Новость 3 марта
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Чүй обласынын Ысык-ата районунда «Эл-Дан Аталык» агрардык өнөр жай коплексинде Республикалык семинар өткөрдү

2017-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премер министри  М.Д. Абулгазивевтин катышуусу  менен Чүй обласынын Ысык-ата районунда «Эл-Дан Аталык» агрардык өнөр жай коплексинде  республикалык  семинар өткөрдү. Семинарга Республиканын бардык аймактарынын келген дыйкан фермерлер, жана райондук агрардык өнүктүрүү  башкармалары катышты. Бул иш-чарада Чүй оласынын губернатору Б. Кудайбергенов да болду.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж. Керималиев  Республиканын бардык аймактарынан келген дыйкан, фермерлерди жаз майрамы менен куттуктап, семинарды ачык деп жарыялады. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премер министри М.Д.Абулгазиев КР-нын Өкмөтү тарабынан айыл чарба жазгы талаа иштерине көңүл бурулуп  жатканын  билдирип  өлкөнүн жалпы дыйкан, фермерлерине ийгилик каалап, КР-нын туу күнү менен куттуктады.

Республикалык семинардын негизки максаты айыл чарба тармагын өнүктүрүү,  жазгы талаа айдоо иш-чараларын жакшыртуу жана ошондой эле өлкөнүн бардык аймагын  жазгы айдоо иштерине сапаттуу үрөөн, техникалар менен камсыз кылуу. Заманбап техника жана технологиялар туурасында дыйкан, фермерледи тааныштыруу болду.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок