Новость 13 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде жылдык Коллегия өттү.

         Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде Коллегия өттү, Коллегиянын жыйынына биринчи вице премъер-министр М.Абулгазиев  катышты.
Министрлигинин орун басарлары Ж. Керималиевдин жана Э. Чодуевдин маалыматтарын угуп, коллегия төмөндөгүлөрдү белгиледи:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин орун басарлары Ж. Керималиевдин жана Э. Чодуевдин маалыматтарын угуп, коллегия төмөндөгүлөрдү белгиледи:
Республика боюнча айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 2016-жылдын колдонуудагы баалары менен эсептегенде 197 млрд. 100,8 млн. сом өлчөмүн түзүп, өсүү темпи 2015-жылга салыштырмалуу 103,0 пайызга жетти. Анын ичинен талаачылык 98 млрд. 612,2 млн. сом көлөмүндө өндүрүлүп, өсүү темпи 103,7 пайызга, ал эми мал чарбасы 93 млрд. 942,6 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 102,5 пайызга жетти. Өндүрүштүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясынын үлүшү 47,7 пайызды, өсүмдүк өстүрүү 50,0 пайызды, кызмат көрсөтүү 2,1 пайызды жана токой чарбасы 0,2 пайызды түздү.
2015-жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышынын өсүү темпи облустар боюнча төмөндөгүдөй болду: Баткен облусу – 106,5; Жалал-Абад облусу - 101,5; Ысык-Көл облусу - 102,3; Нарын облусу - 102,2; Ош облусу - 103,0; Талас облусу - 101,6; Чүй облусу - 104,4 пайызга жогору болду.
Республика боюнча өсүмдүктөрдүн бардык себүү аянты 1192,4 миң га жерди түздү, же 2015-жылга салыштырганда 6,5 миң га көбөйдү. Себүү аянтты Жалал-Абад облусунда – 2,3 миң га, Ысык-Көл облусунда 0,6 миң га, Нарын облусунда – 1,5 миң га, Ош облусунда 2,2 миң га, Талас облусунда 0,5 миң га көбөйдү. Ал эми, Баткен облусунда себүү аянты 0,4 миң га, Чүй облусунда 0,2 миң га азайган.
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жогорку киреше берүүчү, рентабелдүү жана экспортко ылайыкташтырылган айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө көп көңүл бурагандыгынын натыйжасында, арпанын себүү аянттары 10,7 миң га, күрүч-1,3 миң га, кант кызылча – 6,3 миң га, пахта – 2,3 миң га, тоют өсүмдүгү – 21,7 миң га көбөйдү. Тоют чөптөрүнүн ичинен мурдагы жылдардын көп жылдык чөптүн чабуу аянтты 305,9 миң га түзүп, жалпы себүү аянтынын салыштырма салмагы республика боюнча 25,7 пайызга жетти. Бул көрсөткүч жердин азыктандыруусун сактоо жана бекемдөө менен айдоо жерлерде жогорку деңгээлде гумустун сакталышын камсыздайт.
Ал эми, аз киреше берген, рентабелдүүлүгү аз айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары 2015-жылга салыштырмалуу кыскарды. Буудайдын аянты 26,7 миң га, май өсүмдүктөрү – 4,5 миң га, картошка – 2,3 миң га, пахта аянты 379 га аянтка азайган.
Өсүмдүктөрдүн себүү аянттарынын кыскарылышынын себеби, республиканын ички базарына арзан нан бышыруучу сапаты жогору болгон казакстандын аштык буудайынын келиши, ошондой эле суюк майдын арзандатылышы, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулушу болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегиясы күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бирге, токтом кабыл алынды:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2016-жылы айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында алып барган иштеринин жыйынтыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына:
- өсүмдүктөрдүн, айрыкча буудайдын, май өсүмдүктөрүнүн жана картошка өсүмдүктөрүнүн аянттары 2015-жылга салыштырмалуу 43 миң га аянтка азайгандыгын эске алуу менен бирге 2017-жылга эгиндердин себүү аянттарынын структурасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алышсын.
- айыл чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба азыктарынын түшүмдүүлүгүн жана асылдуулугун арттыруу боюнча кеңештерди, сунуштарды жана аларга шарт түзүү иштерин күчөтүү максатында министрликтин бөлүмдөрүнүн жана түзүмдүк мекемелердин адистери менен окуу-семинарларды февраль-март айларында өткөрүүнү уюштурсун.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, пайдаланылбай калган жер тилкелерин өздөштүрүү, кооперативдик кыймылды жандандыруу боюнча алгылыктуу иштерди алып барбагандыгы жөнүндө катуу эскертилсин.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштебей турган кайра иштетүү мекеме-ишканаларды ишке киргизүү жактарын кошумча каражат табуу (долбоор, эл аралык уюмдар жана Кыргыз-Орус финансылык фонддун) механизмдерин колдонуу менен аракеттерин жасашсын.
- Райондук мамлекеттик администрациялары менен бирдикте 2017-жылдын жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн тиешелүү иш пландарын иштеп чыгышсын жана планда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларынын жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Суу чарба жана мелиорация департаментине (Таштаналиев К.Ж.):
- Суу чарба жана мелиорация департаментинин 2016-жылы аткарган иштери алгылыктуу болгону белгиленсин.
- Чарбалар аралык мамлекеттик суу чарба объектилерин калыбына келтирүү иш чараларын жүргүзүп, аларды 2017-жылдын вегетация мезгилине толук даярдасын.
- 2017-жылдын вегетация мезгилинде чарба жүргүзүүчү субъектерди сугат суу менен өз убагында тийиштүү өлчөмдө камсыз кылуу үчүн бардык финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалансын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” Программасындагы, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясындагы каралган долбоорлордун толук аткарылбай калгандыгы белгиленсин жана Министрликтин 2017-жылдагы иш аракеттеринде каралган тапшырмаларды толугу менен аткарууну камсыз кылсын.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана суу пайдалануучулардын ассоциациясынын өкүлдөрү менен сугат сууга болгон төлөмдөрдү өндүрүү үчүн мыйзам чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышсын.
- Департаменттин курамында ишмердигин жүргүзүп жаткан мамлекеттик ишканаларды 2017-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик мекемелерге өзгөртүп түзүү иш чаралары аяктасын.
4. Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине
(Дербишалиев Ж.С.):
- 2017-жылдын жаздык эгиндеринин үрөндөрүн дарылоону жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү отоо чөптөргө каршы гербициддер жана минералдык жер семирткичтер менен керектүү өлчөмдө камсыз кылсын.
- Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштерине алдын-ала даярдыктарды көрүп, 2017-жылда айыл чарба өндүрүшүнө чегирткенин зыяндарын болтурбоо аракеттерин көрсүн. Ал эми финансы каражаттары менен толук өлчөмдө камсыз кылуу жагы финансы бөлүмүнүн башчысы А. Курманкуловко тапшырылсын.
5. Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борборуна (Тен Д.А.):
- 2017-жылдын жазгы жана күзгү айдап-себүү иштерин ийгиликтүү өткөрүү максатында айыл чарба субъекттерин сертификатталган үрөн менен камсыз кылсын.
- 2017-жылы республикадагы үрөн чарбалардын ишмердиги боюнча атайын комиссия түзүү менен алардын бүгүнкү талапка жооп бере турган деңгээлдерин так, даана изилдеп, Министрликке маалымат жана сунуш даярдасын.
6. Кыргызагробиоборборуна (Туманов Ж.Т.):
- 2017-жылы айыл чарба биотехнологиясын жайылтуу жана биопрепараттарды өндүрүү, ошондой эле жаңы ишканаларды ачуу боюнча алгылыктуу иштерди улантсын.
Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментине
(Мырзакматов У.А.):
- “Кыргыз Республикасынын мал чарбасында 2017-2021-жылдарга малдын асылдуулугун арттыруу Программасын” иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
- Республикада тандалып алынган 30 пилоттук айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу иштерин күчөтсүн.
- Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен бирдикте Суусамыр өрөөнүндөгү “карагана” тикенек өсүмдүгүн азайтуу максатында натыйжалуу иштерди алып баруу жагы тапшырылсын.
- Балык чарба тармагын өнүктүрүү максатында эл аралык уюмдар менен бирдикте иштеп жаткан долбоорлорду колго алышсын.
8. Өсүмдүктөрдүн карантин департаментине (Исаев А.):
- 2017-жылга карата өсүмдүктөрдүн оорусу пайда болгон жерлердин атайын тизмесин иштеп чыксын жана ага карата иш пландарын түзүшсүн.
- Айыл чарба кооперативдердин, дыйкандардын өндүргөн продукцияларын ЕАЭБдин базарларына чыгарууда аларга толук шарттарды (сертификаттарды) уюштуруп берүү жагы аталган департаменттин жетекчисинин (Исаев А.) жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
- Департаменттин кайра уюштурулгандыгына байланыштуу борбордук аппараттын жана райондордогу өкүлдөрүнүн уюштуруучулук иштерин тез арада тажрыйбалуу жана компетенттүү кадрлар менен толуктоону сынак аркылуу бүтүрүүнү уюштурсун.
9. “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтуна (Касымалиев А.К.)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №114 токтомуна ылайык
2017-жылы белгиленген инвентаризациялоо планын аткарууну камсыз кылсын.
10. Ветеринардык дары дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификаттоо борборуна (Жуматаев Ч.Б.):
- Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын техникалык жардам көрсөтүү макулдашуусуна ылайык, алынып келинүүчү жабдыктарды орноштурсун жана ишке киргизсин.
- Виварийди оңдоо, түзөө иштерин 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына толук аяктасын жана ишке киргизсин.
11. Министрликтин алкоголдуу рынокту жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгына (Жоробаев Ж.):
- Башкармалык министрликтин курамына киргизилгендигине байланыштуу тиешелүү укуктук ченемдик актыларды жана региондогу уюштуруучулук иштерди тез арада бүткөрүп, планга киргизилген киреше акча каражаттарын түшүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонсун.
12. Кыргыз Республикасынын “ Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин өнүктүрүү жана кызматкерлерин материалдык жактан колдоо фонду жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-октябрындагы № 643 токтомунун негизинде, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мекеме уюмдарына, алардын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрүнө 10% өлчөмүндө, Суу  чарба жана мелиорация департаментинин облустук, райондук башкармалыктарына 3% өлчөмүндө, Министрликтин борбордук аппаратынын атайын эсебине чегерүү милдеттендирилсин жана бул чегерүүлөр 2016-жылдын сметасына киргизилсин. Атайын эсептеги топтолгон каражаттарды чыгымдоо жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлсүн.
Министрликтин борбордук аппаратына:
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кайра түзүлгөндүгүнө жана структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу тез арада бош жана милдетин аткаруучу кызмат орундарына сынак өткөрүү статс-катчыга тапшырылсын.
14. Министрликтин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” Программасын, Министрликтин 2017-жылга кабыл алынган иш пландарын толук аткарууну камсыз кылсын.
15. Айыл чарба өндүрүшүндөгү алдыңкы технологияларды, жетишилген тажрыйбаларды, заманбап жабдууларды жайылтуу максатында окууларды, семинарларды, тегерек столдорду, кеңештерди уюштуруп, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө ар тараптан жардамдарды көрсөтүүнү уюштурсун.
16. Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана аларды кайра иштетүү көлөмүн жогорулатуу, кайра иштетүү жана тамак-аш ишканаларын модернизациялоо, реконструкциялоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу иштерин күчөтсүн.
17. Өзүнө жүктөлгүн милдеттерди аткарууда тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана Министрликтин 2016-жылга коюлган иш пландагы тапшырмаларды толук түрдө аткарбагандыгы үчүн
Базар-Коргон (Палванов А.О.), Панфилов (Идирисов А.А.), Лейлек (Кенжебаев И.Д.) райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына сөгүш берүүнү сунуштайт.
19. 2016-жылдын айыл чарба тармагындагы көрсөткүчтөрүнүн (күздүк айдоо, пайдаланылбай калган жерлер, тамчылатып сугаруу ж.б.) өткөн
2015-жылга салыштырмалуу төмөндөп кеткенине жол бергендиги жана тиешелүү деңгээлде уюштуруучулук иштерди алып барбагандыгына байланыштуу Тоң (Түмөнбаев Т.А.), Ноокат (Турдуев М.М.), Бакай-Ата (Бокуев К.Б.), Ысык-Ата (Андашев Т.Т.), Кочкор (Исраилов Р.Н.), Жумгал (Молдокеев Т.А.) райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына эскертүү берүүнү сунуштайт.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга Антикризистик планын бекитүү жөнүндө 2016-жылдын 12-июлундагы № 383 токтомунда каралган 2 регионалдык карантиндик-фитосанитардык лабораторияларды Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Талас облусунун Кара-Буура районунда түзүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-декабрына белгиленип, республикалык бюджеттен “капиталдык салым” чыгымынан 14,4 млн. сом жана жабдууларга 10,7 млн. сом бөлүнгөндүгүнө карабастан оңдоо жана жабдуу иштери толук бүткөн эмес.
Талас облусунун Кара-Буура районундагы жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы карантиндик-фитосанитардык лабораторияларды
2017-жылдын 1-мартына чейин толугу менен бүткөрүп, жабдууларды орнотуп, ишке киргизүү жагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу Департаментинин жана Өсүмдүктөрдүн карантини Департаментинин директорлору Ж.Дербишалиевге, А.Исаевге милдеттендирилсин.
21. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин 2016-жылга карата иш аракети Планында каралган Кыргызагробиоборбордун Баткен, Нарын облустук аймактык филиалдарын уюштуруу 2016-жылдын 25-декабрына чейин каралып, Нарын облусундагы өндүрүштүк имараттын капиталдык оңдоосу бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилип, Баткен облустук имараттын курулуш иштери бүтпөй калгандыгы (Ж.Туманов) эске алынсын жана бул багытта иштерди тездетүү милдеттендирилсин.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” Программасын аткаруу боюнча 2016-жылдын 24-августундагы № 456 токтомунда каралган 2 логистикалык борборду өлкөнүн түндүгүндө (Чүй облусунун Аламүдүн районунда) жана түштүгүндө (Ош облусунун Ноокат районунда) түзүү 2016-жылдын 1-декабрына чейин бүткөрүү жөнүндө, аталган иш-чаралар аткарылбагандыгы (Ж.Асылбеков) белгиленсин.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” Программасын аткаруу боюнча 2016-жылдын 24-августундагы № 456 токтомунда каралган 2 экспорт багытындагы күнөсканаларды өлкөнүн түндүгүндө (Чүй облусунун Сокулук районунда В-Антоновка айылында) жана түштүгүндө (Ош облусунун Кара-Суу районунда Кызыл-Кыштак айылында) куруу 2016-жылдын 10-ноябрына чейин бүткөрүү боюнча, аталган иш-чаралар аткарылбагандыгы (А.Сагынбаев) белгиленсин.
24. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө статс–катчыга жана министрдин орун басарларына жүктөлсүн.
Мындан сырткары, Коллегиянын    төрагасы жана мүчөлөрү баш болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2017-жылга карата иш пландарын бекитишти.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок