Новость 18 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргызстанда айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү
Бишкек шаарында ФАОнун (БУУнун азык-түлүк жана тамак-аш программасы) “Айыл чарба азыктарын сатуу жана рыноктук интеграция” Аймактык Демилгеси жана КР айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өндүрүшү министрлиги тарабынан уюштурулган агроэкспортту өнүктүрүү боюнча 2 күндүк семинар өз ишин баштады.
Бул иш-чаранын максаты: айыл чарба азыктарын экспорттоону өнүктүрүү Планын колдоо жаатында иштеп жаткан улуттук жана эл аралык э ксперттердин, мамлекеттик структуралар жана жеке сектордун ортосунда тажрыйба алмашуу.
Семинар өз ишинде төмөнкү маселелерди карайт: 1. Кыргызстандын айыл чарба экспорту үчүн рынокторду диверсификациялоо (Европа Биримдиги, Перс булуңундагы мамлекеттер ж.б.); 2. Ар кайсы өлкөлөргө айыл чарба азыктарын экспорттоого адистешкен агенттиктердин өнүгүү тажрыйбасы; 3. Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын атаандашттыкка туруктуулугун анализдөө.
Маалымат үчүн: 2015-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015 – 2017 - жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча План кабыл алынган. Бул план соода боюнча маалымат менен камсыздоо, чарбалардын жана соода жаатындагы уюмдардын кудуретин күчтөнтүү, соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, салык жүгүн азайтуу жана экспортчуларды каржы булактары менен камсыздоо аркылуу ишке ашат.
2016-жылдын май айында ФАОнун колдоосу менен “Латын Америка, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү айыл чарба экспортунун өнүгүү тажрыйбасы” деп аталган эксперттик тегерек стол өткөн. Эксперттер айыл чарба азыктарын жаңы рынокторго экспорттоо жараяны керектөөчүлөрдүн талабын терең анализдөөнү жана сертификациялоодо жогорку талапты койорун белгилешкен.
Кыргызстандын айыл чарба азыктарын региондогу өлкөлөргө, эң оболу Казахстан жана Россияга экспорттоодо белгилүү көйгөйлөр бар. Өлкөнүн ЕЭС ке кирүүсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук мыйзам базасы Союздун укук базасы менен шайкеш келтирилүүдө. Ошого карабастан, айрым азыктарга санитардык жана фитосанитардык талаптар коюлуп, ЕЭСка кирбей токтоп турат.
Семинарды КР Айыл-чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министринин 1-орун басары Керималиев Жаныбек Калканович ачты.
Иш-чарага айыл чарбасын өнүктүрүү, экспорттоо тармагында алектенген министерлик, илимий чөйрө, жеке сектордун өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер катышып жатат.

Пресс служба МСХ и М КР
0312-66-26-00

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок