Новость 19 июня
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Лейлек районунда кооперацияны өнүктүрүү боюнча
семинар өткөрүлдү

2017-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Лейлек районунда жаңыдан уюштурулуп жаткан Кутчу - Даана айыл чарба кооперативинин өндүрүштүк базасында кооперацияны өнүктүрүү боюнча семинар өткөрдү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин статс-катчысы М. Ташболотов, Министрликтин кооперацияны өнүктүрүү секторунун жооптуу кызматкери
Б. Абдылдаева жана Кадамжай жана Баткен районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.

Семинар теориялык жана практикалык түрдө өткөрүлдү.
Тогуз-Булак айыл аймагындагы жаңыдан уюштурулган Кара-Булак машина тракатордук станциясынын өндүрүштүк базасында жана
Кутчу-Даана айыл чарба коопертивинин өндүрүштүк базасында Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү мал союучу жай жана келечекте сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын долбоорун кыдырып, таанышып чыкты. Мындан чырткары Кутчу-Даана айыл чарба коопертивинин өндүрүштүк базасында жумуртка өндүрүү боюнча тоок фермасы, малды бордоп семиртүүчү жай, айыл чарба техниалары, короо сарайлар жана 5 га. алма-бак менен

Семинардын жүрүршүндө төмөнкү маселелер каралды:

  1. Лейлек районунун айыл чарбасын өнүктүрүү багыты, Айыл чарба кооперетивтерин жана үрөн чарбаларын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү.
  2. Айыл чарбасын каржылоо боюнча лизинг, айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү.


Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин статс-катчысы М. Ташболотов өз сөзүндө Мамлекеттин агрардык саясатынын стратегиялык максаты- бул, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба өндүрүшүнүн эфективдүү моделин түзүү менен өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун экспорттук дараметин камсыздоо болуп саналат.
Бул маселени чечүүдө бизге рыноктун шартына багыт алган жана баарынан дагы айыл чарба өндүрүшүнүн айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба кооперативдерине демократиялык башкаруу механизми менен биригүү принциптерин ишке ашыруу.
Айыл чарба кооперативдерин эфективдүү иштетүү үчүн укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзүү.
Кооперативдик формадагы чарбаларга мамлекеттик колдоо жана кредиттик механизмдерди жакшыртуу зарыл экенин айтты.


Семинарды жыйынтыктап жатып, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана түзүү боюнча багыттар аныкталып, дыйкан-фермерлер суроолоду берип жеткиликтүү жооп алышты.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок