Новость 18 апреля

2017-жылдын  10-апрелине карата жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө  маалымат.

Быйылкы жылы жаздын кеч келгенине карабастан, жазгы-талаа жумуштары жакшы темпте жүрүүдө. Алсак, 18-апрелге карата, Ысык-Көл, Нарын облусутарынан башка облустардын бардыгында күзгү кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу иштери кызуу жүрүп жатат Айтсак, Баткен, Ош облустарыннда азыктандыруу толук аяктады. Ал эми  Жалал-Абад ,Чүй облустарында аяктоонун алдында турат.
Жазгы  айдоо -259,6 миң га аянтты айдап коюушту, же тапшырманын  41,1% түзөт, Баткен жана Чүй облустарынын чарба субьектилери  69-91,6 %ке аткарышты.
Жогорку темп менен жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери жүргүзүлүүдө. Республика боюнча себүү иштери 119,8 миң га аянтка, же  белгиленгенге карата 40,5 % жүргүзүлдү. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон Ноокен районунун жана дыйкан-фермерлери  кылкандуу дан эгиндерин  себүүнү аякташты. Баткен  облусунун  Лейлек  району, Ош облусунун  Кара-Суу району себүүнү аяктоонун алдында  турат.
Баткен облусу жазгы кылкандуу эгиндерин себүүнүү-87,8 % аткарышты, ал эми Жалал- Абад  облусу-71, %, Чүй облусу-63,1% аткарышты.
Республиканын  түштүк  облустары  жана Чүй облусу жүгөрүнүн данын, май, жашылча жана бахча өсүмдүктөрдү себүү , ошондой эле картошканы отургузуу  иштерин башташты. Ошондой эле Жалала-Абад,  Ош облустарынын дыйкандары 6,6 мищ га аянтка пахта себишип, тапшырмаларын  36,6-37,7 %ка аткарышты.
Чүй облусунун дыйкандары  8,3 миң га аянтка кант кызылчасын себишти, же белгиленген тапшырманын-53,9 %тин түзөт. Ал эми Талас облусунун  дыйкандары 180,0 га  кант кызылчасын себишти.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок