Новость 12 мая
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Бүгүн, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде Жайыт департаментинин уюштуруусунда Суусамыр өрөөнүндөгү «Алтыгана- карагана» өсүмдүгүн жок кылуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев, министрдин орун басары Ж.Керималиев, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору М.Таиров,  Өкмөттүн алдындагы Экотех инспекциясынан, айлана чөйрөнү коргоо жана  токой чарба мамлекеттик  агенттигинен, Айыл чарба министрлигинин алдындагы “Кыргызмамжер долбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту, мамлекеттик ишканасынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Кыргыз жайыт ассоциациясынан өкүлдөр келип катышты.   Негизги максаты эл байлыгы болгон жайыттарды кыргыз элинин жашоо тиричилигинин негизи катары сактап калуу, жайыт маселелерин туура пайдалануу, “Алтыгана карагана” өсүмдүгүнүн жайыт жерлерди басып жатышына карата иш-чараларды жүргүзүп, көзөмөлгө алуу болуп саналат. Иш чараны КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Бекбоев ачты. “Суусамыр жайлоосунда “Алтыгана карагана” басып кеткен жайыттарды калыбына келтирүү керек. Жылдан-жылга малдын саны өсүп жатат. Биз алдын-ала кам көрүшүбүз керек” деп билдирди өз сөзүндө министр Т.Бекбоев. Мындан сырткары, жайыттарды жакшыртуу үчүн өкмөттүк эмес уюмдар жана донорлор менен тыгыз иш алып баруу керектигин кошумчалады. Тегерек столдо Кыргызстанда жайыттар боюнча Жайыт департаментинин директору У.Төрөгелдиев маалымат берип өттү. Маалыматка ылайык, жайыттардын жалпы аянты - 9 млн.147 миӊ. га жана алар айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 86% түзѳт. Жайыттардын жалпы аянтынын ичинде: жакынкы жайыттар -  2,328,9 млн. га, ортоңку  жайыттар – 2,917,1 млн. га, алыстагы жайыттар – 3,941,6 млн. га түзөт. Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды Алтыгана өсүмдүгү басып жаткандыгын андан кантип арылса болот, бүгүнкү тегерек столдо кеңири талкууланды. Ар кандай пикирлер ортого салынды. Бири химиялык ыкма аркылуу жок кылабыз десе, экинчиси биологиялык ыкма аркылуу азайтсак болот деген пикирлерин билдиришти. Кыргыз-Түрк Манас университетинен келген профессор А.Түлөбаев мындай иште өтө дыкаттык менен изилдөө жүргүзүлүшү керек экендигин билдирди. Жайыттарды Алтыгана өсүмдүгүнөн арылтуу үчүн химиялык ыкманы колдонбой эле койгонубуз оң. Анткени жайыттарга аяр мамиле кылуу керек деп кошумчалады. Тегерек столдун жүрүшү менен жайыт маселеси талкууланып, министр Т.Бекбоев жайыттарды басып жаткан Алтыгана өсүмдүгүнөн арылуу үчүн алгач ирет биологиялык, химиялык же механикалык ыкманы колдонуудан мурда ошол жерлерди изилдеп чыгуу керек. Ал үчүн алгач атайын жумушчулар тобун түзүп, жеринде барып абалын аныктоо керек деди. Мындай сунушту тегерек столдун катышуучулары бир пикирден колдошту. Ал эми изилдөөгө жалпы эле жайыттар маселесин чечүү үчүн жасала турчу иштерге кетчү каражат маселесин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү чечип берүүнү колго алды. 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок