Новость 1 марта
1144953 3 2x

Айыл чарба министри Н.Мурашев Ош обласындада эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкесине катышты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев өзүнүн Ош облусусуна болгон иш сапарынын алкагында С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргызстан «Жер Азыгы» Агро-ишкерлер бирикмеси 15-жылдык юбилейине арналган Андижан өрөөнүнүн «AgroExpo Жибек жолу» боюнча өтүп жаткан он үчүнчү эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкесине катышты.
Кыргызстан «Жер Азыгы» Агро-ишкерлер бирикмесинин негизги максаты Фергана өрөөнүндө соода мамилелерин жакшыртуу үчүн эл аралык айыл чарба, тармагын өнүктүрүү жана аймактык рыноктун соодагерлери менен биргеликте иш-чараларды уюштуруу болуп саналат.
Эл аралык айыл чарба, көргөзмөжарманкесине Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Голландия, Германия, АКШ жана Түркия, Нидерланды жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын ар кайсы тармактарынын өкүлдөрү келди. Айыл чарба министри Н.Мурашевге жарманкенин катышуучулары жазгы талаа иш-чаралары тууралуу суроолорду узатып, жооп алышты. Айыл чарба министри Н.Мурашев иш чаранын катышуучуларына ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок