Новость 27 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Жайыт департаменти, 2016-жылдын 19-21-сентябрында Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Ак-Бел жайлоосундагы көпүрөнүн ачылышына карата уюштурулган иш-чара боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
Республика боюнча  454 жайыт комитеттери иштеп, анын ичинен Нарын облусу боюнча 63 жайыт комитеттери иштерин алып барышууда. Пайдаланып жаткан жайыт жерлеринин аянты 2 223246 га.
2016-жылдын биринчи жарымында Нарын облусунун жайыт комитеттери 2.224.650 сом жайыт акыларын чогултушту. Жалпы инфраструктурага 4.142.519 сом каражат жумшалып, 63  чакырым жол, 15 даана көпүрө, 16 даана каптаж жана 5 даана суу ичүүчү жай оңдолуп, кайра калыбына келтирилди.
Нарын  облусунун   Нарын  районун  Дөбөлү  айыл  Өкмөтүнүн  жайыт  комитетинин  төрагасы Султанов  Жаныбек  Макенович  талыкбай  эмгектенип, учурда жайыттардын асылдуулугун  арттырууда  жана жайыт акыларын  чогултууда планды  ашыгы  менен аткарып,  жылына  105-109  пайыз  аткарып  келүүдө.  Өзүнүн  активдүүлүгүн  көрсөтүп, малчылардын  көчүп  конуусуна  алыскы  жайыттарга  баруучу  жолдордун, көпүрөлөрүн  оңдотууга  зор  аракеттерди  жасап келүүдө.
2016-ж. бекитилген бюджети  435 500 сом. Мунун ичинен  жайыт  жер  салыгы  47117 сом, жайыттын   (жол, көпүрө)  инфраструктурасына  карата  207964 сом, подоходго-13800 сом, Соц.фондго- 37600 сом,  айлык  ж.б.  чыгымга 129 000 сом баардык  бюджети  435500 сомду тузөт.
Бекитилген  бюджеттин  2016-ж 30-август  айында  жайыт  планын  109%  ашыгы менен аткарып  отчетун берди. Мындан  сырткары жайытка  бөлүнгөн  каражатты  өз  максатына  жумшап,Кен-Саз  жайлоосундагы  көпүрөсүн  ремонт  жазашып  кайрадан  оңдошкон  жана  60000 сомго  20 км  жол оңдолгон, мындан сыркары 4 км жолго шагыл  төгүлгөн, 4 жайыт  участогуна өтүүчү  аралдарга  жоон  турба  жаткырылган,  Ажыдар-Уюк  жайлоо  участогуна 5 кольцо  коюлуп  көпүрө  курганга  жетишкен.
Мындан  сырткары ( донор  аркылуу)  КЭМП- Ала-Тоо аркылуу  Ак-Бел  участогундагы «Данги» суусунан  өтүүгө  союз  убагында  курулбаган  кечмеликке көпүрө  курулду,  донор  аркылуу 203100 сомго материал берилди,  калган  курулушуна   жайыт  комитетинин  каражаты  накталай  жана  элдин  салымы 179800 сом   менен  көпүрө  курулду же  баардык  чыгым  382900 сом  менен  темир бетон  көпүрө  салынды,  узуну 8 метрден  ашык, туурасы 4 метрге чукул, бийиктиги  1,70 м.

Назад

Информационный блок