Новость 30 сентября

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигини Балык чарба департаменти Кыргыз Республикасынын Айылчарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министриТ.Бекбоевдин, Финляндия Тышкы иштер министрлигинин Маанилүү тапшырмалар боюнча элчиси Йохани Тойвонен жана Борбордук Азия жанаЧыгыш Европа боюнча бөлүмүнүн адиси Хилкка Лампендин, Кыргыз Республикасындагы ФАО нун Өкүлү Дорджи Кинлайдын, Римдеги ФАОнун Аква маданият жана балык кармоо боюнча башкы техникалык адиси Мохаммад Хасандын катышуусунда 2016-жылдын 26-сентябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда(GCP/KYR/012/FIN) Кыргыз Республикасында балык уулоону жана аквамаданиятты туруктуу өнүктүрүү» ФАО Долбоорунун Жетектөө Комитетинин Бешинчи отурумун өткөрдү.
Отурумда Долбоордун Кыргыз Республикасында аткарган иштери талкууланып, жыйынтыктары чыгарылып, келээрки жылга иш пландары каралды. Күндүн экинчи бөлүмүндө Донор өлкөлөрүнүн жардамы менен курулган балыктын майда чабактарын чыгаруучу жана балыктарга керектелүүчү тоют жемин чыгаруучу цехтердин расмий ачылышы болду.
Долбоордун Жетектөөчү комитетинин Бешинчи отурумунда Айылчарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация министри Т. Бекбоев балык чарбатармагына көмөк көрсөткөн Донорлорго ыраазычылыгын билдирип, республикабызда ФАО уюмунун орду жана долбоордун аткарып жаткан багыты, айрыкча тамак-аш коопсуздугун бекемдөөгө, ошонун ичинде балык чарбачылыгын жандандыруу максатында иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.
Өнөктөш болгон чет өлкөлүк досторубуз, айрыкча Финляндия Өкмөтүжана ФАО  долбоору биздин өлкөбүздүн айылчарба багытынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, колдоо берип жаткандыгы айыл жергесиндеги фермерлердин туруктуу иштешине чоң жардам экендиги белгиленди.
Дүйнөлүк тажырыйбада балык азыктарынын адам баласынын күнүмдүк колдонуусунда орду маанилүү болгону менен, тилеке каршы бүгүнкү күндө, биздин республикада таңсык экендиги баарыбызга маалым.
Учурунда жылына Чүй облусундагы Фрунзе балык чарбасы, Өзгөн балык чарбасы жана Токтогул балык чарбасы 1500 тонна товардык балык өндүрүлгөн болсо, акыркы жылдары бул көрсөткүч кескин төмөндөгөн. Көрсөткүчтүн мындай төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири болуп, балык чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналган Балык чарба департаменттин 11 жолу жоюп жана кайрадан уюштурулгандыгынын кесепетинен материалдык байлыктан, тийиштүү адистеринен ажырап калышына себеп болгон.
Республикабызда балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү калкка табигый жана жасалма көлмө-сууларда уюштурулган балык өстүрүү өндүрүшүндө иштөө чөйрөсүн түзүү, товардык балык өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана республикада азык-түлүк программасынын аткарылышын камсыздоо, чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып баруу Президентибиздин жана Өкмөттүн койгон тапшырмаларын аткарууда - жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Балык чарба департаментинин коомчулук менен бирге тыгыз иштөөсүн талап кылат.
Бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири болуп – Кыргыз Республикасында балык корумдарын сактоо жана көбөйтүү, балык уулоону жана балык аква маданиятын өнүктүрүү болуп саналат. Анткени дүйнөлүк деңгээлде бир адамга колдонулган балык азыгынын көлөмү жылына 10 кг. дын тегерегине туура келсе, ал эми биздин республикабызда болгону 1,6 кг ды эле камтууда. Ошондуктан балык азыгына болгон колдонуу маданиятын жогорулатыш үчүн биздин Айыл чарба министрлигинин деңгээлинде демилге көтөрүлүп, Республика боюнча атайын балык азыктарын колдонуу күнүн белгилөө саясатынын үстүндө иш алып барылууда.
Акыркы жылдары балык чарбасы республикабыздын бардык аймактарында кайрадан жанданып, балык өстүрүү жана элди балык азыктары менен камсыз кылууга аракет кылып жаткан тургундарыбыздын пайда болушу, бул тармактын жанданып бара жаткандыгынан кабар берет. Ошол эле учурда, коомдогу мындай көрүнүш, балыкчылардын активдүү көбөйүшү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн чечкиндүү кадамдарды жасоого шыктандырат.
Жаңыдан курулуп жаткан балык чабактарын чыгаруучу жана балык тоюттарын даярдоочу цехтердин курулушу – бул мезгилдин талабы жана калктын муктаждыгы. Учурдагы жетишкендиктер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Балык чарба департаментинин чет элдик донорлор менен натыйжалуу жүргүзгөн иштеринин үзүрү.
ФАО уюму жана Финляндия Өкмөтүнүнжардамы мененАйылчарбаМинистрлигибалыкчылыктыжанааквакультураны рационалдуу башкарууну өздөштүрүүдө балык чарба тармагы өзүнүн өнүгүүжолуна түштү.

Назад

Информационный блок