Новость 10 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

МТСтердин саны көбөйүүдө

8-октябр күнү Талас областынын Талас районундагы Өмүралиев айыл аймагында "Ак Сай" сервистик муниципалдык ишканасы ачылып, анын базасында КРнын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация минисрлиги аталган аймактагы жети айыл өкмөтү бириктирилген машина трактордук станциянын (МТС) ачылыш семинарын өткөрдү. Бул МТС ке жалпысынан ички инвестициянын негизинде жети буудай чапкыч комбайн, он жети трактор, алты чөп чапкыч Германиялык комбайн, отузга жакын айыл чарба шаймандары жана төрт оор жүк ташуучу техникалар тартылган. Иш чарада министр Турдуназир Бекбоев "-Бүгүнкү күндө МТСтери ачуу өз жемишин берүүдө. Азыр айыл чарба шаймандарын жаңыртууну колго алуу республиканын ар бир аймагында жолго коюлууда. Мындай демилгени өкмөт да колдоп, президент Алмазбек Шаршенович, премьер министр Сооронбай Шариповичтер ар тараптан жардам берүүгө даяр экендиктерин айтып жатышат. Буга чейин бир канча аймактарда ачылып, азыр Талас областында бул саамалык уланып жатат. Биз министрлик тарабынан болгон жардамыбызды беребиз. Бул эң негизгиси айыл элинин түйшүгүн жеңилдетет", деди. Иш чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым өкүлү Дайыр Кенекеев катышты.

Назад

Информационный блок