Новость 28 апреля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигиКРнын мыйзам актыларына өзгөтүүлөрдү, толуктоорлорду киргизүү жөнүндө тегерек стол  өткөрдү

2017-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги КРнын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү, толуктоорлорду киргизүү жөнүндө тегерек стол  өткөрдү.
Тегерек стол үстүндө талкууга  Кыргыз Республикасынын депутаты Б. Райымкулов,  Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж. Керималиев, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жана областык, райондук администрациялар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аймактардын төрагалары, жайыйт комитеттери катышты.
Тегерек столдун максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароого жөнөткөн мыйзам долбоорун кызыктар тараптардын катышуусу менен биргеликте талкуулоо жана  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөтүүлөрдү, толуктоорлорду киргизүү болчу.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулардын басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын өзгөртүүгө каршы пикирлерин билдирип, облас, райондордун жетекчилерине жер жерлерде талкуу өткөрүү сунуштар айтылды.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок