Новость 7 марта
1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Н. Мурашев  Өлкөбүздөгү жалпы аялзатын 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Бүгүн, 2017-жылдын 7-мартында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Н. Мурашев Өлкөбүздөгү жалпы аялзатын 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, өз каалосун айтып сөз сүйлөдү.

Урматтуу айымдар: апалар, эжелер, карындаштар!
   Сиздерди чын жүрөктөн 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге узун өмүр, чың ден соолук каалайм. Кайсы тармакты албайлы, бардык жерде үзүрлүү эмгектенип келесиздер.  Айымдардын катышуусу менен өлкөдө алдыга жылуу болуп жатат. Кыргыз жергесинин чыгаан кыздарын татыктуу тарбиялап келе берүүңүздөрдү тилейм.Үй-бүлөдө тынчтык, бейпилдик, ынтымак болсо, мамлекетте да ынтымак  болот. Ынтымакта, биримдикте болсок, Кыргызстаныбыз гүлдөп-өсөт.
Ошол ар бир үйдө бейпилдикти камсыз кылып, ынтымакты сактагандар – бул биринчи ирет Энелер, аялдар, Аялзаты. Анткени “Аял – үйдүн куту” деп бекеринен айтылбаса керек.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок