Новость 20 апреля

  Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнүн  Ош 
Облусунун  ыйгарым   укуктуу    өкүлү
Сарыбашев   Таалайбек   Насырбековичке

    Урматтуу   Таалайбек   Насырбекович,    республиканын    Коомдук  телерадиокорпорациянын   “МААЛЫМАТ”   чыгармачыл   бирикмесинин   алдындагы
“Агро  чарба”   теледолбоорунун   жетекчиси    Макен   Чекиров  жетектеген   чыгармачыл   топ    24-29 –апрелде   Ош  облусуна   Айыл  чарба  тармагындагы   жетишкендиктер,   жазгы  айдап  себүү иштеринин  жүрүршү  жана кайра  иштетүү   багытындагы  олуттуу  чарбалык  жумуштар   боюнча  маалыматтарды  топтоо  максатында  бармакчы.
Урматтуу   Таалайбек   Насырбекович    облустун  аймагындагы    агрардык   реформанын   алгылыктуу    натыйжалары  жана кайра  иштетүү  менен   экспортко    айыл  чарба   азыктарын    чыгаруу  багытында   маалыматтарды    жыйноого   айыл  чарба  адистеринин  көмөктөшүүсүн  сураймын.
Сизди  терең  урматтоо   КР  айыл  чарба   тамак   аш   өнөнр  жайы  жана  мелиорация  министри       Н.М Мурашев

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок