Новость 24 ноября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жайыт жакшырса – мал чарбасы өнүгөт
Кыргызстандын калкынын 60%дан ашыгы айыл жергесинде жашап эмгектенишет. Андыктан мал чарбачылыгы негизги приоритеттүү тармак болуп саналат. Ал эми жайыт анын өзөгү. Мал чарбачылыгы менен алектенген эл үчүн жайыт илгертеден өтө чоң мааниге ээ болуп келген. Жайыттардын абалы жөнүндө Жайыт департаментинин директору Улан Төрөгельдиев айтып берет..

  1. Жайыт боюнча акыркы маалыматты берип өтсөңүз...
  2. 2009-жылдан баштап өлкөдө жайыт саясатын жөнгө салып, түп-тамырынан өзгөртүү башталып, бүгүнкү күнгө чейин улантылып жатат. Биринчи кезекте жайыт ресурстарын башкаруунун жана пайдалануунун укуктук негиздерин жакшыртуу менен заман талабына ыңгайлаштырылууда. 2016-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин чечиминин негизинде жайыт жерлеринин менчиктүүлүк формасын өзгөртүү жана жайыт ресурстарын башкаруу системасын жакшыртуу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн парламенттин жумушчу тобу түзүлүп, азыркы учурда өз ишин улантып жатат. Ошондой эле, департаменттин адистери жер-жерлерге барып, айыл аймактардын жайыт пайдалануучулары менен жолугушуп, аларга “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзам жана Өкмөттүн  токтомдору жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө жумуштары да маанилүү. Айыл аймактардын, шаарлардын жайыттарынын тышкы чек араларын белгилөө жана аянттарын аныктоо жумуштары жүргүзүлгөн. Жайыттардын тышкы чек араларын белгилөө боюнча кадастрдык материалдар жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен бекитилип, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктар тарабынан алдын-ала каттоодон өткөрүлгөн.

  1. Жайыт пайдалануучулардан топтолгон каражат өсүүдөбү?
  2. 2016-жылдын январь айынан сентябрга чейин республика боюнча жайыт пайдалануучулардан 73 миллион сомдон ашуун каражат топтолду. Өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу жайыт акы 6 187 242  сомго көп жыйналды. Өлкө боюнча чогулган жалпы жайыт акыларынан жер салыгы да төлөндү: Баткен облусунда 466 665 сом,  Жалал-Абад облусунда –  3 483 500  сом, Нарын облусунда - 876 652 сом, Ош облусунда – 2 975 600  сом, Талас облусунда – 640 772 сом, Ысык-Көл облусунда – 1 669 281 сом жана Чүй облусунда 630 миң сом.
  3. Жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан бир катар долбоорлор жайыттарды жакшыртуу максатында иштеп жатканы маалым. Мына ошол долбоорлордун жардамы кандай болуп жатат?
  4. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1 жана - 2” долбоорлору жайыттарды жакшыртууда бир топ иштерди алдыга жылдырды. Биринчи долбоор Нарын жана Ысык-Көл облустарында иштесе, экинчиси – Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарын камтыйт. Долбоорлор башталган күндөн тарта өзүнө коюлган милдеттерди так аткарып келүүдө. Жайыт департаментиндеги жайыт реформасын жүргүзүүдө көмөкчү топко жаш адистер кабыл алынган. Алар ар бир облуста иш алып барышууда.

Семинарлар, тренингдер өткөрүлүп жатат. Мисалы, быйыл 26-январда “Кыргыз Республикасынын менчигиндеги жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу” темасындагы тегерек стол өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен “Кыргыз Республикасынын менчигиндеги жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу” багытында Жайыт департаментинде ченемдик укуктук актыларын реформалоо жүргүзүлүүдө.
Департаменттин ГИС-лабораториясынын адиси климат боюнча адиси менен  биргеликте Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр жайыт комитетине барып, жайыттардын өсүмдүк катмарына мониторинг жүргүзүү максатында талаа жумуштары аткарылды. Мындан сырткары, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында “Жайыт пайдаланууну жана башкарууну жакшыртуу” темасында семинар өткөрүлүп, ага жайыт комитеттери жана жайыт пайдалануучулар катышты.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын жайыт комитети долбоордун гранты жана Ысык-Көл фондунун салымы менен 500 миң сом каражатка КАМАЗ техникасын алуу үчүн бөлүнүп берилди.
2016-жылдын август айында Департаменттин адистери Суусамыр жайыт комитетинин иштери менен таанышып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, жоболору жөнүндө маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле, “алтыгана-караган” отоо чөбүн жок кылууга байланышкан маселелердин үстүндө талкуу жүргүзүп келишти. Мындай иш-чаралар абдан эле көп.
Бүткүл дүйнөлүк банктын “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоору 2015-жылы ишине кирген. Ал долбоордун алкагында Чүй жана Талас облустарынын 140 Жайыт пайдалануучулар бирикмелери жана 420 жеке ветеринарларга жардам берилет.

  1. Ишиңизге рахмат. Дайым ийгилик болсун!

Жайытка жумшалган инвестициялар кандай жумшалат
(кененирээк, таблицаны караңыздар):

  1. Баткен облусу боюнча жалпы инфраструктурага 1 млн сом ашуун каражат жумшалып, 112,5 км чакырым мал айдап өтүүчү жол, 15 мал суу ичүүчү жай, 11 даана көпүрө жана тогуз даана каптаж, бир купка жана короо оңдолуп түзөтүлдү.

 

  1. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 3 439 900 сом каражат жумшалып, 392 км чакырым жол, 37 көпүрө жана 35 каптаж оңдолуп түзөтүлдү.
  1. Ош облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 5 220 700 сом каражат жумшалып, 524,8 км чакырым жол, бир көпүрө курулуп, 32 көпүрөлөр калыбына келтирилди, 42 мал суу ичүүчү жай жана жети каптаж калыбына келтирилди. Мындан сырткары дагы 14 объект жакшыртылды.

 

  1. Нарын облусу боюнча жалпы инфраструктурага 4 млн сом ашуун каражат жумшалып, 63 км чакырым жол, 15 даана көпүрө, 16 даана каптаж жана беш даана суу ичүүчү жай оңдолуп, калыбына келтирилди.
  1. Талас облусу боюнча жалпы инфраструктурага 576 миң сом каражат бөлүнүп, 16,5 км чакырым жол, тогуз көпүрө жана үч каптаж кайра калыбына келтирилди.

 

  1. Ысык-Көл облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 677 750 сом каражат бөлүнүп, 42,5 км чакырым жол, 16 көпүрө жана беш мал суу ичүүчү жай оңдолду.
  1. Чүй облусу боюнча жалпы инфраструктураны жакшыртууга 359 298 сом каражат жумшалып, 149,7 км чакырым жол, 22 көпүрө жана алты каптаж оңдолду.

Табл. 1: Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайыттан түшкөн каражаттар, 2016ж. январь-сентябрь айлары

Табл. 2: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайыттан түшкөн каражаттар, 2016ж. январь-сентябрь айлары

Назад

Информационный блок