Новость 10 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба багытын максатуу пайдалануу жакшырат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев айыл чарба багытындагы; Мал чарбачылыгы, өсүмдүктөрдү ыраатуу өстүрүү багыты жана кайра иштетүү тармагын адистештирүү боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, журналистердин суроолоруна жооп берди. Бул үч долбоор өкмөт тарабынан жактырылып, ушул айдын 20-октябрына чейин аймактардын, областардын шартына, өзгөчөлүгүнө жараша айыл чарбасын өн үктүрүү программасы өкмөткө берилмекчи. Айталы Нарын областында мал өстүрүү, тоют камдоо, сүттү кайра иштетүү пландалса, Талас областында төө буурчак, кызылча өндүрүү колго алынмакчы. Ал эми, Баткен областында өрүк, жер жемиштер менен катар эле топозду көбөйтүү каралып жатат. Чүй областында негизги басым жер-жемиштер менен катар эле кызылчанын аянтын кеңейтүү сунушталса, Ош, Жалал-Абад областарында дыйканчылык менен бирге пахтаны өстүрүү, аны кайра иштетүү маселеси каралган. Ысык-Көл областында кайра иштетүү тармагы менен катар картошка өстүрүү колго алынмакчы.

Назад

Информационный блок