Новость 19 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту ошондой эле Меринос койлорду өстүрүү боюнча коомдук фонду менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралында №43-б буйругуна ыйлайык, уяң жүндүү кой чарбачылыгын мындан ары өнүктүрүү максатында Талас облусунун, Кара-Буура районунун Жоон-Төбө асыл тукум заводунун базасында 2016-жылдын 18-майында уяң жүндүү кой чарбачылыгынын асыл тукум иштерин жүргүзүү, М.Н Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунун негизделгенине 85 жыл, Кыргыз уяң жүндүү койлордун пародасына 50 жыл, Кыргыз тоо мериносуна 10 жыл болгонуна карата иш чара өткөрүлдү. Семинардын өткөрүүнүн негизги максаты, уяң жүндүү кой чарбачылыгындагы асыл тукум иштерин уюштуруу жана жүргүзүүгө үйрөөтүү, койлорду бонитировкалоого жана асыл тукумдуулугун комплекстүү баалоого окутуу болуп саналат.  Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы М.Ташболотов, министрликтин тиешелүү адистери, Кыргыз Улуттук университетинин, Кыргыз агрардык окуу жайынын окумуштуулары, Кыргыз улуттук илимдер академиясынан, Биотехнология институтунан да өкүлдөр, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жуманазаров, республиканын Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан да асыл тукум чарбаларына кызыккан айыл чарба адистери, жана Талас облусундагы айыл чарба адистери жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышышты.
Иш чаранын алкагында катышуучулар М.Н Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводунда багылып жаткан койлор менен таанышышты. Келген меймандарга, семинардын катышуучуларына маалымат берилип, тааныштыруу болду. Молдосан айыл өкмөтүнүн тургуну Намазбек Орозумбетов көп жылдан бери мал багат. Анын айтымында, ак койлорду багуу ыңгайлуу дейт. “Ак койлор жайытта дайыма чогуу жүрүшөт. Сүтү  да жакшы. Ал эми жүнүчү. Койлордун жүнүнөн жылуу байпактарды түйүүгө болот. Эң пайдалуу” деп кошумчалады.
Келген меймандарга койлордун түрү, алардын жүнү, кантип багуу керек мына ушулар туурасында М.Н Лущихинанын кызы Евгения Лущихина айтып берди.
Маалыматка ылайык, 1956-жылы академик, М.Н. Лущихиндин жетекчилиги менен Кыргыз уяң жүндүү пародасы чыгарылган. 2016-жылдын 1-январына карата заводдо 5885 баш кой анын ичинен 4727 баш тубар кой бар.
Иш чаранын алкагында келген катышуучулар жеринде асыл тукум мал менен таанышып, андан соң расмий бөлүгү болуп, айыл чарба тармагында зор салым кошкондору үчүн айыл чарба министрлигинин ардак грамотасы менен бир катар кызматкерлер сыйланышты.
Ал эми иш чаранын экинчи бөлүгү практикалык негизде бүгүн улантылып, койлорду бонитировкалоого жана асыл тукумдуулугун комплекстүү баалоого, уяң жүндүү асыл тукум койлорду сатуу максатында аукцион уюштуруулуда.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок