Новость 17 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Ысык-Көл жээгиндеги мөмө өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүү чаралары

         Ысык-Көлдүн жемиш бакчалары, анда  өстүрүлгөн алмуруттун «Лесная» жана «Талгарская красавица», алманын «Алма-Атинский», «Кроваво красный аппорт», «Превосходная»,«Стар Кримсон», «ТомКинсКинг», «Аппорт Александрова» деген сорттору жана башка мөмө сорттору менен Кыргызстандан тышкары жактарда да атакка ээ болду. Бирок акыркы жылдардаобъективдүү жана субъективдүү себептер менен, отургузулуучу аянттардын структуралары жана өндүрүлүүчү өндүрүмдөрдүн көлөмү өзгөрүлдү, бирок биздин мамлекеттин эгемендүү саясатынын натыйжасында азыркы учурда жемиш бакчаларынын аянты көбөйдү.

Бакчалардын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү эмгекти туура эмес уюштуруунун кесепети болуп саналат. Бактар системасы жок отуругузулууда, сорттордун бышуу мөөнөтүн эске албастан жайгаштырылууда,ал болсо түшүм жыйноону кыйындатып жана чоң жоготууларга алып келет. Эски бактар сейрек болуп отургузулган, 1 га 150-200 бак отургузулган, өзгөчө Түп жана Тоң райондорунда сейректетилген.
Ысык-Көлдүн жээгинде багбанчылыктын 3 зонасы бөлүнгөн: Чыгыш, Борбордук жана Батыш.
Чыгыш зонабагбанчылык  үчүн азыраак жагымдуу, аткени кыш суугураак. Ошондуктан бул жерде төмөнкү температурага чыдамдураак сорттор өстүрүлүүгө тийиш.
Борбордук зона – өнөр жайлык багбанчылыкка, урук жана данек өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сортторуна, өзгөчө абрикос, гилас жана шабдалынын эрте бышкан сорттору үчүн  кыйла перспективдүү. Ал курортторду жана пансионаттарды жабдууда маанилүү роль ойноого тийиш.
Батыш зона арык, таштак жерлери менен, башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө карагандабагбанчылык үчүн пайдалуу. Жалпысынан облуста Батыш жана Чыгыш бөлүктөрүндө 20% жана борбордук бөлүктө 60%бакчаларды өстүрүү сунуш кылынат. Отургузуунун сунушталган схемасы пайдаланылуучу жалгагычтан (подвой)  көз каранды болот, оптималдуу болуп өтө өстүрүлгөн урук жалгагычтарда 1 га же 4*5м  300-400 бак саналат.
         Багбанчылыктын өндүрүмүн өнүктүрүү максаттарында бизде ири жана майда мөмөпитомниктер ийгиликтүү иштеп жатат, алар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн ар кандай сорттордун чоң ассортименти менен сапаттуу отургузуучу материалдар менен камсыз кылат.
И.И. Куликовдун Ананьев мөмөпитомниги эң жакшы болуп саналат, ал алманын перспективдүү «Глостер», «Дикавери», «Ред Дюлешес», алмуруттун бактерия күйүгүнө туруктуу болгон  «Беремока» жана «Фиерия», гиластын – «Ленинградская черная», алчанын- «Шпанка крупная» сортторун өстүрүү менен алектенет. Перспективдүү питомниктер болуп Барскоон айыл управасындагы «Тара» жана «Момо Жемиш» саналат, алар клондук жалгагычтарда (подвойлор)-карлик жана жарым карлик көчөттөрдү өстүрүшөт.Кызыл-Суу айылынан Мурат Алышбаевдин, Адыров Самат Жениш а., Ананьевадан Казиева Раянын питомниктери жөнүндө жакшы пикирлер бар. Ысык-Көл районундагы Карал-Дөбө айылынанМурат Ачакеев өзүнүн ишин илимий негизге коюп жатат.
Ысык-Көл районунун Сары-Камыш а. жогоруда айтылган бардык питомниктерде соо көчөттөрдү өстүрүшөт, окулировдук материалды соо, текшерилген энелик бакчалардан алышат. Бардык көчөттөр Ысык-Көл үчүн райондоштурулган. Питомниктердин иштерин жакшыртуу максатында, биздин отургузуучу материладарды өндүрүүчүлөргө,клондук бактарды,алманын жана алмуруттун карликтик, жарым карликтин сортторун жаңы муундагы көчөттөрдү өстүрүүгө көңүл бөлүүгө чакырат элем. Карликтик жана пальметтик бакчалардын  тез бышуучулугу,  түшүмдүүлүгү бактардын түшүмдүүлүгүнүн жана жемиштердин жалпы өндүрүшүн көбөйүүсүнүн     маанилүү көрсөткүчү. Гиластын жана алчанын перспективдүү сортторун өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулса болмок, анын артында Ысык-Көлдүн келечеги жатат.
Мөмө өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу негизги шарттардын бири сугаруу. Суугарууну бактардын өнүгүү фазаларына туура келтирүү зарыл:
1-сугарууну гүлдөгөнгө чейин;
2-сугаруу гулдөгөндөн кийин;
3-сугаруу июлдагы мөмө байлагыч түшкөндөн кийин;
4-5- сугаруу – мөмөлөрдүн өнүгүү жана өсүү мезгилинде;
6-сугаруу – ным чогултуучу октябрдын аягында.
Шагылдын кыртышта тайыз жаткан борбордук жана батыш зоналарында сууну чыгымдоо ченемин азайтуу, ал эми сугаттын санын 800-900 м3/га эсебинде  8-10 га көбөйтүүзарыл (бакты сугаруу нормасы 1200-1500 м3).
Жер семирткичтер:Тамырлардын негизги массасы 40-80 см тереңдикте жайланышкан, ошондуктан аларга жер семирткичтерди болушунча тереңирээк берүү керек, ал кыйын, ошондуктан отургузуунун алдында берүү өтө чоң мааниге ээ болот. Ысык-Көлдүн жээгиндеги шарттарда 20т/га кык берүү, эффективдүүлүгү боюнча N180 P180 К90 кг/га т.з. (таасир берүүчү зат) минералдык жер семирткичке барабар. Бакчаны отургузуу үчүн кыртышты даярдоодо органикалык (40-60 т/га) жана минералдык жер семирткичтердин(N120 P120-180 К60-90 кг/г) сунушталган нормасы берилсе, анда жаш бактардын  мөмө байлоосу башталганга чейин, бактарга жер семирткичтерди берүүнүн кереги жок.
Мөмө байлаган бактарда, азыктануунун кыймылдуу элементтеринин кыртыштагы кармалышына жарашаNPK берүү сунушталат. Катарлардын аралыгында чөп өстүрүлсө жана  100-150ц/га түшүмдү алыш үчүн  100-120кг/га азота т.з. берүү керек.
Кыртышта жеткиликтүү фосфор болсо 1 т кыртышка 10мг чейин фосфордук жер семирткичтер 120-150кг/га т.з. эсебинде берилет.
10-15мг болгондо-120кг чейин; 15тен 30мг чейин -75-90 жана 30-45 берүү нормасы 45-60кг/га т.з. азайтылат.
Калийдик жер семирткичтер 100мг чейин 1кг га 90-110кг/га т.з. берилет;
100-200мг – 75-90кг/га т.з.
200-300мг – 60-75 кг/га т.з.
400мг көбүрөөк -45кг/га К20

Жемиш бактарынын илдеттери жана зыянкечтери боюнча эмнени билебиз?
Ысык-Көл жээгиндеги бакчаларда эң кеңири тараган зыянкечтер болуп күрөң мөмө кенеси, ар кандай биттер, жибек көпөлөктөр жана мөмө жегичтер, алма күбөсү, алманын гүл жегичтери саналат.
Илдеттерден:ак кебер, парша, бактериалдык тамыр  рагы, цитоспороз, мөмө чириги же монолиоз.
Паршанын, мөмө чиригинин, ак кебердин инфекцияларынын жалпы булагы ар кандай түрдөгү микроскоптук козу карындар. Жана сатыкта болгон бардык фунгициддер так ошол козу карындарды басууга эсептелген. Андан да  коркунучтуусу тилкеде бактериялар менен жабыркаган бактардын пайда болушу: алар курт-кумурскалар менен гана тарабастан, жаан, шамал, ошондой эле кесүүдө жана кыйыштырууда жаракаттар аркылуу тарашат. Мындай илдеттерге кабыктын бактериялык некрозу, тамырлардын бактериялык рагы жана мөмөлөрдүн бактериялык күйүгү кирет.  
Бардык бул препараттар зыянкечтин тирүү организмине ар кандай таасир этет жана ошондуктан бир эле препаратты дайыма пайдаланууда организмде иммунитет, ошол препаратты кабылдабастык  иштелип чыгат.
Биздин учурда жемиш бактарынын өсүүсүнө зыян келтирүүчү  жашыл биттер боюнча. Биз ар кандай инсектициддерди кийинки дарылоолордо алмаштырууну сунуш кылабыз. Биздин багбанчылар инсектициддер менен иштөөгө үйрөнүшкөн, бирок фунгициддер менен  бардыгы иштей албайт, ал эми акарициддер тууралуу иш жүзүндө эч нерсе билишпейт жана алманын кыргычы күрөң мөмө кенеси болсо да өздөрүнүн ишинде аларды колдонушпайт, ал эми карагат август айында карагат кенеси менен жабыркап күрөң же кочкул кызыл болуп турат.
«Мөмөлөрдүн бактериалык күйүгүнө» өзгөчө токтолуп кетким келет. Бул карантиндик объект менен жуктурулган аянт облус боюнча бүгүнкү күндө -6,47 га түзөт.Алмуруттун «Талгарская Красавица», «Лесная Красавица», «Дюшес» «Мартовский гибрид» сортторуна, алманын «Аппорт Александрова», «Превосходная», жапайы өсүмдүктөрдөн –Кадимки долоного жугуп жатат. Мөмө бактарынын күйүгүн «Frvinia amulovora» бактериясы козгойт, бул миңдеген гектарларга отургузулган бактарды жок кыла турган карантиндик илдет. Аны менен күрөшүү үчүн:

  1. Соо болгон отургузуучу материал тандоо. Ал үчүн питомниктерден, колдон, базардан жуктурулган отургузуучу материал сатып албаш керек. Биринчи, көчөттөр өстүрүлүп жаткан жерге адистер менен кошо барып көрүп, анан сатып алуу керек. Жакшы питомниктер сапатка кепилдик бербейт, анткени илдет жашыруун фазага ээ. 
  2. Биринчи белгилери, жалбырактарда каралар пайда болот, көпчүлүк учурларда сабактын учу «Койчунун аса таягындай»  ийилип калат. Бул учурда тезинен жабыркаган сабактарды кесип, өрттөп салуу керек. Ар бир кесүүлөрдөн кийин секатор, араа, бакча бычагын дезинфекциялоо керек. Эгерде буларды жасаба, анда бир ооруган сабак 300 соо бактарга жуктурууга жөндөмдүү. Өсүмдүктөрдү тамыры менен жулуп салуу жана өрттөөдө бактардын кургашы 30% жана андан көпкө жетет. Кесүүнү өткөн жылдагы өсүүнүн төмөнкү чегинен жүргүзүү керек же, эгерде бардык шакка жуктурулган болсо  70 см чейин. Милдеттүү түрдө аткарылуучу элемент кесүүчү аспапты10% жездин купоросунун эритмеси, 70% метил спирти же 10%  Na гипохлоридинин эритмесименен дезинфекциялоо болуп саналат, кесиктерди болсо 1% жездин купоросу менен дезинфекциялоо жана аларды бакча вары же эмульсиялык баёгуч  менен сыйпоо.
  3. Жапайы өскөн тоют өсүмдүктөрүн, өзгөчө  бакчадан 500 м жакын аралыкта өсүүчү долонону жана кызылдарды жок кылуу.
    Бактериалык күйүк жолуккан жерлерде азоттук жер семирткичтерди чектөө же толугу менен колдонуудан баш тартуу керек;
  4. Аарыны уюгу менен илдет жуккан бакчага алып келүүгө болбойт.
  5. Илдеттин зыянкеч-жуктуруучуларына каршы бакчаларды химиялык дарылоо (биттер, алма бүргөлөрү ж.б. курт кумурскалар) жүргүзүү.
  6. Илдет жуктурулаган отургузулган бактарда жайкы кесүүлөрдөн баш тартуу.

7. Инфекциянын таралуу очокторунда өсүмдүктөрдү коргоонун эффективдүү методу болуп гүлдөө мезгилинде антибиотиктерди пайдалануу саналат. Эң таанымал болуп стрептомицин саналат, биринчи гүлдөр ачылганда  биринчи жолу 1 л сууга 1гр эсебинде чачуу, экинчи жолу массалык гүлдөө мезгилинде жана гүлдөп бүтөөрү менен үчүнчү жолу чачуу.

Мөмө өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери жана илдеттери менен күрөшүү чаралары

  1. Күзүндөсууктар башталганга чейин

(Кыштоочу стадиядагы зыянкечтер менен күрөшүү жана күндүн-сууктун күйүктөрүнөн коргоо үчүн)
Өсүмдүктөрдүн калдыктарын жок кылуу, сөңгөктөрдүн тегерегин, катарлардын ортосун казуу, штамбдардын өлүп калган кабыктарын жок кылуу, скелеттик шактардын өзөгүн 20%-30% акиташ сүтү же чопонун акиташ эритмеси менен актоо (2-3 кг чопо жана 1 кг акиташ 10 л сууга) керек.
2. Кышкы мезгил
(Зыянкечтер жана ак кебер, кара рак, парша жана башка илдеттерди козгогучтар менен күрөшүү)
Кургап калган,жабыркаган сабактарда жана шактарды кесип жана жок кылуу, зыянкечтердин кышкы уяларын жана катып калган мөмөлөрдү алып өртөө керек.

  1. Бүчүрлөр көпкөнгө чейин 4 градустан төмөн болгондо (кенелердин, биттердин,паршаны жана башка илдеттерди козгогучтардын кыштоочу стадиясын жок кылуу)

Талстар КЭ  0,4-0,6лга, Пиларстар КЭ 0,4-0,6лга,Тристар 0,4-0,6лга, Децис Экстра КЭ 0,04-0,06лга  ж.б. препараттар менен чачуу.
Илдеттерди козгогучтарга каршы  бордо суюктугу менен  30-60кгга(же фунгициддер менен Полирам ДФ 1,5-2,5кгга, Строби ВДГ 0,14-0,2кгга Терсел 2-2,5кгга чыгымдоо нормасында пайдалануу.

  1. Ачыла элек гүлдөр фазасы-күлгүн бутон

(Жалбырак жечү зыянкечтердин комплексине жана ак кебер, парша ж.б. илдеттерге каршы)
Бактардын сөңгөктөрүн жана скелет бутактарын кайрадан акиташ сүтүн 1% жездин  купаросу менен актоо сунушталынат.
Фастак 10% 0,1-0,3лга,Кинмикс 5% 0,32-0,48лга,Талстар 10% 0,4-0,6лга,Димилин 48% 0,1лга, Конфидор 20% 0,15-0,25лга, Каратэ5%0,4-0,8лга,Суми-Альфа 20% 0,13-0,25лга БИ-58 жаңы 40% 1,1-1,9лга,Нурелл-Д 55+5% 1,5лга.
Илдеттерге каршы-Топаз 10% 0,2-0,5лга,Байлетон25% 0,15-0,2кгга,Топсин М 70% 1-2кгга, Фундазол 50% 1-2кгга.
5. Гүлдөп бүтөөр замат.
(Зыянкечтер жана илдеттерге каршы)
Гүлдөп бүтөөр замат(желекчелери түшкөндөн кийин) паршага, кара ракка жана башка илдеттерге, ошондой эле зыянкеч-жуктуручуларга каршы айкалыштылырган чачуулар.
Жогорудагы аталган препараттар менен чачуу.
6. Гүл ачкандан 15-20 күндөнкийин
(Зыянкечтер жана илдеттерге каршы)
Айкалыштырылган кайталап чачуу.
Дарылоону жогорудагы аталган препараттар менен кайталоо.

  1. Түшүм жыйноого бир ай калганда

(Вегетация мезгилинде илдеттерге каршы)
Илдеттерге каршы -Топаз 10% 0,2-0,5лга,Байлетон25% 0,15-0,2кгга,Топсин М 70% 1-2кгга, Фундазол 50% 1-2кгга.
8. Вегетациянын ичинде
Түшкөнмөмөлөрдү жыйноо жана жок кылуу, соолуп калган сабактарды кесүү жана өрттөө.

Меры борьбы с вредителями и болезнями плодовых культурПрииссыккулья
Добрую славу заслужили фруктовые сады Иссык-Куля, где произрастают известные далеко за пределами Кыргызстана сорта груш «Лесная» и «Талгарская красавица», яблоки «Алма-Атинский», «Кроваво красный аппорт», «Превосходная»,«СтарКримсон», «ТомКинсКинг», «Аппорт Александрова» и другие плодовые культуры. Но за ряд последних лет по объективным и субъективным причинам сильно изменилось структура посадочных площадей и объем производимой продукции, но благодаря суверенной политики нашего государства, в настоящее время значительно увеличились площади закладываемых фруктовых садов.

Низкая урожайность садов является плохой организацией труда, сады садятся бессистемно, сорта размещают без учета сроков созревания, что затрудняет уборку и приводит к большим потерям. Старые сады посажены редко 150-200 деревьев на 1га. Особенно изрежена сады в Тюпскоми Тонском районе.
В Прииссыккулье выделены 3 зоны садоводства: Восточная,Центральная и Западная.
Восточная зона менее благоприятна для садоводства, так как зима здесь более холодная. Поэтому здесь следует выращивать более устойчивые сорта к низким температурам.
Центральная зона-наиболее перспективна для промышленного садоводства, высококачественных сортов семечковых и косточковых культур, особенно абрикоса, черешни и ранних сортов персика. Она должна сыграть важную роль в снабжении курортов и пансионатов.
Западная зона с маломощными,каменистыми почвами более выгодна для садоводства,чем для возделывания других с/х культур. В целом в области рекомендуется возделывать по 20% садов в Западной и Восточной частях и 60% в центральной части.
Рекомендуемая схема посадки зависит от используемых подвоев оптимальной является на сильнорослых семенных подвоях 300-400 деревьев на 1га или 4*5м.
В цельях развития продукции садоводства у нас успешно работают как крупные так и мелкие плодопитомники, которые обеспечивают сельхоз производителей доброкачественным посадочным материалом с большим ассортиментом различных сортов. Одним из лучших на мой взгляд, является Ананьевскийполодопитомник Куликова И.И. который занимается вырашиванием перспективных сортов яблонь «Глостер», «Дикавери», «Ред Дюлешес», груши- более устойчивых к бактериальному ожогу -»Беремока» и «Фиерия», черешни – «Ленинградская черная», вишни- «Шпанка крупная».
Перспективными питомниками является «Тара» и «МомоЖемиш» в Барскоонской сельской управе, которые выращивают саженцы на клоновых подвоях – карлики и полукарлики.
Хорошие отзывы идут о питомниках Алышбаева Мурата из.с.Кызыл-Суу, АдыроваСамата из с.Жениш, Казиева Рае из Ананьева.
На научную основу ставит свою работу Ачакеев Мурат из с.Карал-Добо Иссык-Кульского района
В с.Сары –Камыш Иссык-Кульского района хотелось бы отметить, что все выращиваемые культуры в выше перечисленных питомниках выращивают здоровые саженцы, окулировочный материал берут от здоровых, проверенных маточных садов. Все саженцы районированы для Иссык-кульской области. В целях улучшения работы питомников, хотелось бы пожелать нашим производителям посадочного материала, обратить внимание на выращивание саженцев, нового поколения, таких как клоновых деревьев, карликовых и полукарликовых сортов яблонь и груш. Скороспелость и урожайность карликовых и пальметных садов важные показатели урожайности садов и увеличения валового производства фруктов. Особое внимание, хотелось бы уделить на производство перспективных сортов черешни и вишни, я вижу за ними будущее на Иссык-Куле.
Орошение одно из главных условий, обеспечивающих повышение урожайности плодовых культур. Поливы необходимо приурочивать к фазам развития деревьев:

  • 1-й полив проводить до цветения
  • 2-й полив после цветения
  • 3-й полив после июльского опадания завязи
  • 4-5йполив -в период развития и роста плодов
  • 6-й полив- влаго накопительный в конце октября.

В центральной и западной зонах на почвах с близким залеганием галечника (до 30см) норму расхожа воды необходимо уменьшиить, а количество поливов увеличить до 8-10из расчета 800-900м3/га (норма полива сада 1200-1500м3.
Удобрения: Основная масса корней расположена на глубине 40-80см, поэтому удобрения под них следует вносить как можно глубже, что затруднено, предпосадочное внесение их приобретает исключительно важное значение. Внесение 20т/га навоза в условиях Приисссыккулья по эффективности равноценно полному минеральному удобрению в дозе N180 P180 К90 кг/га д.в.
Если при подготовке почвы для посадки сада внесена рекомендованная норма органических (40-60 т/га) и минеральных удобрений (N120 P120-180 К60-90 кг/г то до наступления плодоношения молодых деревьев, сады можно неудобрять.
В плодоносящих садах рекомендуется вносить NPK в зависимости от содержания в почве подвижных элементов питания.
При задержании травой междурядий и получения урожая в 100-150ц/га надо вносить 100-120кг/га азота д.в.
При содержании в почве усвояемого фосфора на 1т почвы до 10мг фосфорные удобрения вносят из расчета 120-150кг/га д.в.
При 10-15мг-до 120кг; от 15до 30мг -75-90 и 30-45 норма внесения уменьшаеться до 45-60кг/га д.в.
Калийные удобрения до 100мг на 1кг вносится 90-110кг/га д.в.
100-200мг – 75-90кг/га д.в.
200-300мг – 60-75 кг/га д.в.
Более 400мг -45кг/га К20

Что касается болезней и вредителей фруктовых садов?

Самым распространенным вредителем в садах Прииссыккулья является-  бурый плодовый клещ, различные тли, шелкопряды и плодожорки, яблонная моль, яблонный цветоед.
Из болезней: мучнистая роса, парша, бактериальный корневой рак,цитоспороз,плодовая гниль или монолиоз.
У парши, плодовой гнили, мучнистой росы общий источник инфекции разного рода  микроскопические грибы. И все имеющийся в продаже фунгициды расчитаны на подавление именно грибов. Еще страшнее появление на участке деревьев пораженных бактериями: они могут распространяться не только насекомыми, но и дождем, ветром, а также через ранки при обрезке и прививке. К таким болезням относятся бактериальный некроз коры, бактериальный рак корней и бактериальный ожог плодовых.
Все данные препараты по разному влияют на живой организм вредителей и поэтому при постоянном использовании одного и того же препарата у организма вырабатывается иммунитет, не восприимчивость к данному препарату. В нашем случае это касается обыкновенной зеленой тли, повреждающей прирост фруктовых деревьев. Мы рекомендуем чередовать различные инсектициды в последующих обработках.
Наши садоводы научились работать с инсектицидами, но с фунгицидами работают не все, а об акарицидах фактически ничего не знают и не применяют в своей деятельности несмотря на то что бичом яблонь стал бурый плодовый клещ, а вся смородина к августу месяцу стоит бурая или темно красная, поврежденная смородиновым клещом?.
Особенно хотелось  бы остановиться на «Бактериальном ожоге плодовых». Площадь зараженных садов этим карантинным объектом на сегодня составляет по области-6,47га. Заражаются груши сортов «Талгарская Красавица», «Лесная Красавица», «Дюшес» «Мартовский гибрид», из яблонь - «Аппорт Александрова», «Превосходная», из дикорастущих растений –Боярышник обыкновенный.
Ожог плодовых деревьев вызывает бактерия «Frviniaamulovora»  это карантинная болезнь, которая уничтожает насаждения тысячами гектаров. Борьба с нею заключается

  • Выбор здорового посадочного материала. Для этого нельзя покупать на питомниках ни с рук на базарах зараженный посадочный материал. Сначала надо посетить место выращивания саженцев, осмотреть вместе со специалистами, а потом покупать. Лучшие питомники не гарантируют качество, потому что болезнь имеет скрытую фазу.
  • При первом проявлении это почернении листьев и в большинстве случаев кончик побега изгибается, образуя «Пастуший посох» надо немедленно обрезать пораженные побеги и немедленно их сжечь. Секатор, пилу, садовый нож надо дезинфицировать после каждого среза. Если этого не делать, то срез одной больной ветки способен заразить до 300 здоровых. Выкорчевка и сжигание растений в насаждениях, где усыхание деревьев достигает 30% и более. . Срез надо производить ниже границы прошлогоднего прироста или до 70см если заражена вся ветвь.

Обязательным элементом является дезинфекция режущего инструмента 10% раствором медного купоро-са, 70% метиловым спиртом или 10% раствором гипохлоридаNa, дезинфекция срезов 1% раствором медного купороса и обмазка их садовым варом, либо эмульсионной краской.

  • Удаление дикорастущих кормовых растений, особенно боярышников и кизильников, произрастающих на расстоянии ближе 500м от сада.
    3. В местах обнаружения бактериального ожога ограничение или полностью отказаться от применения азотных удобрений;
  •  Не завозить улью с пчелами в зараженные сады;
  • Химическая обработка садов против вредителей-переносчиков болезни (тли, медяницы и др. насекомыми)
  • Отказ от летних зеленых операций в зараженных насаждениях.
  • Наиболее эффективным методом защиты растений в очагах распространения инфекции является использование антибиотиков в период цветения. Самым популярным является стрептомицин, из расчета 1гр на 1л воды, опрыскивать первый раз при распускании первого цветка в соцветии, второй раз в период массового цветения и третий раз перед окончанием цветения.

Меры борьбы с вредителями и болезнями плодовых культур

1.Осенью – до начало морозов
(Борьба с вредителям в зимующих стадиях и для защиты от солнечно-морозных ожогов)
Уничтожение растительных остатков, перекопка приствольных кругов, междурядий, очистка и уничтожение старой отмершей коры со штамбов, основание скелетных ветвей, побелка их 20%-30% известковым молоком или раствором глины с известью (2-3кг глины и 1кг извести на 10л воды)

2. Зимний период
(Для борьбы с вредителями и возбудителями болезней –мучнистой росы, черного рака, парши и.т.д.)
Обрезка и уничтожение засохших поврежденных и пораженных побегов и ветвей, снятие и сжигание зимних гнезд вредителей и мумифицированных плодов.

3. Весной до начала набухания почек при температуре не ниже 4градусов
(уничтожение  зимующих стадий клещей, тлей, против возбудителей парши и других болезней).
Опрыскивание препаратом: ТалстарКЭ  0,4-0,6лга, Пиларстар КЭ 0,4-0,6лга,Тристар 0,4-0,6лга, Децис Экстра КЭ 0,04-0,06лга  и т.д.
Против возбудителей болезней обработка с  бордоской жидкостью с нормой расхода 30-60кгга( или  фунгицидами Полирам ДФ 1,5-2,5кгга, Строби ВДГ 0,14-0,2кгга Терсел 2-2,5кгга.

4.Фаза обособления бутонов-розовый бутон
(Против комплекса листогрызущих вредителей и против болезней- мучнистой росы, парши и т.д.)
Повторная побелка стволов и скелетных сучьев известковым молоком с добавлением 1% железного купароса
Фастак 10% 0,1-0,3лга,Кинмикс 5% 0,32-0,48лга,Талстар 10% 0,4-0,6лга,Димилин 48% 0,1лга, Конфидор 20% 0,15-0,25лга.Каратэ5%0,4-0,8лга,Суми-Альфа 20% 0,13-0,25лга БИ-58 новый40% 1,1-1,9лга,Нурелл-Д 55+5% 1,5лга.
Против болезней-Топаз 10% 0,2-0,5лга,Байлетон25% 0,15-0,2кгга,Топсин М 70% 1-2кгга, Фундазол 50% 1-2кгга.

5. Сразу после цветения
(Против вредителей и болезней)
Сразу же после цветения (после опадения лепестков) комбинированное опрыскивание против парши, черного рака и др. болезней, а также против вредителей-переносчиков болезней.
Опрыскивание вышеуказанными препаратами.

6.Через 15-20 дней после цветения
(Против вредителей и болезней)
Повторное комбинированное опрыскивание.
Повторить обработку вышеуказанными препаратами

7.За месяц до уборки
(Против болезней в период вегетации)
Против болезней-Топаз 10% 0,2-0,5лга,Байлетон25% 0,15-0,2кгга,Топсин М 70% 1-2кгга, Фундазол 50% 1-2кгга.

8. В течении вегетации
Сбор и уничтожение падалиц, вырезка и сжигание привядших побегов.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок