Новость 28 сентября
1144953 3 2x

Бишкек, 27-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/.
Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан балыктардын сапаты башка мамлекеттерге салыштырмалуу экологиялык жактан таза жана жогору. Бул тууралуу Токтогул районунун Торкен айылында “Токтогул балыгы” ассоциациясынын базасында карп жана форелдин уруктарын инкубациялоо жана атайын тоюттарды даярдоо цехтеринин ачылышында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугу боюнча 9 түрүнөн өзүн камсыз кылышы керек. “Тилекке каршы, учурда 3 гана түрүнөн өзүн-өзү камсыз кылат. Бул багытта биз балык чарба тармагын дагы жигердүү өнүктүрөлү деп жатабыз. Мисалга алсак, Токтогул өрөөнүндө жашагандар Токтогул суу сактагычында өсүп жаткан балыктарды сатып, турмуш-тиричиликтерин оңдоп, үй-бүлөлөрүн багып келет. Мурдагы жылдары Токтогул суу сактагычында 300 тоннага жакын балыкты өндүрүп жана сатып элдер колдонуп жаткан болсо, акыркы жылдары анын көлөмү 10 тоннага чейин түшүп кетти деп райондук администрация башчылары билдирүүдө. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе”, - деди министр.
Ошондой эле, ал өз сөзүндө мындан 3-4 жыл мурда Кыргызстан 300-400 тонна балыкты өндүргөн болсо, жакынкы жылдары 2000 тоннага чейин жеткирүүнү пландап жаткандыгын баса белгиледи. “Кыргызстанда балык өндүрүү үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Биздин өндүрүлгөн балыктарды башка мамлекеттерден сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жакшы. Анткени, өлкөнүн балыктары бардыгы экологиялык жактан таза өстүрүлөт. Тактап айтканда, агып жаткан суулардын бардыгы тоодон, мөңгүлөрдөн келген таза суулар. Башка көпчүлүк мамлекеттерде саркынды сууларда өндүрүлүп, ал жерде балыктын даамы сапаты башкача”, - дейт Т.Бекбоев.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө Россия тараптан 900 тоннага балык алуу боюнча билдирме келип түшкөндүгүн кошумчалады. “Эгерде бул нерсени өстүрө турган болсок мындан дагы талаптар көп болот. Кайра иштетүү жагына, тоюттандыруу маселесине көбүрөөк көңүл буруу керек. Өзүбүз дагы балыкты көбүрөөк тамак-ашка колдонушубуз зарыл. Балык ден соолукка жакшы, курамында фосфор жана башка организмге керектүү витаминдер бар. Жаш балдардын өсүүсүнө, аң-сезимине, андан тышкары сөөккө жакшы таасирин берет. Балык өстүргөндөрдүн бул тармактан нааразы болгондорун көрө элекмин. Тескерисинче киреше табат”, - деп айтты министр.

Назад

Информационный блок