Новость 28 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Министр Т. Бекбоев “Кыргызстандын айыл чарба азыктарына азыр талап жогору”


Алыскы Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айылында “Алма фестивалы” болуп өттү. Бул иш-чара Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте “Компаньон” банкы менен биргеликте уюштурулуп, негизги максаты катары Баткен областынын айыл чарба азыктарын, бакча өсүмдүктөрүн даңазалоону камтыды. Бир учурларда Баткен областы өрүк мекени катары гана таанылып келсе, азыр андан башка бакча өсүмдүктөрү да жогорку сапатта өндүрүлүп, республикадан тышкаркы кардарлардын да кызыгуусун арттырууда. “Алма фестивалынын” ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө министр Турдуназир Бекбоев;
-Биз буга чейин “Өрүк фестивалын”, “Карагат  фестивалын” уюштурдук. Натыйжасы купулга толоорлук. Анткени биз бул иш чаралар менен Кыргызстандын бакча өсүмдүктөрү экологиялык жактан таза, сапаттуу экенин, ошондой эле “Кыргызстандыкы” деген брендди жаратуунун үстүндө иштеп, даңазалап жатабыз. Азыр биздин айыл чарба азыктарына талап жогору. Тилекке каршы биз чарбаларды абдан майдалап жибергендиктен аны экспорттоодо кыйынчылыктар бар. Бул маселени чечүүдө чарбаларды ирилештирүү, өлкөдө логистикалык борборлорду курууну колго алуу, импорттоодо сертификатоо маселесин карап жатабыз” деди. “Алма фестивалынын” алкагында Кадамжай районундагы бир катар дыйкан-фермерлерге сыйлык, ардак грамоталар тапшырылды.
Ал эми күндүн жарымында Айыл чарба эгиндерин өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу, сапаттуу үрөөн менен камсыздоо, үрөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгүн арттыруу, кайра иштетүү багытында Кадамжай райондук адмистрациянын имаратында семинар-кеңешме болуп өттү. Бул жерде министр Турдуназир Бекбоев үрөөнчүлүк чарбалардын ишмердүүлүгүнө бир катар талаптарды коюп, сандан сапатка көтөрүлүү маселесин койду. Анткен менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан демилгеленген төрт пилоттук долбоор боюнча иш алдыга жылып, күнөсканалар, мал союлчу жайлар, тамчылатып сугаруу жана мөмө жемиштерди муздатып сактоочу жайлардын саны көбөйүп жатканы жакшы саамалык.

Назад

Информационный блок