Новость 11 января

Пресс-релиз

Кыргыз  Республикасынын  Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев  Дүйнөлүк банктын миссиясынын башчысы Питер Гудманды кабыл алды. Жолугушу учурунда миссия башчысы Талас жана Чүй облусунун аймактарында ишке ашырылып жаткан “Жайыттарды  жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоору ишке ашып жаткандыгы  жөнүндө айтып өттү. Долбоор “Жайыттарды башкарууну жакшыртуу” жана “Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо жана коомдук деңгээлде ветеринардык кызматтарды жакшыртуу” аттуу эки негизги компоненттер менен өз ишмердүүлүгүн ишке ашырат.
Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министри өз кезегинде, бул долбоор мал чарба секторун өнүктүрүүгө  чоң салым кошкондугун жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КР АЧТММ Жайыт департаментинин потенциалын жогорулаткандыгын айтып өттү. Министр   ветеринардык кызматтардын жакшыртылышы тууралуу да токтолуп, акыркы жылдары ири мүйүздү малдын арасында бруцеллез  ылаңынын чыгышы да төмөндөгөндүгү тууралуу айтты, бул да болсо ишке ашырылып жаткан долбоордун жакшы жактары жөнүндө  маалымдайт.
Жолугушунун жыйынтыгында, Нурбек Мурашев   жана  Питер Гудман долбоор,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банктын эл аралык макулдашуусунун негизинде  өз ишин координациялайт жана ишмердүүлүгүн алып барат деген келишимге келишти.  Өкмөттүн атынан аткаруу агенттиги катары Кыргыз  Республикасынын  Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги болуп эсептелет.


Министр  сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики Нурбек Мурашев принял главу  Миссии Всемирного банка Питера Гудмана. Во время встречи   глава  миссии рассказал  о ходе  реализацию проекта «Улучшение управления пастбищами и животноводством», которое реализуется на территории  Чуйской и Талаской областях. Основными двумя компонентами,  по которым проект будет осуществлять свою деятельность это «Улучшение управления пастбищами», «Охрана здоровья животных и улучшение ветеринарных услуг на уровне сообществ».
Глава минсельхоза в свою очередь   расказал,  что  этот проект  внес значительный вклад в развитие  животноводческого сектора и усилил потенциал Объединений пастбищепользователей, районных управлений аграрного развития, органов местного самоуправления и конечно Департамента пастбищ при МСХПП и М КР. Относительно  улучшения ветеринарных услуг министр отметил, что  за последние годы  вспышки  заболеваемости бурцулезом среди  КРС заметно снизились, что также говорит о положительных аспектах реализуемого проекта.
В завершение встречи Н.Мурашев и П.Гудман пришли к договоренности, что проект будет координировать свою работу и вести свою деятельность на основе международного соглашения Правительства КР и Всемирного банка. Исполнительным агентством, которого от имени правительства, является Министерство сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок