Ысык-Көл обласынын Түп районунундагы карантиндик фитосанитардык лаборатория ачылды
2017-жылдын 1-июнда Ысык-Көл обласынын Түп районунундагы карантиндик фитосанитардык лаборатория ачылды. Бул карантиндик фитосанитардык лабораториянын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С. Жээнбеков жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев катышып, лентасын кыркты.
Лабораторияда беш түрдүү фитосанитардык лабораториялык экспертизалар жүргүзүлөт: энтомологиялык, микологиялык, бактериологиялык, фитогельминтологиялык жана гербологиялык. Штаттык бирдиги 3 адистен түзүлгөн.
Бул иш-чаралар үчүн Ысык-Көл областынын Түп районунундагы карантиндик фитосанитардык лабораториясын капиталдык оңдоо иштерине 5 898 448 сом, лабораториялык жабдуулар менен камсыздоого 5 353 897 сом бөлүнгөн.
Карантиндик фитосанитардык лабораторияны ачып жаткан максатыбыз, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн, өндүрүрлгөн жана экспортко чыгарууга багытталган айыл чарба азык-түлүктөрдү фитосанитардык сертификациялоого карата жеңилдиктерди түзүү болуп саналат.