Новость 24 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

2016-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Мурашев  Нурбек  Мурпазылжанович өлкөнүн баардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен таанышты. 

      2016-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Мурашев  Нурбек  Мурпазылжанович өлкөнүн баардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары менен таанышып, айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.“Урматтуу кесиптештер сиздердин бүгүнкү Айыл чарба кызматкерлери күнү менен өзүмдүн жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин атынан чын дилимден куттуктайм. Баардыгыңыздарга бакубатчылык, амандык тилеп, дастоконуңуздардан ырыскы үзүлбөсүн демекчимин”.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри  Мурашев  Нурбек  Мурпазылжанович өлкөнүн баардык райондорунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчыларына кийинки 2017-жылга коюлган пландары менен бєлúшúп үстүбүздөгү  жылда жүргүзүлгөн иштин ийгиликтерине токтолду. “Кыргызстан айыл чарба багытын көздөгөн агрардык мамлекет. Элибиздин жетимиш пайыздан ашуун калкы элет жеринде жашап, негизги тиричилигин айыл чарбасы менен өткөрөт. Ушул өңүттөн алып караганда айыл чарбасы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы канчалык экенин айтпасак да белгилүү. Учурда элеттеги дыйкан-фермерлердин жерге, дыйканчылыкка болгон маданияты мурдагыга караганда бир топ өстү.”  Азыр элетте жердин табиятын, малдын асылдуулугун арттырган миңдеген чарбалар пайда болду.” “Эл эмгегин жер жебейт” деген макалдын тууралыгын азыр биздин дыйкандар далилдеп жатышат. Үстүбүздөгү жыл түшүмгө бай болуп, кырман данга толсо, мал базарга толду. Мурунку жылдарга салыштырмалуу суу тартыштыгы болгон жок. Өлкөбүз Евразия экономикалык биримдигине киргени дыйкандарга жыйган түшүмүн сатуудагы кыйынчылыктар азайууда. Бул мамлекеттин алып барган саясатынын жемиши десек болчудай.

Назад

Информационный блок