Новость 30 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Баткенде күнөсканаларды өнүктүрүү боюнча аймактык семинар өткөрүлдү

         2017-жылдын 28-март күнү Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев жана Түштүк Кореянын  Кыргызстандагы атайын ыйгарымдуу элчиси Джонг Бенг Ху мырзанын катышуусу менен Баткен обласынын Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн күнөсканаларынын базасында семинар өткөрүлдү.
Семинарга түштүк регионундагы бардык областардан келген дыйкан-фермерлер катышты.
Түштүк Кореянын адистери Ким Ги Тек  - Түштүк-Корея «КОИКА» эл аралык ишканасы  агроному жана Лим Хюн Кванг- ОсОО «БИО-АГРО» жетекчиси тарабынан күнөсканадагы топурактын күрдүүлүгүн сактоо жана туура сугаруу технологиялары жөнүндө пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. Күнөсканада айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алдыңкы технологияларды жана күнөсканаларды иштетүүнүн оң жана терс жактарын айтып, андан тышкары логистиканы өнүктүрүү боюнча лекцияларын окуп беришти. Лекциядан сырткары дыйкандар адистерге суроо берип жооп алышты.
Органикалык жер семирткичтерди негиздөөчүсү Ж.Таширов жана  жергиликтүү адистерге,  «Топурактын күрдүүлүгүн жакшыртуу жолдору жана күнөсканаларда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден  коргоо каражаттары жөнүндө» ал эми  «Капля Плюс» айыл чарба кооперативинин түштүк региону боюнча координатору К.Абдыраимов «Тамчылатып сугаруу системасынын күнөскана шартында колдонуунун өзгөчөлүгү тууралуу» маалыматтары менен бөлүштү.
Мындан сырткары семинардын катышуучуларына жергиликтүү дыйкан-фермерлер күнөсканаларда өстүрүлүп жаткан айыл чарба өсүмдүктөрүн кыдыртып көрүштү. Күнөсканаларда көпчүлүк дыйкандар помидор жана бадыраңды өстүрүүгө басым жасашкан.
Семинардын жыйынтыгында Кадамжай районундагы күнөсканалардын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга бааларын берди. Мындан ары өлкөнүн бардык областарында семинарларды өткөрүү иштерин колго алууга токтолушту.

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок