Новость 27 февраля
1144953 3 2x

Төө буурчак өсүмдүгүнүн зыянкечтери, илдеттери жана ага каршы күрөшүү чаралары.

         Төө буурчак жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктүн катарына кирет. Уругу 10-12 градус жылуулукта болгондо өнүп чыгат. Эгер температура 0.5 +1 градуста болсо өнүп келе жаткан өсүмдүктү үшүккө чалдыктырат. Кээ бир төө буурчактын сорттору мындай суукка туруктуу келет, эрежеге ылайык кочкул түстүү төөбуурчактар 2 градус суукка чыдамдуу келет.
Төө буурчак негизинен гүлдөөдөдө жаначанак байлаарда сууну   көбүрөөк талап кылуучу өсүмдүк. Төө буурчакты которуштуруп айдаганда дан өсүмдүктөрүнөн, кант кызылчасынан, картошкадан жана жашылча өсүмдүктөрүнөн кийин айдаса жакшы болот. Төө буурчак минералдык жана органикалык жер семирткичтерге да туруктуу келет. Арык жерлерге азоттуу жер семирткичтерди колдонуу талапка ылайыктуу.
Төө буурчакты себүүдө көбүнчө лопатка, кызыл чаар, китаянка, юбка, сахарная, скороспелка ж.б. сорттору себилет. Себүү кол жана техника менен жүргүзүлөт жана себүү аралыгы 70 см болот.Төө буурчактын 1га үрөөнүнүн нормасы 80-100кг түзөт. Себүүнүн алдында уруктук материалды уулантып (протравка) алуу керек. Ууландырылып себилген төө буурчак ар кандай илдеттерге чалдыгып калуунун жана эрте жаздагы өнүмдөгү чымын (ростковая муха) зыянкечинен алдын алат. Бул иш – чарат үшүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө болуп эсептелинет.
Төө буурчакты өстүрүүдө башка айыл чарба өсүмдүктөрүндөй эле зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөрү болот. Аларга каршы өз убагында туура агротехникалык жана агрохимиялык эрежелерди так аткарганда ойдогудай  түшүмдүүлүккө ээ боло алабыз.
Биринчи жуп жалбырактары пайда болгондон баштап жерди жумшартуу иш-чаралары жүргүзүлөт. Культивациялоо кол  күчү менен кетмендеп жумшартуу жолу менен жүргүзүлөт.Бул иштер жөөктөр жабылып, өсүмдүктүн мурутчалары чыга электе бутушу керек.
Төө буурчакты зыянкечтери
Тала сөрөөнүндө кездешүүчү жана төө буурчак өсүмдүгүнө зыян келтирүүчү зыянкечтер өнүмдөгү чымын (ростковая муха), тамырча шиш тумшуктар (клубеньковые долгоносики), төө буурчак данчасы (фасолевая зерновка), төө буурчак огневкасы (фасолевая огневка), кадимки желелүү кене (обыкновенный паутинный клещ), өсүмдүк бити (зеленая  тля).
Өнүмдөгү чымын (ростковая муха) - бул зыянкеч аба-ырайынын нымдуу шартында гана төө буурчакка зыян келтирүүчү зыянкеч. Кыштап чыкканы – пупарии,  4—5 мм, саргыч бозомук түстө, узунураак сүйрү болот арткы бөлүгүндө төрт тишчелери байкалып  турат. Бул зыянкечтин биринчи генерациясы май айында учуп чыгат. Жумурткаларын нымдуу топурактын (кесектердин) жарыктарына ташташат. Жумуртканын өсүп-өнүгүү мезгили  2-10күндү түзөт. Эгерде топурак кургак болуп кетсе анда өлүп  жок болушат. Жумурткадан чыккан личинкасы азыктанууга жыла баштайт жана алар бир топ жерге жылууга жөндөмдүү жана өсүмдүктүн калдыктары менен да азыктаныша берет. Өнүп келе жатканөсүмдүктүн уругундагы өнүмдү таап алышып уругун кемиришетөнүп чыккан  өнүмүн да жеп салышат. Личинкасынын өсүп-өнүгүүсү 30- 40  күн аралыгында жүрөт. Биринчи генерациянын личинкалары көптогөн өсүмдүктөрдүнөнүп келе жаткан убагында зыян келтиришет. Ал эми 2-3 генерациядагы личинкалары болсо, өсүмдүк кадимкидей терең тамыр байлап калган учурда тамырларына зыян келтиришет, бирок анча коркунучтуу эмес (биринчи  личинкаларына  салыштырмалуу).
Күрөшүү чаралары:Уруктук материалды ууландыруу (протравка), себүү мезгилинде бул тез, тегиз жана илдетсиз өнүпчыгуусуна өбөлгө  болот. Органикалык жер семирткичтерди жана минералдык жер семирткичтерди колдонууда жерге теренирээк, тегиз чачуу керекжана өсүмдүк  калдыктарынан жерди арылтуу да иш чараларга кирет.
         Тамырча шиш тумшуктар (клубеньковые долгоносики)-коңуздун узундугу 3,5 мм, канаттарынын үстү ачык жана күңүрт сызыктарга даана бөлүнүп турат, түсү көгүш келип топурак түстө болот. Курттары 5мм узундукта жана ийрилген, түсү агыш башы ачык күрөң болот. Коңуздар жер кыртышынын үстүнкү катмарында өсүмдүктөрдүн калдыктарынын астында кыштап чыгышат. Жазында апрель айында чыгышат да көп жылдык чанактуу  өсүмдүктөр менен азыктанышат. Качан гана бир  жылдык чанактуу  өсүмдүктөрдүн өнүмдөрү чыккан кезде, аларга көчүп келип зыян келтире башташат. Жумурткасынын эмбрионалдыкөнүгүүсү 7-36 күн. Жумурткадан   пайда болгон курттар тамырдагы азот чогултуучу түймөкчөлөрдүн  ичине киришет жана аны  менен азыктанышат. Курттардын өнүгүү циклы 29-45 кун. Жер кыртышынын 5-30 см. чейинки катмарында куурчакчага айлануу 8-11 күндө өтөт. Июльдун аягы, августтун башында жаңы муундагы конуз чыгат. Өсүмдүккө конуздары жана курттары дагы зыян келтиришет. Коңуздар жалбырактарын четинен оюк кылып жейт, өсүмдүктөрдүнөнүүсүнө зыян  келтирип коркунуч алып келет. Бул зыянкеч өсүмдүктүн толугу менен жок болушуна, жалбырактардын 50 % зыяндалышы тушумдун 47% төмөндөшүнө алып келет. Курттары тамырдагы азот чогултуучу түймөктөргө зыян келтирүүсүтүшүмдүн төмөндөшү жана тамыр түймөктөгү, кыртыштагы азоттун азайышына алып келет, тамырдан жаракатынан илдеттерди  козгогучтары кирүүсүмүнкүн.
Төө буурчак данчасы (фасолевая зерновка)конуздун денесининүстү  бозомук жана саргыч бозомук түктөр менен капталган, көптөгөн даана көрүнбөгөн тактуу болот. Денесинин узундугу 2.8-3.5мм. куртунун  буту жок денеси 5мм узундукта болот. Зыянкеч кышкысынүйүлгөн дандын арасында, жер кыртышында өсүмдүк калдыктарынын арасында кыштайт. Кышкысын, эгер сактоочу жайда ынгайлуу шарт болсо 1-2 муун өнүгөт, жайкысын дагы 1-2  муун  берет.Жазында коңуздар 2.5 км.чейин уча алышат, алар ар кандай чанактуу өсүмдүктөрдүн гүлү, чанчалары менен азыктанышат. Жумурткасын төө буурчактын чанактарынын тигишине 20-40 га чейин топ-топ кылып ташташат. Жумуртканын өнүгүүсү 5-11 күн, андан соң  жумурткадан  чыккан курттар чанактан өтүп, дандын ичине киришет, андан аркы жашоо циклы дандан ичинде өтөт жана курттардын өнүгүүсү 31-57 күн кетет.
Күрөшүү чаралары: которуштуруп айдоону сактоо көп жылдык жана бир жылдык чанактууөсүмдүктөрдүн ордуна төө буурчакты отургузбооүрөөндү тандоо (толук дандуу болууга тийиш) жана аныөз убагынан кечиктирбей себүү клубендик түймөктөрдү көбөйтүүүчүн себүү алдында нитрогин менен иштетүү зыянкечтердин саны экономикалык зыяндуулук чегинен жогору болгон учурда химиялык препараттар менен күрөшүү.
Дан зыянкечтери (бобовая же акациевая огневка) төө буурчактын гүлдөп жана чанак байлаган мезгилде зыян келтирүүчү негизги зыянкечи болуп саналат.Бул зыянкеч төө буурчактын башка зыянкечтери катары эле. Огневка билинбей туруп эле өсүмдүктү бир топ зыянга учуратат (чанактагы данчалар карайып, оюктар пайда болот).

  • Көпөлөгү 22-30 мм болгон канаттары көгүлтүр киргилт болот да ак сызыгы астынкы бөлүгүнөн көрүнуп турат. Канаттары негизи кыйшык саргыч байламтадан чыгып тургансыйт.
  • Гусеницасы (курту) 15 -20 мм болуп киргилт – жашыл, киргил  күрөң же бозсаргыл түстөгү баштуу болушат.
  • Курту топуракта куурчакчанын ичиндеөсүп-өнүгүүсүн аяктап кыштап чыгат.

         Көпөлөгү майдын аягында же июндун башында кечки маал же түнкүсүн учуп чыгышат да, жумурткаларын жетиле элек төө буурчак чанагынаташташат. Жумурткалар 4 күндөн 21 күндүн ичинде өсүп жетилишет. Ушул эле курттар төө буурчактын данчасы менен азыктанышат. Зыян келтирүүсү 19 күндөн тарта 40 күнгө чейин созулушу мүнкүн. Чоң курттары куурчакча мезгилине чейин жетилишип анан  топуракка куурчакчага айланууга кетишет. Куурчакчанын ичинде 12 күндөн  17 күнгө  чейин жатышат. Зыянкеч ушинтип биздин өрөөндун  шартында 2 же 3 жолу жанырып жашоолорун улантышат.
Зыянкечтин куртунун биринчи мууну сары акацияда, викада, чинада,  горохто, ак акациядаөсүп жетилишет. Экинчи муундагысы төө буурчактын бардык сортторунда жана соянын эрте жана орточо бышкан сортторуна зыян келтиришет. Үчүнчү мууну да орто жана кеч бышуучу сорттордогу төө буурчактын данчаларына зыян келтиришет.
Мына ушул себептүү төө буурчак айдаган фермер дыйкандардын эсине салып кетүүчү нерсе, бул зыянкечтен да билинбей олтуруп түшүмдүүлүк төмөндөп кетүүсүн эскертебиз. Зыянкечтөө буурчактын данчасын кемирип жейт, данчада оюктар пайда болот.Зыянкечке каршы химиялык жол менен иштетүү талапка ылайыктуу болот. Иштетүүдөбул мезгилде төө буурчактын жөөктөрү бири-бири менен жабылып калгандыгына байланыштуу асынып жүрмө чачкычы менен же капталдап чачуучу трактордун жардамы менен  химиялык  иштетүүнү жүргүзсө болот.
Дан огневкасына каршы төмөнкү препараттар менен химиялык иштетүү жүргүзсө болот.

  • Би – 58, 40% к.э -иштетүүнормасы - 0.5—0.9 лга.
  • Пикет, 10% к.э. - 0.1 лга
  • Фастак, 10% к.э.-0.1 лга.
  • Супер Альфа, 20% к.э. -0.08 лга
  • Карате, 5% к.э. - 0.15 лга.

Мындан сырткары терең жерди тоңдурма жасоо, көпөлөктүн учуп чыгуусун азайтат.
Кадимки желелуу кене (обыкновенный паутинный клещ) кышындагы кененин өнү саргыч кызгылт, жайкы өңү болсо бозомук жашыл. Үстүнкү щетинниктери 6 катарлуу куйрук жагында жок. Узундугу 0,3-0,45мм. 4 буттуу. Жалбырактын  астынкы бөлүгүндө адатта жайгашышат. Колониясы менен жашашат, олтурган жалбырактарын жеңил желечелер менен каптап алышат да жалбырактын согу менен соруп, азыктанышат. Азыктана башташканда жалбырактардын бетинде ачык түстөгү точкалар бири-бирине жакындашып (сливаются) чоноё баштагандай болуп көрүнөт. Ошентип жалбырак толугу менен жабыркайт жана куурап түшүп калат.
Күрөшүү чаралары: өсүмдүк калдыктарын аянттан тазалап салуу,отоо  чөптөрдөн арылтуу, кадимки желелүү кене пайда болгондон баштап төө буурчак аянтында химиялык иштетүүнү колдонуу керек. Химиялык иштетүү негизинен инсекто-аккарациддер менен жүргүзүлөт.

  • Политрин КА, 31,5 % к.э., норма-1.0кг.л/га.
  • Политрин Форте, 44% к.э. норма – 1.0кг.л.га.
  • Дельфос, 36 % к.э. норма – 1,25л /га.
  • Омайт, Промайт 57 % к.э. –   1.3 л/га.
  • Циперфос, 55% к.э. норма – 1-1.5 л/га.
  • Карате, 5% к.э. норма – 0,4 л/га и др.

         Соруп зыян келтирүүчүөсүмдүк бити (тля) жалпы таралган зыянкеч болуп эсептелинет өсүмдүк биттеринин ичинен эң эле чоңу болуп эсетелинет. Тля өсүмдүктүн жаш бутактарында, жалбырагында жана гүлдөрүндө жашайт, өсүмдүктүн ширесин соруп алат, өсүмдүктөрдүн вирус илдетин ташуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Өсүмдүк жалбырагынын буралуусу, анын андан ары өсүшүн басандатат, гүлдөрдүн кургап калышына, данчанын салмагынын, санынын азайышына, жабыр тарткан өсүмдүк түшүмдүүлүктүн кескин түрдө төмөндөшүнө алып келет. Бул зыянкеч вегетация мезгилинде 4-10 га чейин муун бере алат. Зыянкечтин өсүп -өнүгүүсүнөжылуу жана бир калыптагы нымдуу аба - ырайы жакшы шарт түзөт, 16—17 градус жылуулукта.
Төө буурчак өсүмдүгүнүнг зыянкечтерине каршы төмөндөгүдөй иш чараларды сунуштайбыз: Которуштуруп айдоону сактоо, көп жана бир жылдык чанактуу өсүмдүктөрдүнордунатөө буурчакты отургузбоо, үрөөндү тандоо (толук дандуу болууга тийиш) жана аны өз убагынан кечиктирбей себүү, клубендик түймөктөрдүкөбөйтүүүчүн себуу алдында нитрагин менен иштетүү.

  • Зыянкечтердин саны экономикалык чегинен (ЭПВ) жогору болгон учурда химиялык препараттар менен күрөшүү.
  • Пикет, 10% к.э. иштетуу нормасы- 0,15-0,2л кгга,
  • Моспилан, 20% р.п. --- 0,5лга,
  • Каратэ, 5% к.э.  --- 0,15 л.кгга,
  • Би -58, Новый 40% -- 0,5-0,9 л.кгга.

Төө буурчактын илдеттери
ФУЗАРИОЗ - булл илдеттин кеңири тараган формасы тамыр чириги илдеттен тамыр жана тамыр моючасы жабыркап өсүмдүк куурап калат. Бул форма өсүп - өнүгүүсүн баштапкы фазасында коркунучтуу(өнүү учурунда). Тамыр чиригин байкоо оной, тамыр моюнчасында гүлгүн же ак кебер пайда болот. Фузариоз узакка созулган нымдуу аба ырайында, жер кыртышынын ашыкча нымдуулугунда куч алат. Ал эми нымдуу топуракта тамырдын илдетке урунбаган жерлеринде көптөгөн майда тамырчалар өсүп чыгат да алардын жардамы менен өсүмдүк жайы бою өлбөй тура берет. Башкача айтканда, жакшы өсүп жаткандай сезилет бирок ал жайы менен жашоо үчүн күрөшө берип, түшүмдүүлүгү жокко эссе болуп калат. Илдет козгогучтары топуракта жашагандыктан алар өсүмдүктөргө илдетке чалдыккан тамырлар аркылуу жугат.
Күрөшүү чаралары:

  • Уруктук материалды тандоо,
  • Ууландыруу (протравка)
  • Которуштуруп айдап себүүнү так аткаруу,өсүмдүк калдыктарын жок кылуу.
  • Химиялык жол менен күрөшүү чараларын колдонуу.
  • Оору башталганын байкаган учурунда тез арада культивация жүргүзүү.

         Антракноз - өсүмдүктөрдүнүстүнкү органдарынын бардыгын жабыркатат. Өнүмүндлө урук үлүшүндө пайда болгон кызгылт күрөң тактар аркылуу билинет. Жалбырактарында астынкы бетинен баштап карарат суук жамгырлуу аба ырайы илдетти күчөтөт. Урук аркылуу, вегетация мезгилинде курт-кумурскалар аркылуу,  жамгыр аркылуу  жугуучу илдет.

Күрөшүү чаралары:

  • Сорттолгон таза уруктук материал.
  • Которуштуруп айдап – себүүнүн так көзөмөлдөө  (3-4жыл)
  • Уруктук материалды фунгициддер менен протравкалоо (ууландыруу)

Фосфор-калий жер семирткичтери жер кыртышынын асылдуулугуна карата Р 45-60, К 30 кг таасирдуу затты тузот. Фосфор калий жер семирткичи айдоо алдында себилет да, өсүмдүктүн тамырлашына, өсүп өнүгүшүнө, түшүмдүүлүгүнөтүздөн-түз таасир берет жана  табияттын татаал шарттарына,ар кандай илдеттерге чалдыгуусуна  туруктуулугун жогорулатат.

Бактериялык илдеттери:

Бактериоз--- бул илдеттин бир нече түрлөрү бар. Кеңири таркаган жана зыяндуу туру бактериялык боз так илдети. Илдет өсүүнүн ар кандай фазаларында жана ар кандай бөлүктөрүндө пайда болот. Өнум фазасында урук үлүшүндө адегенде саргыч, кийинчерээк бозомук тактар пайда болот. Жалбырактарында көбүрөөк бөлүгүн ээлеп калат. Тактардын чоноюшу менен түсү бозоруп кургап, акырындык менен жукарыпүбөлөнө баштайт да жалбырактарда тешиктер пайда болот. Булл илдеттен жабыр тарткан өсүмдүктөрдүн түшүмү 50% чейин жоготууга учурайт. Бактериоз илдети үрөөндөбир нече жылга чейин сакталат. Өсүмдүктөргө жамгыр жана  шамал аркылуу жугат,инфекцияны  өсүмдүктөрдүн  механикалык жаракаттар жана мурутчалары аркылуу кабыл алынат.
Күрөшүү чаралары:

  • Илдетке чалдыкпаган урөөндөрдү колдонуу
  • Үрөөндү ууландырып (протравка) себүү.
  • Өсүмдүктөрдүн калдыктарын терең айдоо, которуштуруп айдоону сактоо.
  • Оорунун белгилери байкалса, гүлдөөр астында кошумча азыктандыруу.
  • Ооруларга туруктуу сортторду себүү.

Мына ушундай илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн бирден бир ыкмасы бул агротехникалык жана агрохимиялык иш-чараларды толук колдонуу болуп эсептелинет.

  • Жерди терең айдоо
  • Тура которуштуруп, б.а. бир жерге 3-4 жылдан кийин кайра себүү.
  • Дан эгиндеринен, картошкадан, кант кызылчасынан кийин себүү да жакшы натыйжа берет
  • . Тигүү мөөнөтүн туура сактоо
  • Отоо чөптөрүн жок кылуу гербициддердин жардамы менен.
  • Пивот, 10% к.э. 1л га, Глифосат от 36 до 48% в.р. – 4-5 кг.га.
  • Минерал жер семирткичтерин колдонуу
  • Себүүнүн астында үрөөн ууландыруу (протравка) Фундазол, 50% с.п. - 3 кгт, ТМТД 80% с.п. - 3 кгт., марганцовканын маламык кошулмасы менен уруктук материалды аралаштырып, андан кийин суу менен чайкап, күнгө бир нече күн жайып кою да жакшы натыйжа берет.
  • Өсүпөнүү мезгилинде зыянкечтердин саны зыяндуулук көрсөткүч чегинен жогору болуп кетсе, анда инсектициддердин жардамы менен зыянкечтерге каршы иштетүү талап кылынат. Децис, 2.5% к.э. 0.2-0.3 лга. Фастак, 10% к.э.-0.15—0.2 лга, Диазинон, 60% к.э. 2-3 кгга жана башкалар.
  • Илдеттерине каршы иштетүүдө фунгициддерди колдонуу керек (фузариоз бактериоз и антракноз.) Фундазол, 50% с.п. - 3 кг га

Үрөөндүк материалды сактоодо температурасы 10 градустан төмөн болушу керек, бул тоо буурчактын данчасына каршы (против фасолевой зерновки) колдонулуучу бирден бир ыкма.

Вирустук илдеттер              обыкновенная   мозаика

Бул илдет менен бардык өсүмдүк жабыркайт бирок мүнөздүү белгилери жалбырактарынан билинет. Жалбырактары мозаикалык түскө келип жалбырактарында томпоктор пайда болот, жээктери ичин коздой кайрылат, өсүмдүк начар өнүгөт, тамыр системасы начарлайт. Илдетке чалдыккан өсүмдүктүнтүшүмү кескинтөмөндөйт же такыр түшүмболбойкалышы күтүлөт. Мозаикаөсүмдүктүн ширесиндеги вирустар аркылуу жабыркатат, вегетация учурунда өсүмдүк битчелери канаттуулар аркылуу жайылат. Кургакчылыкта тез өөрчүйт вирус уругунда сакталат.
Күрөшүүчаралары:гүлдөгөнгө чейинөсүмдүккөүзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү жана илдетке чалдыккандарын жок кылуу.

Талас областында тоо буурчактарын өстүрүүдө колдонулуучу жер семирткичтер.
Азот жер семирткичи:аммиачная   селитра -34%, карбамид-46%,
Сульфат аммония-21%
Фосфордук жер семирткичтер:суперфосфат-15-19%,аммофос-46%
Калийдик жер семирткичтер хлористый калий-60%
Комплекстуу (содержащие 2 и более элементов):АФУ – азотно-фосфорное удобрение,
КАФУ – калийно-азотно- фосфорное удобрение,  
АФКУ – азотно- фосфорно- калийное удобрение (азофоска),
Диаммофоска и другие. Бардык жер семирткичтердин эффективдүүлүгү топурактын 60-70 % нымдуулугунан көз каранды.

Болжолдуу сунуш кылынган 1 га аянтка минералдык жер семирткичтердин өлчөмү.


Өсүмдүк

Жер семирткичтин элементтери

Чачуу нормасы кг   га

Из расчета на 100% содержание питательных веществ

В пересчете на физический вес удобрений

Төө буурчак

Азот (N)

 

 

Фосфор (Р2О5)

 

Калий (К2О)

30 – 45 кг д.в.

 

 

 

 

60 – 90 кг д.в.

30 кг д.в.

100 – 130 кг аммиачной селитры
или
70 – 100 кг карбомида
или
150-200 кг сульфат аммония

150 – 200 кг аммофоса
или
400 – 500 кгсуперфосфата

50 кг хлористого калия

Төө буурчактын отоо чөптөрүнө каршы гербициддердин колдонулушу.
Гербициды сплошного действия
Глифосат - действующее вещество от 36% до 50% в.р.
Торговые названия - Ураган, Свипер, Сонраунд, Глифарт, Глифтаг, Фараон, Фараон Форте, Ураган Форте и другие.

  • Гербициды избирательного действия
  • Пивот (д.в. – Имазетапир 10% в.к.)
  • Торговые названия – Пивот, Пират, Синвот, Пикап и др.
  • Базагран (д.в. – бентазон   48 к.э.)
  • Торговые названия – Базагран, Синдагран, Базагро и др.
  • Стомп (д.в. – пендиметамин 33% к.э.)
  • Торговые названия – Стомп, Степ, Тумар, Бестсток и др.
  • Гезагард (д.в. – прометрин, 50: к.с. и с.п.)
  • Торговые названия - Гезагард, Гезатрин и др.
  • Зеллек Супер (д.в. – галаксифоп – П- метил 10.4% к.э.)
  • Торговые названия - Зеллек Супер, Галокс Супер и др.
  • Арамо (д.в. – тепралоксидим 4.5% к.э.)
  • Торговые названия - Арамо.

     Талас өрөөнү боюнча төө буурчакты өстүрүү жылдан жылга көбөйүүдө. Ошого жараша төө буурчакөсүмдүгүнүн зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөрү менен күрөшүү да жыл сайын жакшы жолго коюла баштады. 2015 жылы төө буурчак боюнча байкоо жүргүзгөн аянт 39202 га түзсө, 2016 жылы болсо, 36225га аянтты түздү. 2015- жылга салыштырмалуу 2016- жылы төө буурчак аянттарында зыянкечтердин да, илдеттердин да саны көбөйгөндүгү жана кээ бир зыянкечтердин саны вегетация мезгилинде зыяндуулук көрсөткүч чегинен (ЭПВ) ашып кеткендиктерин байкоолордун негизинде көрүндү.
Төө буурчактын зыянкечтер боюнча алганда 2016 – жылы байкоо жүргүзүлгөн аянт – 36225га:
Өнүмдөгү чымын – 2630 га аянтта зыяндуулугун көрсөттү жана анын ичинен 1178 га аянт зыяндуулук көрсөткүч чегинен ашып кеткендиги жана ага каршы 532 га аянт химиялык жол менен иштетилди жалпы бакоо жүргүзүлгөн аянт 36225га дын ичинен.
Тамырча шиш тумшугу – 217 га аянтта зыяндуулугун көрсөттү анын ичинен 151 ЗКЧ (ЭПВ) тузду жана 22 га аянтта химиялык жол инсектициддердин жардамы менен зыянкечке каршы иштер жүргүзүлдү.
Кадимки желелуу кене боюнча алганда зыян келтирген аянт – 3613га тузду, анын ичинен ЗКЧ (ЭПВ) 187 га, бул жылы жалпы турдо каптады, химиялык иштетүүинсекто – акарициддердин жардамы менен 187 га аянтта иштетилди.
Огневка – зыян келтирген аянт 1238га, зыяндуулук 1-15% өсүмдүктөхимиялык иштетүүколдонулган жок.
Тоо буурчак данчысыбоюнча – зыян келтирген аянт 346га тузду, анын ичинен ЗКЧ (ЭПВ) корунгон жок, химиялык иштетуу жургузулгон жок.
Осумдук бити – зыян келтирген аянт 3640 га түздү (аба – ырайынын жагымдуу шарты болуп турду зыянкеч). ЗКЧ 22 га түздү, химиялык жол менен иштетүү жүргүзүлдү.
Төө буурчактын илдеттери боюнча байкоо жүргүзүү – 36225га.
Фузариоз – илдет каптап кеткен аянт – 6527га, өсүмдүктү 10% 30% ке чейин жабыркатты, химиялык иштетүү фунгициддердин жардамы менен комплекстүү илдеттерге каршы 22га аянтта жүргүзүлдү.
Бактериоз – илдетке 1032 га аянт чалдыкты, өсүмдүктү 1 %.10%ке чейин жабыркатты.
Антракноз – 63 га аянттагы төөбуурчак өсүмдүгүн жабыркатты. 1% - 3% ке чейинки өсүмдүк жалбырагын жабыркатты.
Вирустук илдеттерден (мозаика) 2016 – жылы бул илдет байкоо мезгилинде байкалган жок, илдетке тоо буурчак өсүмдүгү жабыркаган жок.
Ак кебер илдети (мучнистая роса) – бул илдетке чалдыккан 54 аянттагы төө буурчак болду.Өсүмдүккө негизинен көп коркунуч алып келген жок.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок