Новость 13 мая
1144953 3 2x

DOGs электрондук базасына 358 миң ит жөнүндө маалымат киргизилди

2016-жылдын 10-майына берилген маалыматка карата, DOGs электрондук базасына358 655 иттер тууралуу маалыматкиргизилген. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда болжол менен 500 миң колдо багылган ит катталган.
DOGs –иттерди идентификациялоо жана каттоопрограммасы– 2014-жылы КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигижана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте, “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун жардамы менен иштелип чыккан. Программа республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткан эхинококкоздун алдын алуу боюнча комплекстик иш-чаралардын бир бөлүгү болуп эсептелет.
DOGsпрограммасында итин ээси, ит – туулган күнү, салмагы, энчилүү ысымы, өзгөчөлүктөрү, митесиндендирүү жана эмдөөнүн мөөнөтү - тууралуу маалымат камтылат.

 

Иттин идентификациялык номери маанилүү пункттардын бири болуп эсептелет. Бул номер иттин кулагына атайын кыпчуур менен түшүрүлөт. Иттерге каттоо китепчеси да берилет.

 

DOGsпрограммасына маалыматтар Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Райондук ветеринардык башкармалыктарынын кызматчылары тарабынан киргизилет. Мындай маалыматты ар бир калктуу конушта идентификациялоо жана каттоо китепчелерин берүү иш-чараларын алып барган жеке ветеринарлар камсыздашат.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Борбордук аппараты бардык райондордон жана шаарлардан келип турган маалыматтардын программага киргизилишин күн сайын көзөмөлдөп турат. DOGs программасындагы толук маалымат жыйындысы эхинококкоз боюнча алдын алуу иш-чараларынын аткаруу деңгээлине өз убагында маани берип жана ошондой эле абалды көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Эхинококкоз бул жаныбарлар жана адамдар жуктуруучу өтө коркунучтуу оору. Адамдарга бул оору ылаңдаган иттен жугат.Эхинококкоз оорусу көбүн эсе адамдын саламаттыгын начарлатып, кээ бир учурда өлүмгө алып келет. Эхинококкоз Кыргызстанда жылдан-жылга көбөйүүдө. Эгерде 2002-жылы ооруган адамадардын саны 400дү түзсө, ал эми 2015-жылы – 1134 адам ооруга чалдыккан.Расмий маалыматтарга ылайык 13 жылдын ичинде оору үч эсеге көбөйгөн. Бирок, ветеринардык жана медициналык адистердин айрым баа берүүлөрү боюнча эхинококкоз менен ооруган адамдардын так саны бир кыйла жогору, анткени бул оору эч кандай клиникалык белгилери билинбестен көптөгөн жылдарга чейин созулат.
Ар квартал сайын иттерди митесиздендирүү жана өздүк гигиенаны сактоо эхинококкоздун алдын алуунун негизги чаралары болуп эсептелет.

 

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Кошумча маалымат алуу үчүн коммуникация боюнча адиси
ИренаБайтанаевага кайрылсаңыздар болот
 тел. 623659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg

 

В Электронную базуDOGsвведены данные о 358 тыс. собак

По данным на 10 мая 2016г., в Электронную базу данных DOGsвведена информация о 358 655 собак.Всего в Кыргызстане, по сведениямСтаткома, числится примерно 500 тыс. домашних собак.
DOGs –программаидентификации и учета собак - разработана в 2014 году Министерством сельского хозяйства и мелиорации КР совместно с Государственной инспекцией по ветеринарной и фитосанитарной безопасности (ГИВФБ) при поддержке проекта “Развитие животноводства и рынка-1”.
Программа является составной частью комплекса проводимых по всей республике мероприятий по профилактике эхинококкоза.
В DOGsсодержатся данные о владельцесобаки, информация о животном - дата рождения, вес, кличка, особенности, сроки проведения дегельминтизаций и вакцинаций.
Одним из важных пунктов является идентификационный номер собаки. Этот номернаноситсяна ухо животного при помощи татуировочных щипцов. Одновременно выдается регистрационное свидетельство собаки.
Внесением данных вDOGsзанимаются работникиРайонных ветеринарных управлений ГИВФБ на основе информации, предоставляемойим частными ветеринарами, которые непосредственно в каждом населенном пункте выполняют процедуру нанесения идентификационного номера и выдачу регистрационного свидетельства.
В Центральном аппарате ГИВФБ ежедневно наблюдают за заполнением данных, поступающих со всех районов и городов. Полный свод информации вDogsпозволяет своевременно реагировать на уровень выполняемости профилактических мероприятий, тем самым контролировать эпизоотическую ситуацию по эхинококкозу.
Эхинококкоз – особо опасное заболевание, которым заражаются и животные, и люди. Человеку передаетсяв результате жизнедеятельностизараженных собак.Болезнь зачастую приводит к серьезной потере здоровья, а то и смерти.
Эхинококкоз стал все больше распространяться в Кыргызстане. Если в 2002 году число заболевших составляло 400 человек, то в 2015-м – 1134, за 13 лет рост заболеваемости официальносоставил в три раза. Однако, по некоторым оценкам ветеринарных и медицинских специалистов, реальное число болеющих эхинококкозом значительно выше, так как болезнь длительное время протекает без явных признаков.
Основной мерой профилактики эхинококкоза являются ежеквартальная дегельминтизация собак и соблюдение личной гигиены.

 

 

Отдел реализации сельскохозяйственных проектов
Министерство сельского хозяйства и мелиорации КР
За дополнительной информацией обращайтесь
к специалисту по коммуникации Ирене Байтанаевой
по тел. 623659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок