Новость 20 сентября
1144953 3 2x

2016-жылдын 19-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын чарбалык субъектеринде оруп жыйноо иштеринин жүрүшү жана даярдыгы тууралуу
Оруп жыйноо иштеринин жүрүшү.
Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы берген маалыматтары боюнча, республиканын бардык облустарында буудай жана арпа дан өсүмдүктөрүнүн оруп жыйноо иштери аяктоонун алдында турат. Республика боюнча 426,6 миң га кылкандуу дан эгиндер жыйналды, же болбосо жыйналуучу аянттан 93,5% болуп, былтыркы 2015-жылдын 425,5 миң га көрсөткүчүнөн, 1,0 миң га жогору. Айдоолордо 608 даана дан оруучу комбайн иштеп жатат, анын ичинен эң көп 358 даана Ысык-Көл облусунда болууда. Анын ичинен 46 комбайн  башка региондордон тартылууда. Дан өсүмдүктөрдүн бункер менен орточо эсептегенде республика боюнча 25,8 ц/га түздү, же болбосо былтыркы жылга салыштырмалуу 0,8 ц/га көп. Дүң жыйымы болсо 1100,0 миң тоннаны түзүп же былтыркы жылдан 35,9 миң тоннага көбүрөөк.
Буудай болсо 253,5 миң га жыйналып, республиканын жыйналуучу аянтынын 93,7% түздү, орточо түшүмдүүлүгү 27,0 ц/га болуп 0,8 ц/га былтыркыдан жогору. Арпа болсо 173,1 миң га же 93,1%, орточо түшүмдүүлүгү 24,0 же 1,0 ц/га ошондой эле былтыркы жылдан жогору. Дүң жыйымы болсо 415,2 миң тонна болуп былтыркы жылдыкынан 47,1 миң тоннага көп. Буудай түшүмдүүлүгүнүн эң жакшы көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда болду орточо – 30,9 ц/га түзүп былтыркы жылдан 1,1 ц/га жогору, ал жерде бардык себүү аянттардан 99,0% жыйналды.
Арпа боюнча Ысык-Көл облусунда орточо 26,7 ц/га болду, бардык себүү аянттардан 28,4 миң га жыйнап же 92,5%ды түздү.
Жүгөрү жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Республика боюнча жалпы 38,1 миң га жыйналып программага карата 38,55% түздү. Түшүмдүүлүк орточо 61,6 ц/га болуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 ц/га көп. Дүң жыйым 234,8 миң тоннаны түзүп былтыркы жылга салыштырмалуу 26,3 миң тоннага көп болууда.
Чанактуу дан өсүмдүктөрдү жыйноо республика боюнча 21,9 миң га жерде жүргүзүлүп, жалпы жыйналуучу аянттын 38,8% түзүүдө. Түшүмдүүлүк орточо 18,0 ц/га болуп, былтыркы жылдан 0,2 ц/га төмөн болууда. Дүң түшүм 39,5 миң тонна болуп, былтыркы жылга караганда 11,0 миң тоннага көп жыйналды.
Күрүч жыйноо 4,1 миң га жерде жыйналып, 37,6 % түздү. Түшүмдүүлүк 36,8 ц/га болду. Дүң жыйым 15,1 миң тонна жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 миң тоннага жогору.
Республиканын чарба субьектилери картөшкөнүн түшүмүн жыйноодо. Республика боюнча бардыгы 27,6 миң га казылып же бардык жыйноо аянттын 33,6% түздү, 2015-жылдын көрсөткүчүнөн 2,7 миң га жогору. Орточо түшүмдүүлүгү 159,1 ц/га болуп былтыркы жылдан 0,6 ц/га жогору, ал эми дүң жыйымы 439,1 миң тонна болуп былтыркы жылдан 44,5 миң тоннага жогору. Картошканын түшүмдүүлүгүнүн эң жогорку көрсөткүчү бул Чүй облусунда болууда -182,5 ц/га түзүп былтыркы жылдан 5,8 ц/га көп.
Ошондой эле жашылча өсүмдүктөрү 580,0 миң тонна болуп же болбосо былтыркыдан 22,0 миң тонна жогору болууда.
Бахча өндүрүлүшү болсо 169,6 миң тонна чогулуп былтыркыдан 1,7 миң тоннага аз болууда.
Пахта булагы 9,6 миң тонна жыйналып, былтыркы жылга салыштырмалуу 3,2 миң тоннага көп жыйналды.
Май өсүмдүгү 20,2 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүк 12.9 ц/га түздү. Дүң жыйым 26,0 миң тонна жыйналып былтыркы жылга салыштырмалуу 1,1 миң тоннага көп топтолду.

 

Назад

Информационный блок