Новость 4 октября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Ветеринардык факультетине
6 млн сомго жардам көрсөтүлдү


К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина жана биотехнология факультети автоунаа, санариптик Cannon фотоаппаратын, кеңсе жана окуу эмеректерин, керектелүүчү материалдардын 14 түрүн, кеңсе жана компьютердик техника буюмдарын: 30 персоналдык компьютер, 30 ток менен үзгүлтүксүз камсыздандыруучу жабдуу, 3 лазердик көп функционалдуу жабдуу, 3 ноутбук, 3 проектор, бир интерактивдүү досканы жардам иретинде алды. Алардын жалпы наркы болжол менен 6 млн сомду түзөт.
Бул буюмдар “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында аталган жогорку окуу жайга каралган жардамдын негизинде сатып алынды.
“Автоунаа студенттерди окуу практикалары өтө турган жерге жеткирүү үчүн керек, - дейт факультеттин деканы Бекболсун Акназаров. – Мурда бул максатта автоунааларды ижарага алат элек. Компьютерлер факультеттин бардык кафедраларында, деканатта, бирок көбүнчөсү заманбап электрондук библиотека түзүлө турган китепканада орнотулат. Интерактивдүү доска лекциялар окулуучу жайда орнотулат. Ал мугалимдерге видеоматериалдарды жана башка заманбап технологияларды пайдаланып сабак өтүүгө жардам берет”.
Учурда университетке лабораториялык жабдууларды сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз улуттук агрардык университет “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун аткаруучу агенттиги болуп эсептелет. Университетте долбоордун эсебинен жүзгө жакын студент билим алат. Окуунун отличниктерине стипендия берилет. 2019-жылы окууларын аяктагандан кийин жаш адистер туулган жерлерине кайтып, ветеринария тармагында иштөөгө милдеттүү.
Отдел реализации сельскохозяйственных проектов
Министерство сельского хозяйства и мелиорации КР
За дополнительной информацией обращайтесь
к специалисту по коммуникации Ирене Байтанаевой по тел. 623659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg
КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги,
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмү
Кошумча маалымат алуу үчүн коммуникация адиси
Ирена Байтанаевага 623659 телефону же irena@apiu.elcat.kg e-mail аркылуу кайрылсаӊыздар болот

Ветеринарный факультет КНАУ получил помощь на 6 миллионов сомов


Факультет ветеринарной медицины и биотехнологий Кыргызского национального аграрного университета им.К.И.Скрябина в виде помощи получил автотранспорт, цифровой фотоаппарат Cannon, офисную и ученическую мебель, расходные материалы 14 наименований, предметы офисной и компьютерной техники - 30 персональных компьютеров, 30 источников бесперебойного питания, 3 лазерных многофункциональных устройства, 3 ноутбука, 3 проектора, одна интерактивная доска, - всего на общую сумму около 6 млн сомов.
Закупки осуществлены в рамках проекта “Развитие животноводства и рынка-1”, в котором предусмотрена помощь данному вузу.
“Автотранспорт необходим для перевозки студентов к местам проведения учебных практик, - сказал декан факультета Бекболсун Акназаров. – Ранее для этих целей машины приходилось брать в аренду. Компьютеры будут установлены на всех кафедрах факультета, деканате, но большинство – в библиотеке, где появится современная электронная библиотека. Интерактивная доска установлена в лекционном зале, она поможет преподавателям проводить занятия с применением видеоматериалов и других современных технологий”.
Также в процессе закупка лабораторного оборудования для университета.
Кыргызский национальный аграрный университет является одним из исполнительных агентств проекта “Развитие животноводства и рынка-1”. В университете обучаются порядка ста студентов, учеба которых оплачивается за счет Проекта. Также отличникам выдается стипендия. По завершению учебы в 2019 году молодые специалисты должны вернуться в родные аймаки и работать в сфере ветеринарии.

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок