Новость 17 марта
1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды жандануу менен жаңылануунун, аруулануу менен тазаруунун - Нооруз майрамы менен  чын дилимден куттуктайм!
Эзелтеден ата–бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул касиеттүү күндү өзгөчө белгилеп, сүмөлөк кайнатып, жакшы тилектерди тилеп  Нооруз майрамын белгилеп келебиз.  Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, өлкөбүздө тынчтык, биримдик, молчулуктун-токчулуктун  жылы  болсун деп жакшы тилек кыцлабыз . Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең,!  Ар-бирибиз, жаратман эмгек аркылуу ɵлкɵбүздүн келечеги үчүн салымыбызды кошолу! Урматтуу мекендештер, дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Кыргызстаныбыз мындан ары алдыга карай да ɵсүп-ɵнүүгү жолунда болсун! Тилектер ишке ашып, жакшы кыялдар орундалсын!

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок