Новость 18 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

2017ж.18-майы

Бишкек шаарынын Аламедин базарында эхинококкозду алдын-алуу боюнча эрежелерди сактоого чакырышты

Бишкек шаарынын Аламедин базарында 2017-жылдын 17-майында эхинококкозду жана альвеококкозду  алдын-алуу боюнча флеш-моб өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – коомчулукту эхинококкоз, альвеококкоз оорусун алдын-алуусун, анын кандай жол менен жугузуп алуу коркунучу бар, андан кантип коргонуу керек экендиги туурасында ишенимдүү маалыматтарды жеткирүү.
Бул иш-чара 2016-2020-жылдардагы эхинококкозго каршы күрөшүү боюнча стратегиялык планын ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун алкагында республиканын бардык региондорунда өткөзүлүп жатат. Эхинококкоз боюнча маалымат таратууда негизги өнөктөш болуп Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору саналат.
Бишкек шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунун өкүлү Замзам Ибайдуллаева мындай флеш-моб Свердлов районунда биринчи ирет өткөзүлүп жаткандыгын белгиледи. Свердлов районунда эң чоң базар Аламедин болгондуктан ушул жакта өткөрүүнү ылайык көрдүк, дейт З.Ибайдуллаева. Флеш-мобго Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунан отуз бала катышып, базарда соода кылган сатуучулардын жана алуучлардын көңүлүн бурдуруп кыргыз улуттук бийин бийлешти. Өткөн жылы мындай акциялар Бишкек шаарынын башка чоң базарларында дагы өткөрүлгөн.
Иш-чараны уюштурган Бишкек шаардык республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун филиалы, Свердлов районунун Ден-соолукту чыңдоо кабинетинин адистери катышуучуларга эң башкысы өздүк гигиенаны сактоону балдарына үйрөтүп, эхинококкоз, альвеококкоз оорусу тууралуу маалымат берүү жана квартал сайын иттерге дегельминтизация өткөрүп туруу керек экендигин белгилешти.
Аламедин базарында көп жылдан бери эт сатып соода кылып келген Гүлнара Дүйшеналиева бүгүнкү иш-чара абдан жакшы өткөндүгүн белгилеп, башкысы эл үчүн керектүү маалымат алгандыгын билдирди. “Буга чейин эхинококкоз жөнүндө угуп жүрчүбүз, бирок өтө коркунучтуу оору экенин билбептирбиз. Эми балдарыма айтам, бул жактан таратылган китепчелерди окутам”, -  дейт ал. 
Эхинококкоз адам үчүн өтө коркунучтуу, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөлөрдү бузат, эхинококкоз кистасы түрүндө пайда болот. Оору негизинен иттерден жана мышыктардан жугат. Иттер оорубаш үчүн квартал сайын аларга таблетка берип туруу керек. Эхинококкоз менен ооруган адамды, эгер ал убагында көрүнсө, дары менен айыктырууга болот. Бирок өтүшүп кетсе хирургиялык жол менен гана алынат.
Кыргызстанда жыл сайын миңдей адам эхинококкоз кистасын алдыруу үчүн хирургиялык операция кылдырат. Бул сандын өсүшү байкалууда.

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү

 

18 мая 2017 г.

На Аламединском рынке Бишкека призвали соблюдать правила,
предупреждающие эхинококкоз

В Бишкеке на территории мясного павильона Аламединского рынка 17 мая 2017г. прошла акция по профилактике эхинококкоза и альвеококкоза.
Основная цель акции – привлечение внимания к мерам предупреждения болезней, предоставление информации о путях их передачи.
Мероприятие проводилось в рамках проекта “Развитие животноводства и рынка – 1”, который оказывает поддержку в реализации Стратегического плана по борьбе с эхинококкозом на 2016-2020 гг. Основным партнером в вопросах информирования об эхинококкозе является Республиканский центр укрепления здоровья (РЦУЗ).
Организатор – филиал РЦУЗ по Бишкеку и Кабинеты укрепления здоровья Центров семейной медицины Свердловского района столицы. Представитель Бишкекского центра укрепления здоровья Замзам Ибайдуллаева сообщила, что подобная акция по Свердловскому району проводится впервые. Поскольку Аламединский рынок является самым крупным в районе с большим количеством посетителей, было решено организовать акцию именно здесь. В прошлом году подобные акции проводились на других крупных рынках Бишкека.
Во флеш-мобе на Аламендинском рынке приняли участие 30 воспитанников Центра детского творчества Свердловского района, которые для привлечения внимания продавцов и покупателей исполнили кыргызский национальный танец. Затем выступили врачи КУЗ с информацией о мерах предупреждения эхинококкоза, в основе которых – соблюдение личной гигиены и ежеквартальная дегельминтизация собак для владельцев животных.
Реализатор мясной продукции Гүлнара Дүйшеналиева рассказала, что узнала о многих сторонах проблемы заболеваемости эхинококкозом. “Мы раньше слышали об этой болезни, но не думали, что она такая опасная. Оказывается, ее лечат хирургической операцией. Обязательно дам почитать своим детям брошюры, которые нам сегодня раздали”, - поделилась своим впечатлением об акции Г.Дуйшеналиева.
Эхинококкоз – это болезнь, при которой печень, легкие, головной мозг человека поражаются эхинококковыми кистами, внешне похожими на пузыри. В этих кистах содержатся личинки эхинококка – паразитного червя. В последнее вермя много людей заболевают альвеококкозом – сложной формой эхинококкоза, которую врачи приравнивают к раку. Источником заражения человека эхинококкозом является собака. Чтобы не болела собака, ей каждый квартал нужно давать таблетки против глистов. Вылечить эхинококкоз лекарствами можно, если она своевременно выявлена. На поздних стадиях уже необходима операция. Кроме того, нельзя кормить собак непрокипяченными внутренними органами сельхозживотных (печенью, легкими). Это прямой путь к болезни собаки, от которой вспоследствии заболевает человек.
В Кыргызстане ежегодно порядка 1000 человек проходят через хирургическую операцию для удаления эхинококковых кист. Имеется тенденция к росту этого числа.

Отдел реализации сельскохозяйственных проектов

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок