Новость 24 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында агрозооветокуулары улантылды.


Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу окутуу тобу Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында  агрозоовет окууларды өткөрүштү.
Аталган окуулар Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлчүлүктөрүнүн облустардагы администрацияларынын коллегия өткөрүү залдарында, атайын иштелип чыккан графиктин негизинде жүргүзүлдү. Окутуу иштери 14 февралда Ошто, 15-февралда Жалал-Абадда жана 17-февралда Баткен облустарында өткөрүлүп, 400 гө жакын дыйкан-фермерлер жана адистер камтыды.
Окуу иш чарасынын программасында негизинен заманбап прогрессивдүү технологиялар (тамчылатып сугаруу, көнүскана ж.б.), жазгы талаа иштерине даярдыктар (сапаттуу үрөн, айыл чарба өсүмдүктөрүн специализациялоо, топурактын асылдуулугу, минералдык жер семирткичтер, уулуу заттар ж.б.), мал чарбачылыгы боюнча (малдын асылдандыруу, балык чарбасын өнүктүрүү ж.б.) ар түрдүү темада  лекциялар окулду.
         Окуулардын жүрүшүндө тамчылатып сугаруу системасы боюнча, үрөн менен камсыз болуу, өсүмдүктөрдүн илдеттери, топуракка анализ жүргүзүү, малдарды асылдандыруу жана балык багып өстүрүү маселелери боюнча көптөгөн суроолор болуп, жооптор берилди. Айрыкча «Капля Плюс» айыл чарба кооперативинин өкүлдөрүнө (Абдыраимов К. жана Жоошов Т.) кызыгуулар болуп, фермерлер мындан ары байланышта иштөө боюнча өз максаттарын билдиришти.
 Жогорудагы аталган облустарда райондордогу агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана министрликтин структуралык бөлүкчөлөрү менен биргеликте айыл өкмөттөрүнүн деңгеелинде агрозоовет окууларды жүргүзүүнү улантышат.
Ал эми министрлик тарабынан түзүлгөн окутуу тобу үстүбүздөгү жылдын  март айында Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарынын фермерлеринин жана адистеринин арасында бекитилген график боюнча агрозоовет окутууларды өткөрүү боюнча даярдыктарды көрүп жатат.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок