Новость 12 апреля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жайыт жерлерин туура пайдалануу учурдун талабы

2017-жылы 11-апрелде КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Суусамыр өрөөнүндө жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу жана жайыт пайдалануучулар ортосундагы чек ара маселелерин бүгүнкү күндөгү абалы туурасында семинар-кеңешме өткөрдү. Иш-чараны уюштурууга Айыл чарба министрлигинде ишке ашып жаткан “Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын жакшыртуу” долбоору көмөк көрсөттү. Аталган долбоор жайыттарды жакшыртуу боюнча Чүй жана Талас облустарында 2015-жылдан бери иштеп келет. Чүй жана Талас облустарынын жайыт жерлеринин жалпы аянты 1,2 млн га түзөт.
Семинардын негизги максаты - Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлердин чек аралары боюнча маселелерди тактап, жайыт пайдалануучулар жана жайыт комитеттери менен биргеликте талкуулоо жана ошондой эле отоо чөптөрдү жок кылуу, жалпы жайыттардын бүгүнкү күндөгү абалын жакшыртуу болуп саналат.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Майрамбек Таиров, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпонбек Төрөкулов, Жайыт пайдалануучу ассоциациялардын төрагалары, Чүй жана Талас облустарынын район жетекчилери, агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, айыл өкмөттөр жана жайыт маселесине тийиштүү адистер катышты.
Жылдан жылга малдын башы көбөйүп, жайыттар жетишпей калып жаткандыгын белгилеген КРнын Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев бардык катышуучуларды жайыт боюнча болуп жаткан көйгөйлөрдү бүгүнкү семинар-кеңешменин алкагында ачык сүйлөшүп талкуулоого чакырды.
“Өлкөбүздө Суусамыр эң бир кооз жайлоолордон болуп саналат. Бүгүнкү күндө мына ушул жайлообузду чырмоок чөп басып жатканы көйгөйлүү маселе болууда. Бардык маселеңиздерди, ким кайсы жайлоодо жайлаш керек экендигин сиздер менен биргеликте кеңешип, чечишип алалы”, - деди Ж.Керималиев.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга адистер тарабынан Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу, анын ичинде узак мөөнөткө пайдаланууга берилген жайыт жерлер жөнүндө, Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт жерлерөдин чек аралары жана жайыттардын бүгүнкү күндөгү абалы, отоо чөптөрдү (алтыгана) жок кылуу боюнча маалымат берилди.
Семинар-кеңешменин негизги бөлүгү суроо-жооптор болуп, Жайыт комитеттеринин көпчүлүгүн Суусамыр жайлоосунда жайлаган мезгилдеги жайыт акыларын кимге төлөө керек, узак мөөнөткө берилген жерлерин аянттары тууралуу суроолор кызыктырды. Катышуучулар тараптан берилген  суроолорго Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин тиешелүү адистери жооп беришти.
Семинардын жыйынтыгында Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев Жайыт жерлерин туура пайдалануу жана мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү баса белгилеп, алдыда инвентарлоо  иштери жүрүп жаткандыгын айтып, маалыматты иш бүткөн соң берилээрин кошумчалады.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок