Бүгүн Бишкете Айыл чарба министрлиги Баажы биримдигине тийиштүү 2017-жылдын 1-июлунан баштап кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы боюнча семинар өткөрдү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги укуктук ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча Баажы биримдигине тийиштүү 2017-жылдын 1-июлунан баштап кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы жөнүндө семинар өткөрдү.
Семинарга Айыл чарба министринин орун басары Э. Чодуев, Өсүмдүктөрдүн карантин департаменттинин директору А. Исаев жана Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас,областарынан келген айыл чарба адистери, дыйкан, фермерлер катышты.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э. Чодуев жыйындын катышуучулары менен учурашып сөзүн улантты. “Өлкөбүз 2015-жылы Бажы биримдигине мүчө болуп кирген учурдан тарта сырткы рыноктордун стандарттык талаптарын аткарууга фитосанитардык лабораториялар курулуп жатат. Кыргызстанда фитосанитардык лабораториялар Ош-Бишкек шаарына биринчилерден болуп курулса, быйыл Талас обласында да курулуп ишке киргизилди.” Учурда Ысык-Көл, Жалал-Абад областарына да лабораторияларды курууну пландаштыруудабыз.
Семинардын негизги максатарынын бири болуп айыл чарба жашылча, азык-түлүктөрдү сырткы рынокко экспорттоо боюнча фитосанитардык лабораториялардан сертификат алуу боюнча лекциялар окулуп, кенен түшүндүрмө маалыматтар берилди.
Мындан сырткары семинардын катышуучуларына дыйкан-фермерлер фитосанитардык лабораториялар боюнча суроолорун узатып , жооп алышты.
Семинардын жыйынтыгында Кадамжай районундагы күнөсканалардын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга бааларын берди. Мындан ары өлкөнүн бардык областарында семинарларды өткөрүү иштерин колго алууга токтолушту.
Ошондой эле 19-апрелде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдүн карантин департаментти укуктук ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча Баажы биримдигине тийиштүү 1-июлдан баштап кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы тууралуу семинар өткөрдү.
Семинарга Түштүк регионундагы үч областын бардык райондорунун аймактарынан келген айыл чарба адистери жана дыйкан, фермерлер катышты.
Нормативные акты Евразийского экономического союза в области карантина растений, вступающие в силу с 1 июля 2017 года.
«Нормативные акты Евразийского экономического союза в области карантина растений, вступающие в силу с 1 июля 2017 года»- под такой темой прошел сегодня семинар в Министерстве сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики при содействии Евразийской экономической комиссии.
В работе семинара приняли участие предприниматели, бизнес-сообщества, представители кооперативов, деятельность которых связана с продукцией растительного происхождения и других подкарантинных материалов, а также исполнительные органы местного самоуправления, профильные научные учреждения, министерства и ведомства из Чуйской, Иссык-Кульской, Таласской и Нарынской областей.
Задачей семинара было доведение до целевой аудитории положений нормативных актов Евразийского экономического союза в области карантина растений, вступающих в силу с 1 июля 2017 года. А также организовать тесное взаимодействие между уполномеченными органами и бизнес-сообществами, предпринимателями и исполнительными органами местного самоуправления для оперативного устранения возможных проблем, связанных с вступленим в силу нормативных актов Евразийского экономического союза в области карантина растений. Такой же семина был проведен для Южного региона, который пршле 19 апреля, с участием представителей Джалал-Абадской, Баткенской и Ошской областей.