Новость 23 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

“Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны очуро албайт тарыхтан”
Бүгүн, 23-сентябрь Кыргыз тилинин майрамы. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган. Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып өлкөбүздүн бардык булуң бурчтарында мыйзамды ишке ашыруу чаралары кабыл алынып, аткарылып келет. Бул күндү бардык мекеме-ишканаларда белгилеп жатышат. КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде да Мамлекеттик тил боюнча адиси тарабынан чакан иш-чара уюштурулду. Министрликте мындан 1 ай мурун башкармалыктардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, кызматкерлердин арасында “Мамлекеттик тилде мыкты иш алып барган түзүмдүк бөлүм”, “Мамлекеттик тилде мыкты иш алып барган кызматкер”, “Мамлекеттик тилде мыкты иш алып барган башкармалык”деген номинацияда сынак жарыяланган. Бүгүн мамлекеттик тил күнүнө карата мына ушул сынактын жыйынтыгы чыгып, орундар аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды. Иш чарага КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев катышты.

Назад

Информационный блок