Новость 17 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Дагы бир МТС!
Ысык Көл областынын Тоң районуна караштуу Күн Чыгыш айыл аймагында кезектеги машина трактордук станция ачылды. Дыйкан-фермерлерди колдоо багытында мамлекеттик программанын негизинде ачылган бул МТС лизинг аркылуу ишке ашып, жалпы баасы 9 млн, 600 миң сомдук 11 айыл чарба техникасы алынды. Бул иш чарага катышкан Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин билдиришинче азыр жер-жерлерде МТСтери уюштуруу мамлекеттик деңгээлде колго алынып, азыр сексенден ашуун айыл өкмөттөрүндө мындай мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Ал эми бул мезгилге чейин МТСтери ачуу демилгесин көтөрүп келген Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында республикадагы ачылып жаткан МТСтер толук кандуу иштесе дыйкан-фермерлердин кирешесин көбөйтүп, чыгашасын азайтат.

Пресс служба МСХ и М КР
0312-66-26-00

Назад

Информационный блок