Новость 16 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Республикада күнөскана чарбаларын өнүктүрүү боюнча аймактык семинар өткөрүлдү
Кыргыз республикасында күнөскана чарбаларын куруу,  көбөйтүү жана анын ичинде сапаттуу айыл чарба продукцияларын өстүрүү дыйкан фермерлер үчүн  негизги приаритеттүү тармак болууда. Акыркы жылдарда бул республикалык маанидеги маселе болуп эсептелинүүдө.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Министрликке жана жергиликтүү  бийлик тармактарына үстүбүздөгү жылда демонстрациялык окутуп, үйрөтүү иштерин жүргүзүү максатында ар бир айыл өкмөтүндө экиден күнөскана курууга жетишуу тапшырмасы берилген.  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдында түзүлгөн Айыл чарбасына заманбап прогрессивдүү ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча борбору, чет элдик долбоорлордун, жергиликтүү окуу борборлору жана компаниялардын жардамы менен  күнөсканаларды иштетүүнү каалаган  фермерлер жана жеке ишкерчилик кылам дегендер үчүн теоретикалык жана практикалык окутуулар өткөрүү үчүн семинарларды уюштурууну улантып жатат.  Үстүбүздөгү жылдын  20-апрелинде республиканын Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын фермерлери катышкан аймактык семинардын уландысы 2016-жылдын 13-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун күнөсканаларынын  базасында өткөрүлдү. Аймактык семинардын ишине Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан 130 ашуун фермерлер жана адистер чакырылды.   Уюштурулган семинарга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев, айыл чарба  кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн биринчи  орун басары А.Махамадов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Матраимов келип катышышты. Семинардын катышуучулары жумушту райондун күнөсканаларында өстүрүлгөн жашылчалардын продукцияларын көргөзмө-сатуу жарманкесин жана жаңы техникалар менен таанышуу менен башташты. Андан соң аймактык семинардын  биринчи бөлүгү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында теоретикалык бөлүгү менен улантылды.
Түштүк Кореянын элчилигинин жардамы менен  Бишкек шаарынан келишкен Кореялык жана жергиликтүү адистер окутуу иштерин жүргүзүштү. Кореялык адистер кореядан чыгарылган  күнөсканалар боюнча жана анын  кандай курулуп, кандай иштей тургандыгы  туурасында  тажрыйба бөлүшүштү. Ошондой эле республиканын жергиликтүү жеке ишкерлери дагы күнөскананы иштетүү боюнча айтып беришти. Семинардын катышуучулары видео слайддар аркылуу күнөскана иштеткен ишкерлер, Билим окутуу борборунун адистери менен баарлашып, маалымат алышты.
Семинардын экинчи бөлүгү катышуучулар бүгүнкү күндө Кара-Суу районунда иштеп жаткан күнөсканалардын иши менен таанышышты. Алгач Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Турмуш   айылында жайгашкан Д.Ахмаджановдун 0.75 га аянттагы гүл өстүрүүчү күнөсканасы менен  таанышып көрүштү. Андан сон, Отуз - Адыр айыл өкмөтүндө жайгашкан 1 га аянтта жайгашкан күнөскананы жеринде барып көрүштү. Аталган күнөскана союз мезгилиндеги ПМК ишканасы болуп иштеп кийин иштебей калган мекеменин ээлеген аянттагы асфальттарды казып ошонун ордуна күнөсканаларды курган. Учурда күнөсканада помидор бадыраң өстүрүлүп сатылып жатат. Күнөскана чарбасы жетекчиси А.Алдаяровдун кол астында  11 адам иштейт. Семинар катышуучулары андан кийин Сары-Колот айыл аймагындагы Курбан-Кара айылында жайгашкан же мурдагы сүт фермасынын ордуна салынган 2 га жердеги күнөсканаларды көрүп таанышып чыгышты. Учурдагы ишкана башчысы К.Бекмурзаев менен күнөсканалардын пайдасы жана зыяны боюнча маек курушту.   Ал күнөскана куруп иштетүү жакшы экендигин белгилеп өттү. Анткени күнөсканадан алган помидор жана бадыраңдардын түшүмүн базарларга алып чыгып сатып киреше алып жатканын жана ондон ашуун адамдарды иш менен камсыз кылып жаткандыгын айтып өттү. Ошондой эле  күнөскананы иштетүүнүн кыйынчылыктарына токтолуп, ишти баштаардан алдынан жакшылап ойлонуп алып андан кийин бир чечимге келүү туура болооруна токтолду.  Облустардан келген адистер жана фермерлер күнөсканаларды жеринде көрүп, көптөгөн маалыматтарды алышты.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок