясы июнь айында Кыргызстанга келип, 25 млн. доллар инвестиция салууга даяр экенин билдиришти. Бул каражат негизинен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана аны экспорттоого жумшалат.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок