Новость 16 июня
1144953 3 2x

Урматтуу кесиптештер кадырлуу суу чарба кызматкерлери!

Баарыбыз үчүн белгилүү болгондой айыл чарба тармагын суусуз элестетүү эч мүмкүн эмес. Андыктан элибизде Суу өмүрдүн булагы,-деп бекеринен айтылбаса керек. Себеби жер жүзү, адамзат жаралган күндөн тартып эле, бардык органикалык тирүү жандар үчүн өмүр тартуулагандардын бири бул суу. Анткени суу ар бир жан үчүн керек жана маанилүү.

Суу бир гана жер менен иштеген дыйкандар тарабынан  алынуучу айыл-чарба түшүмдөрүн бербестен, ал фермерлерибиздин төрт түлүк малдарынан даярдалып жаткан эт, сүт сыяктуу жана башка көптөгөн азык-түлүк продукцияларынын алынышынын да башкы булагы. Демек, суусуз жашоо жок Адам баласы үчүн суу, аба сыяктуу эле чоң мааниге ээ.
Албетте, ошол өмүр булагы болгон сууну дыйкандарыбызга, фермерлерибизге  жеткирип жаткан Суу чарба департементинин кызматкерлери. Бүгүн бул тармактагы жетишилген ийгиликтер алардын чымырканган эмгектеринин натыйжасы экендиги талашсыз.
Биздин суу чарба кызматкерлери өлкөбүздө жүрүп жаткан айыл чарбасын реформалоо боюнча натыйжалуу иштеп жатасыздар. Бүгүнкү күндө 2017-жылдын сугат мезгилине суу чарба объектилерин оңдоо, кайра калыбына келтирүү иштери кынтыксыз аткарылып, дыйкандарга сугат суулары үзгүлтүксүз толугу менен берилүүдө. Ошондуктан ар бирибиз сууну туура жана таза, сарамжалдуу пайдаланып, сугат жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн суугаруу учурунда акыркы үлгүдөгү технологияларды пайдалануу менен тамчылатып суугарууну колго алуудабыз.  Бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл буруп, табигый сууларды үнөмдүү пайдалануу менен кайрак жерлерди сугат жерге айландырып алсак мамлекеттин экономикасына чоң салым кошобуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан суу чарба тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу көнүл бурулгандыгынын натыйжасында бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасынан бөлүнгөн 32млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык акча каражаттары өлкөбүзгө 6 ири ирригациялык инвестициялык долбоордун курулуш иштерине жумшалып, кыска убакыт ичинде иш башталганы турат.
Андан тышкары учурда суу чарба жана мелиорация департаменти тарабынан республикабызда бир катар обьектилер ишке кирип, жаңы каналдар курулуп, мамлекетибиздинанын ичинде айыл чарба тармагынын  өнүгүүсүнө салымыңыздарды кошуп келесиздер. Бул жоопкерчиликтүү ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш
өңөр жайы жана мелиорация министри: Н. Мурашев;

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок