Новость 25 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кант кызылчасын кабыл алууда кемчиликтер жоюлууда!
"Кайыңды Кант" заводунда кант кызылчасын кабыл алуудагы кезек күтүүнүн натыйжасында чыккан кемчиликтер жоюла баштады. Дыйкан-фермерлер аба-ырайына байланыштуу мурда белгиленген графиктен эрте жыйнашып, заводдун кант кызылчасын кабыл алуу процедурасын тездетип жиберишкен. Аталган заводдун кант кызылчасын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү суткасына 3000 тоннаны түзсө, учурда күн-түн иштеген завод 4300 тоннага чейин кызылча кабыл алып жатат. Баасы мурдагы көргөзүлгөн келишимдин негизинде. 
Айрым дыйкан-фермерлердин нааразычылыгын уккан Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев жана башка министрликтин кызматкерлери менен барып, маселе менен жеринен таанышты. Завод жетекчилиги билдиргендей быйыл кант кызылчасынын түшүмү жакшы болуп, көлөмү көбөйгөнүнө карабай кабыл алуу графиктин негизинде жүргүзүлүп, өстүрүлгөн кызылчанын баарын кабыл алууга даяр. Учурда кезек күтүү сээлдеп, дыйкандарды анчалык түйшүккө салбай калганын жергиликтүү дыйкандар жана завод өкүлдөрү билдирди.

Назад

Информационный блок