Тренерлер үчүн тренинг өз ишин баштады
Бүгүн, 2017-жылдын 3-майында Бишкек шаарында тренерлер үчүн “Ветеринардык дары-дармек каражаттар жана тоют кошулмаларын жүгүртүүнү башкаруу” деген темада тренинг өткөрүлүп жатат. Тренинг Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо, сетрификаттоо борбору жана “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1” долбоору менен биргеликте уюштурулуп, тренерлерге окутууну Азиз Абдиев жүргүзүп жатат.
Тренингдин негизги максаты – Кыргыз Республикасындагы дары-дармек каражаттарын, тоют кошулмаларын жүгүртүүнү башкарууда, укуктук-нормативдик актылар менен таанышуу, дары-дармек каражаттары, тоют кошулмалары жөнүндө түшүнүк, эл аралык стандарттарды билүү, ветеринардык дары-дармек каражат тармагы боюнча негизги дүйнөлүк тенденциялар менен таанышуу болуп саналат.
Тренерлер семинардан алган билимин, жер-жерлерге барып, жеке ветеринарларга жана фермерлерге окууларды уюштуруп үйрөтүшөт. Тренерлер үчүн дагы атайын окуу куралдары иштелип чыкты. Ал окуу материалдар Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан даярдалды.