Новость 15 июня
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Ноокен районунда күнөсканаларды куруу, тамчылатып суугаруу боюнча теориялык жана практикалык жактан семинар өткөрүлдү

2017-жылдын 13-июнунда Жалал-Абад обласына караштуу Ноокен районунда кооперативдерди түзүүдө аткарылып жаткан чарбалык иштери жана күнөсканаларды куруу, тамчылатып суугаруу боюнча теориялык жана практикалык жактан окутуу, тажырыйба алмашуунун негизинде семинар өткөрүлдү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев, Кыргызтанда Түштүк Кореянын ыйгарым укуктуу өкүлү Джонг Бенг Ху, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев жана Жалал-Абад, Баткен, Ош областарынан келген дыйкан-фермерлер, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары катышты.
Семинарды ачып жатып министр Н. Мурашев төмөндөгүдөй сөз сүйлөдү. “Өлкөбүздө жылдан-жылга күнөсканалардын аянтты көбөйүп алдыга карай жылыш болууда. Бирок, кошуна өлкөлөрдүн күнөсканааларынын деңгээлине жетүү үчүн дагы көп эмгектенишибиз керек. Күнөсканаларды куруу, тамчылатып суугаруу жана жаңы технологиялар менен иштегенди өздөштүрүүп, үйрөнүшүбүз керек.”
“Ноокенде дыйкандардын басымдуу бөлүгү пахта өстүрүү менен алектенесиздер. Пахта терүү мезгили жыл сайын көйгөй жаратат. Ушул маселени жеңилдетүүнү эске алып Айыл чарба министрлигинен Ноокен районунун дыйкандарына жакынкы убакытта пахта терген заманбап 1 техника берилет”.
Семинардын максаты аймактагы дыйкан-фермерлерди күнөскана чарбасын заманбап жабдыктар менен куруп, тамчылатып суугарууну жана айдоо аянттардын топурака кам көрүү боюнча теориялык жана практикалык жакатан окутуп тажырыйба алмашуу туурасында семинар уюштурулду.
Корея малекетинен келген ишкерлер да семинарга катышып, тажырыйбаларынан бөлүштү. Семинардын жыйынтыгында дыйкан-фермерлер суроолорду узатып, жообун угушту.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок