Новость 5 июля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргызстанда жайыттарды башкаруунун актуалдуу маселелери
“Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоору  Талас жана  Чүй облустарында 2014-жылдан бери иштеп келет. Мына ушул долбоордун алкагында маалымат компаниясы башталып, журналисттер менен биргеликтетегерек стол уюштурулуп, пресс-тур өткөрүлдү. Массалык маалымат каражат өкүлдөрү Суусамыр өрөөнүндө жайыттардын абалы менен жеринде таанышып, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин адистери менен баарлашып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
Чүй жана Талас облусунун жайыт комитеттеринин башчылары жайыттарды башкарууну жакшыртуу туурасында өзүлөрүнүн тажрыйбаларына таянып, айтып беришти. Ошондой эле айыл чарбасын ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери, Жайыт департаментинин адистери тарабынан маалыматтар берилип, Жайыт боюнча кыскача ролик көрсөтүлдү.
Маалымат катарында айта кетсек, жайыттар - Кыргызстандын мал чарбачылыгынын өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ. Жайыттардын жалпы аянты 9 млн гектарды түзөт жана  бүгүнкү күндө малдын башы жыл сайын көбөйүп, ийри мүйүздүү малдын саны   1,5 млн., 6 млн кой жана жылкынын саны 0,4 млндон ашты.
Малдын көбөйүшү жайыттардын сапатына түздөн-түз таасир бергендиктен, жайыт жерлерин сапаттуу башкаруу жана пайдалануу маселеси курч койулууда.
Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу – көпүрөлөрдү, жолду, мал сугаруучу жерлерди куруу же ремонттоо, жайыт чөбүнүн сапатын жогорулатуу, жайыт жерлерин деградациядан сактоо максатында малдын жайылышынын графигин так сактоо, жалпы  эле  жаратылышка аяр  мамиле жасоо сыяктуу комплекстүү инфраструктуралык маселелерге байланышкан.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министрлиги тарабынан башка уюмдар – АРИС, мал чарбасы жана жайыттар илим изилдөө институту,  жайыттарды пайдалануучулардын “Кыргыз жайыты” Улуттук ассоциациясы менен өнөктөштүктө  ишке ашырылып жаткан долбоорлор жайыттарды башкарууну жакшыртууга бир кыйла колдоо көрсөтүүдө.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок