Новость 20 января
1144953 3 2x

Жабык кыртыштын(күнөсканаанын) зыянкечтери жана илдеттери

Жабык кыртышта жашылча өстүрүүчүлүк-бул калкты жыл бою жашылча өндүрүмү менен камсыз кылуучу жана  аянт бирдигинен көбүрөөк түшүм алууга мүмкүнчүлүк берүүчү агро өнөр жай комплексинин тармактарынын бири. Бирок бул үчүн өсүмдүктөрдү зыянкечтерден жана илдеттерден натыйжалуу коргоо керек.
Бүгүнкү күндө жабык кыртыш-бул аянттарды интенсивдүү калыбына келтирүү жана көбөйтүү мезгилдеги технологиялардын жана күнөсканалардын ар кандай түрлөрү. Ал тургай жеке сектордо 1м 2 дан 20 кг бадыраң жана 35 кг томаттын түшүмүн жыйноого мүмкүндүк берген технологиялар жайылтылып жатат. Түрдүк жана сорттук топтомдорун чектелгендиги, которуштуруп айдоонун жоктугу, кыртыштык жана шагылдык субстраттын, жумшарткыч курулмалардын алмаштырылбагандыгы, жасалма түрдө түзүлгөн микро климат күнөсканаларда зыяндуу организмдердин жана илдеттердин массалык көбөйүүсүнө мүмкүндүк берет. Фитосанитардык абал, күнөсканалардын кыртышы дайыма эле бууга кармалбагандыгынан, импорттук урук материалынын фитопатологиялык абалына ГОСТтун жоктугунанда начарлайт. Зыянкечтердин жана оору козгогучтардын түрлөрүнүн саны ачык агроценоздорго караганда аз болорун белгилеп кетүү керек. Мындай курулмаларды жыл бою дайыма пайдалануу, дайыма температуранын жана абанын нымдуулугу жогору болгондугу, зыянкечтердин массалык көбөйүүсүнө түрткү берет жана алардын зыяндуулугун бир кыйла көтөрөт. Жабык кыртышта зыяндуу организмдердин түрдүк курамы жабык кыртыштын субтропикалык шарттарына көнүшкөн спецификалык формалар түрүндө болот. Биздин баардык агроклиматтык зоналарда жабык кыртыштагы өсүмдүктөргө курт-кумурскалардын жана кенелердин бүтүндөй комплекси чоң зыян келтирет. 
Жабык кыртышта жөргөмүштөр түркүмүндөгү кенелердин эки -кадимки жана кызыл түрүнүн массалык түрдө көбөйүүсү байкалат. Күнөскана ак канаты кеңири таркаган полифаг, өсүмдүктөрдүн 60 тан көп түрүндө жолугат, ал эми жабык кыртышта бардык күнөсканада өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү баарына зыян келтирет.
Ак канат өсүмдүктүн ширеси менен тамактангандыктан гана зыяндуу эмес, ошондой эле илешкээк таттуу массаны бөлүп чыгарат да, ага кара көсөө козу карындары отурукташып көбөйүшөт. Коркунучтуу зыянкечтердин  800гө жакын түрлөрү бар. Негизги топту өсүмдүк биттери түзөт. Алардын өнүгүүсү биринчи ээлер болбогондуктан,   экинчи өсүмдүктөргө өтөт, бул оранжерея же жашыл шабдаалы, чоң картошка, бакча, салат, буурчак биттери ж.б. Сезилерлик зыянды тамеки жана оранжерея биттери келтирет.Кош канаттуулардын катарынан жашылча өсүмдүктөрүнө зыян келтирип баардык жерде таркаган, бадыраң чиркейи паслендор минери зыян келтирет. Акыркы убактарда жаргак канаттуулар катарынан күнөсканаларага кирип алган фитофагдар: күздүк, пахта, огород жана башка үкүчөлөрдүн чоң зыян келтирүүлөрү болуп жатат. Жашылча өсүмдүктөр үчүн коркунучтуу болуп фитопатогендик нематодалар саналат, алар тамырларды митечилик кылышат.
Илдеттердин ичинен жабык кыртыштагы  жашылча өсүмдүктөргө кыйла чыгымдарды тамырчылар (питилик, ризоктиндик, фузариоздук) боз жана ак чириктер, бактериоздор, фуариоздук соолуу, переноспороз, аскохитоз, антракнос, ак кебер ж.б. келтирет. Акыркы учурларда жабык кыртышта томаттардын штрихтелген (стрик) илдети көп кездешүүдө.
Штрихтелген  (стрик)

 

Штрихтелген томаттардын мөмөлөрүнүн вирустук оорусу  болуп саналат, ал өсүмдүктүн бардык органдарын жабыркатат. Илдеттин натыйжасында сабактарында күрөң-кызыл штрихтер жана тилкелер пайда болот. Жалбырактар туура эмес формада каралжын тактар менен жабылат. Натыйжада жалбырак өлөт. Өсүмдүк сынма жана морт болуп калат. Томаттын мөмөлөрү күрөң түстөгү, дөмпөйгөн тактар менен капталат. Бул илдеттин негизги булагы болуп илдетке кабылган өсүмдүктөрдүн уруктары саналат. Илдет бутоо мезгилинде да берилиши мүмкүн. Илдет абанын мелүүн температурасында (20 градустан көп эмес) жана жетишерлик жогорку нымдуулукта тездей тургандыгын эске алуу керек.
Помидорлордун стрики менен күрөшүү чаралары:

  • үрөндөрдү соо өсүмдүктөрдөн алуу керек,
  • үрөндөрдү марганецтин 1% эритмеси менен жугушсуздандыруу керек,
  • вегетациялык мезгилдин ичинде өсүмдүктөрдү багууда негизги гигиеналык эрежелерди сактоо керек,
  • бардык ооруган өсүмдүктөрдү жок кылуу керек.

Зыянкечтер, козу карындардын споралары жана бактериялар күнөсаналардын конструкцияларында жана жабууларында, кыртышта, вирустар-кургак өсүмдүктөрдүн калдыктарында сакталып калат. Ошондуктан зыянкечтердин таралуусунан качуу үчүн иш-чаралардын комплексин пайдалануу керек.
Кээ бир жылдары күнөсканалардагы илдеттерди козгогучтардан түшүмдөрдүн 20-30% жоголот, өсүмдүктөрдүн жалпы чалдыгуусунда 50-60 ка жетет да, жашылча өндүрүмүнүн сапаты төмөндөйт. Күнөскана комбинаттарда араларында технологиялык ажырымы жок болгон эки которуштуруп айдоо колдонулат, жыйынтыгында зыяндуу организмдер бир өсүмдүктөн экинчи өсүмдүктүн түрүнө өтөт. Күнөскананын шарттары зыяндуу организмдерден коргоочу иш чаралардын өзгөчөлүгүн аныктайт, алардын ичинен күнөскана өсүмдүктөрүн өстүргөнгө чейинки жана андан кийинки, ошондой эле которуштуруп айдооаралыгында профилактика  милдеттүү түрдө болуп саналат. Жабык кыртыш шарттарында химиялык препараттарды колдонуунунун терс кесепеттери күчөйт. Дарылоонун көп жолу болушу, күтүү мөөнөттөрүн сактабагандык жашылча өндүрүмдүн пестициддердин калдыктары менен булгануусуна алып келет. Андан башка күнөсканада иштөөгө жагымсыз шарттар түзүлөт, негизги зыянкечтердин химиялык препараттарга чыдамдуу боло баштайт. Тажрыйба көрсөткөндөй, жөргөмүш кенесинин, ак канаттын чыдамдуулугу бир эле вегетация мезгилинде бир нече  жолу өсөт. Азыр бул зыянкечтер,  химиялык препараттардын бардык группаларына туруктуулугун көрсөтүп жатат, бул  болсо алар менен күрөшүүнү кыйындатууда. Ошондуктан түшүмдү жогорулатууда жана анын сапатын жакшыртууда күнөскана өсүмдүктөрүнүн интеграцияланган коргоо системасы маанилүү роль ойнойт, аларга уюштуруучулук-чарбалык,профилактикалык, карантиндик, агротехникалык, артыкча экологиялык коопсуз каражаттарды, басымдуу мааниси бар микробиологиялык препараттар жана энтомофагдарды  пайдалануу   иш-чаралары кирет.
Уюштуруучулук-чарбалык жана карантиндик чаралар.
Күнөскана курулмаларын максималдуу пайдалануу жана аларда зыяндуу организмдердин өнүгүүсүн чектөө үчүн өсүмдүктөрдү илимий негизделген которуштурууну кармануу керек. Вегетациялык мезгил бүткөндөн кийин күнөсканадагы бөлмөнү өсүмдүктөрдүн калдыктарынан, отоо чөптөрдөн таза тазалоо, күнөскананын тегерегиндеги аймактагы таштандыларды алып аларды жок кылуу,кыртышты зыянкечтер, нематодалар жана илдеттерди козгогучтар менен булгануусуна анализ жүргүзүү керек.
Биринчи отургузулган өсүмдүктөрдүн вегетациялык мезгилинде пайдаланылган күнөскана курулмаларын, тараларды жана шаймандарды фезинфекциялап чыгуу керек. Жума сайын отургузулгандан баштап өсүмдүктөрдү зыяндуу организмдерге карата сөзсүз текшерүү керек. Рассадниктерди өндүрүш күнөсканалардан бөлүү керек.
Профилактикалык иш чаралар.
Илдеттердин таралуусун чектөө жана жашылча өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн сапатын жакшыртуу үчүн калибрлөө, жугушсуздандыруу, күнөсканаларды, текчелерди, жолчолорду хлордуу акиташ (400г ды 10л сууга) же каустик содасы (300-500 г ды 10 л сууга) менен дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Тамыр чириктерине, фузариоздук соолуга каршы үрөндөрдү биопрепараттар: козу карын препараты Триходермин (кургак же суюк формалары) жана бактериялык - Ризоплан жана Гаупсин (10г ды 1 кг үрөнгө) менен дарылайт.
Илдеттерди козгогучтардын жана зыянкечтердин комплекстерине каршы кыртышты термикалык зыянсыздандырууну (бууга кармоо) өсүмдүктөрдү отургузганга чейин 1,5 айдан кеч эмес жүргүзүү керек. Күнөсканада химиялык жугушсуздандырууну күзүндө 20 ° С тан  төмөн болбогон плюс температурада жүргүзүшөт. Кыртышты жугушсуздандырууда пайдалуу микробиоттордун кыйла бөлүгү жок болоорун, микроорганизмдердин ортосундагы катыштар өзгөрүп, экологиялык нишаны өсүмдүктөргө терс таасири берүүчү токсикант-түрлөр толуктаарын изилдөөлөр көрсөттү. Кыртыштагы микробиологиялык процесстерди калыбына келтирүү үч жумага чейин созулат. Ошондуктан кыртышты антогонист-козу карындар менен байытуу үчүн, бууга кармагандан 15-20 күндөн кийин жашылча өсүмдүктөрдүн илдеттерин козгогучтарга каршы Триходермин биологиялык препаратын берүү керек.
Агротехникалык иш чараларга жашылча өсүмдүктөрүнүн вегетация мезгилинде  температуранын оптималдуу режимдери, абанын, кыртыштын нымдуулугу, себүүнүн жана отургузуунун оптималдуу  мөөнөттөрүн сактоо, жер семирткичтердин комплекстерин өз убагында берүү кирет. Бадыраң өстүргөн күнөсканаларда абанын температурасын түнкүсүн 18. 20 ° С тан төмөн эмес жана күндүз 28 ° С тан жогору эмес, салыштырмалуу нымдуулукту - 80-85% жана 75-80% кармоо керек. Помидор өстүргөндө абанын температурасы күндүз 22 ... 24 ° С жана түнкүсүн  16 ... 18 ° С, ал эми абанын салыштырмалуу нымдуулугу - 60-65% болуш керек. Күндүзгү жана түнкү температуралардын ортосундагы кескин өзгөрүүлөрдү, конденсатты жана  өтмө шамалды болтурбоо керек. Өсүмдүктөрдү 25 ° С тан жогору болбогон жылуу суу менен сугаруу керек. Төмөнкү температураларда кыртыш ашыкча сууланбаш үчүн азыраак сугаруу керек. Көп жылдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, профилактикалык жана агротехникалык иш –чаралардын комплексин сактоо жана аткаруу илдеттердин өнүгүүсүн жана зыянкечтердин санын 50-60% га азайтат, бирок күнөскана өсүмдүктөрүн толук коргоону камсыз кылбайт. Ошондуктан биологиялык препараттарды, ал эми өсүмдүктөрдүн зыянкечтери көп болгондо жана илдеттер өнүккөндө –коргоонун химиялык каражаттарын  колдонуу муктаждыгы пайда болот. Коргоонун биологиялык каражаттарынын таасир этүү механизми, зыяндуу организмдерде бактериялардын, козу карындардын  митечилик кылуусунан, жок кылуусунан жана жабырлатуусунан, ошондой эле алардын илдеттерди козгогучтарга каршы антагонисттик касиеттерин пайдалануусунан көрүнөт.Өсүмдүктөрдү коргоо институту микробиологиялык препараттарды өндүрүү технологияларын иштеп чыккан. Ак канаттарды аныктоо үчүн күнөскананын ичине сары жабышкак капкандарды  (100 м2жерге 5-6 даана) илип коюшат, анын баштапкы өнүгүү этабында санын азайтуу үчүн энкарзия энтомофагын (м 2/ 5-10 особь, 17-22° С температурада)  коё беришет. Өсүмдүктөрдүн вегетация убагында макролофус м2/5 особь эсебинде, жырткыч зыянкечтин очогу табылса 1:5-10 катышта коё беришет. Кийинки эки коё берүүнү ар бир 10-12 күндөн кийин га/150 миң особь эсебинде коё беришет.  Өсүмдүктөрдү Вертицилин менен (26 ° С га чейинки температура) же Боверин (26 ... 30 ° С температурада) дарылайт. Өсүмдүктөрдүн вегетация убагында жөргөмүш кенесинин очогу пайда болгондо 1:30-40 катышта фитосейулюс, ал эми массалык көбөйүүсүндө-акарифагдар (500 миң особь/га) коё берилет, өсүмдүктөрдү - Битоксибацилин (1% суспензия), Актофит, 0,2% к.э. чачат. Тамеки трипсне каршы биологиялык препарат Боверинди амблисейусту коё берүү менен айкалыштырат. Зыянкечтин очогун Боверин суспензиясы менен мл/Амблисейустун 4х107 конидия концентрациясы менен дарылап, 1:2 жырткыч-олжо катышында коё беришет, ал эми зыянкечтин саны жогору болгондо амблисейусту Боверин менен иштетет. Боверин суспензиясынын сарпталышы өсүмдүктүн абалынан көз каранды болот  жана 1000 м2 ка 150 дөн 500 л ге чейин өзгөрөт. Биттерге каршы Галицаафидимизин 1:5 катышында коё беришет, нематоддорго каршы –кыртышка Нематофагинаны коё беришет. Зыянкечтер көп санда болуп жана массалык көбөйүүсүндө энтомофагдар үчүн зыянсыз жана “Кыргызстанда пайдаланууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын тизмесине” кирген пестициддерди колдонушат. Тамыр жана боз чиригин козгоочулар комплекси менен күрөшүүдө: Триходермин (кургак жана суюк формасы), Ризоплан, Гаупсин* биопрепараттары ийгиликтүү колдонулат.

   Как бороться с вредителями  и болезнями закрытого грунта (теплиц)


Овощеводство закрытого грунта - одна из отраслей агропромышленного комплекса, которая обеспечивает население овощной продукцией круглый год и позволяет получать наибольший урожай с единицы площади. Но для этого следует эффективно защитить растения от вредителей и болезней.
Закрытый грунт сегодня - это разные виды технологий и типы теплиц, когда идет интенсивное восстановление и увеличение площадей. Даже в частном секторе внедряют технологии, позволяющие собирать около 20 кг огурцов и 35 кг томатов с 1 м2.
Но вместе  с тем ограничен видовой и сортовой набор культур, отсутствует  севооборот, бессменное использования грунтовых и щебеночных субстратов, культивационных сооружений, искусственно созданный микроклимат способствуют массовому развитию вредных организмов в теплицах.
Фитосанитарная ситуация ухудшается еще и потому, что не всегда пропаривают тепличные грунты, нет ГОСТ на фитопатологические состояние импортного семенного материала. Следует отметить, что хотя количество видов вредителей и возбудителей болезней в закрытом грунте значительно меньше, чем в открытых агроценозах, круглогодичное использование таких сооружений, постоянно повышенные температура и влажность воздуха, нехватка природных регулирующих факторов- способствуют массовому размножению вредителей и значительно повышают их вредоносность.
Во всех агроклиматических зонах нашей республики растениям закрытого грунта большой вред наносит целый комплекс вредных видов насекомых и клещей.
В закрытом наблюдается массовое размножение двух видов клещей семейства паутинных - обычный и красный и тепепличная белокрылка - широко распространенный полифаг, который встречается более чем на 60 видах растений, а в закрытом грунте вредит всем тепличным культурам. Белокрылка является вредоносным не только потому, что питается соком растений, но и потому что выделяет липкую сладкую массу, на которой поселяются и размножаются головневые грибы. Опасными вредителями есть большая группа равнокрылых сосущих насекомых, насчитывающая около 800 видов. Особую группу образуют тли. Их развитие протекает исключительно на вторичных растениях, поскольку нет первичных хозяев, это оранжерейная, или зеленая персиковая, большая картофельная, бахчевая, салатовая, бобовая тля т.д. Ощутимый вред наносят табачный и оранжерейный трипсы. Из ряда двукрылых повсеместно распространены и вредят овощным культурам огуречный комарик и пасленовых минер. В последнее время фиксируют высокую вредоносность фитофагов из ряда чешуекрылых, которые попадают в теплицу извне: озимая, хлопковая, огородная и другие совки. Опасными для овощных культур закрытого грунта является фитопатогенные нематоды, которые паразитируют на корнях растений.
Из болезней значительные убытки овощным культурам в закрытом грунте наносят корневые (питиевые, ризоктониевые, фузариозные), серая и белая гнили, бактериозы, фуариозное увядание, пероноспороз, аскохитоз, Антракноз, мучнистая роса и др. В последнее время участились случаи выявления заболевания томатов закрытого грунта штриховатостью или стриком.
Штриховатость (стрик)
Штриховатость является вирусным заболеванием плодов томатов, которое поражают все органы данного растения. И на стеблях, и черешках в результате заболевания появляются коричневато-красные штрихи и полосы, листья покрываются темными пятнами, неправильной формы. В результате - лист отмирает. Растение при этом становится очень ломким и хрупким. Плоды томата покрываются угловатыми, по цвету - коричневыми пятнами, с блестящей, немного выпуклой поверхностью.
Главным источником данного заболевания плодов и растений помидора остаются семена, собранные с больных растений. Болезнь может передаваться и в период когда проводится пасынкование.
Надо учесть что болезнь ускоряется при умеренной температуре воздуха (не более 20 градусов) и достаточно повышенной влажности.
Меры борьбы со стриком у помидор:

  • семена следует отбирать от здоровых растений,
  • Семена протравливают 1% раствором марганца,
  • соблюдать основные правила гигиены, ухаживая за растениями весь вегетационный период,
  • При обнаружении сразу удалять все больные растения.

Вредители, споры грибков и бактерии сохраняются на конструкциях и покрытиях теплицы, в грунте, вирусы- в остатках сухих растений. Поэтому, чтобы избежать распространения вредителей, используется комплекс мероприятий.
В отдельные годы в теплицах потери урожая от возбудителей болезней составляют 20-30%, по эпифитотии могут достигать 50-60, при этом значительно снижается качество овощной продукции. В тепличных комбинатах основном практикуют два культурооборота без технологического разрыва между ними, в результате чего вредные организмы переходят из одной культуры в другой. Условия теплиц определяют и специфику защитных мероприятий от вредных организмов, среди которых обязательным является профилактика до и после выращивания тепличных культур, а также в промежутках между культурооборотами. В условиях закрытого грунта усиливаются негативные последствия применения химических препаратов. Большое количество обработок, несоблюдение сроков ожидания приводят к загрязнению овощной продукции остатками пестицидов. Кроме того, создаются неблагоприятные условия для работы в теплицах. Надо сказать и о проблеме вступления резистентности основными вредителями к химическим препаратам. Практика показывает, что уровень резистентности паутинных клещей, белокрылки растет за одну вегетацию в несколько раз. Сейчас эти вредители проявляют устойчивость почти ко всем группам химических препаратов, что значительно затрудняет борьбу с ними. Поэтому важную роль в повышении урожая и улучшении его качества играет интегрированная система защиты тепличных культур, которая включает организационно-хозяйственные мероприятия, профилактические, карантинные, агротехнические, использование преимущественно экологически безопасных средств, среди которых доминирующее значение имеют микробиологические препараты и энтомофаги. Организационно-хозяйственные и карантинные меры. Для максимального использования тепличных сооружений и ограничения развития в них вредных организмов следует придерживаться научно обоснованного чередования культур. По окончании вегетационного периода любой культуры в теплице помещение нужно тщательно очистить от растительных остатков, сорняков, убрать мусор с притепличной территории и уничтожить их, провести анализ почвы на зараженность вредителями, нематодами и возбудителями болезней. Тепличные сооружения, тару и инвентарь, которые использовали во время вегетации предыдущей культуры, продезинфицировать; заражен нематодами, пасленовых минером грунт тоже продезинфицировать термическим или другим методом. Обязательное еженедельное обследование растений на выявление вредных организмов, начиная с момента выращивания рассады. Изоляция рассадников от производственных теплиц.
Профилактические мероприятия. Для ограничения распространения болезней и повышения посевных качеств семян овощных культур обязательно проводят калибровку, обеззараживание, дезинфекцию теплиц, стеллажей, дорожек хлорной известью (400 г на 10 л воды) или каустической содой (300-500 г на 10 л воды). Против корневых гнилей, фузариозного увядание тепличных культур семена обрабатывают биопрепаратами: грибным препаратом Триходермин (сухая и жидкая формы) и бактериальными - Ризопланом и Гаупсином из расчета 10 г, мг на 1 кг семян. Термическое обеззараживание (пропаривание) грунта против комплекса возбудителей болезней и вредителей нужно проводить не позже чем за 1,5 месяца до высадки растений. Химическое обеззараживание почвы в теплицах проводят осенью сразу после вегетационного периода по плюсовой температуре не ниже 20 ° С. Исследованиями установлено, что по обеззараживанию почвы погибает значительная часть полезной микробиоты, изменяется соотношение между микроорганизмами, в результате чего экологическую нишу заполняют виды-токсиканты, которые впоследствии негативно влияют на растения. Воспроизведение микробиологических процессов в почве длится до трех недель. Поэтому для обогащения почвы грибами-антагонистами против возбудителей болезней овощных культур следует вносить биологический препарат Триходермин через 15-20 дней после пропаривания.
Агротехнические мероприятия. Соблюдение оптимальных режимов температуры и влажности воздуха и почвы в течение вегетации овощных культур, оптимальные сроки высева и высадки, своевременное внесение комплекса удобрений. В теплицах, где выращивают огурцы, нужно поддерживать температуру воздуха ночью не ниже 18 ... 20 ° С и не выше 28 ° С днем, относительную влажность, соответственно, - 80-85% и 75-80%. Во время выращивания помидоров температура воздуха должна быть 22 ... 24 ° С днем и 16 ... 18 ° С ночью, а относительная влажность воздуха - 60-65%. Нужно избегать резких колебаний между дневными и ночными температурами, не допускать выпадения конденсата и сквозняков. Поливать растения теплой водой, но не выше 25 ° С. В период пониженной температуры поливы проводить редко, чтобы почва не переувлажнялась. Как свидетельствуют многолетние исследования, соблюдение и выполнение комплекса профилактических и агротехнических мероприятий позволяет снизить развитие болезней и численность вредителей на 50-60%, но все же не обеспечивает полной защиты тепличных растений от них. Поэтому возникает потребность в применении биологических препаратов, а при высоком заселении растений вредителями и развитии болезней - химических средств защиты. Механизм действия биологических средств защиты растений проявляется в паразитировании, уничтожении и поражении вредных организмов бактериями и грибами, а также использовании их антагонистических свойств против возбудителей болезней. Институт защиты растений разработал технологии производства микробиологических препаратов, которые являются основой для освоения их производственными биолаборатория независимо от уровня технологического оснащения. Для выявления белокрылки развешивают желтые клеевые ловушки равномерно по всей теплице (5-6 штук на 100 м2), для снижения численности на начальном этапе ее развития проводят выпуск энтомофага энкарзии (5-10 особин/м2, температура - 17 ... 22 ° С). В течение вегетации растений выпускают макролофус из расчета 5 особей / 1 м2, при появлении очагов вредителя хищника выпускают в соотношении 1:5-10. Дальнейшие два выпуска проводят через каждые 10-12 дней из расчета 150 тыс. особей / га. Обрабатывают растения Вертицилином (при температуре до 26 ° С) или Боверином (при температуре 26 ... 30 ° С). В период вегетации культур, при появлении первых очагов паутинного клеща, выпускают фитосейулюс в соотношении 1:30-40, а за массового размножения вредителя - акарифаги 500 тыс. особей / га), опрыскивают растения биопрепаратами - Битоксибацилин (1% суспензия), Актофит, 0,2% к.э. Против табачного трипса течение культурозмины комбинируют применение биологического препарата Боверину с выпуском амблисейуса. Очаги вредителя обрабатывают суспензией Боверин в концентрации 4х107 конидий / мл. Амблисейуса выпускают в соотношении хищник - жертва - 1:2, а при высокой численности вредителя выпуск амблисейуса дежурят с обработкой Боверином. Расход суспензии зависит от состояния растений и может колебаться от 150 до 500 л на 1000 м2. Против тлей выпускают Галицы афидимизы в соотношении 1:5, против нематод - внесение в почву Нематофагину. При высокой численности и в период массовых вспышек вредителей применяют пестициды, безопасные для энтомофагов и занесенные в "Перечень пестицидов и агрохимикатов, разрешенных к использованию в Кыргызстане". В борьбе с комплексом возбудителей болезней, вызывающих корневые и серую гнили, фузариозное увядание растений, успешно применяют биопрепараты: Триходермин (сухая и жидкая формы), Ризоплан, Гаупсин .

 
За дополнительной информацие вы можете обратиться
в Департамент химизции и защиты растений   Министерства сельского хозяйства  пищевой промышленности и мелиорации по тел  -455297
Пресс служба – 66 26 00

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок