Новость 20 сентября
1144953 3 2x

2016-жылдын 19-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын чарбалык субъектеринде оруп жыйноо иштеринин жүрүшү жана даярдыгы тууралуу
Республиканын чарбалык субъектеринде эсеп-кысаптык датага төмөнкү иштер жасалды:
Айыл чарба техникалардын даярдыгы жана күйүүчү майлоочу майлар менен камсыздыгы.
Жогорку темп менен тракторлорду оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат, жалпы республика боюнча 21892 даана тракторлордун 19635 даана ишке жарактуу же 89% түзөт. Тоют жыйноочу техникалардын (трактор чөп чапкычтары, прессподборшиктер. трактор тырмоочтор), 93-98% даяр. Дан тазалоочу 495 техникалардан 410 даана ишке даяр, же 83%,  трактор чиркегичтердин 9843 төн 8658си ишке жарамдуу, же 88%, түштүк региондорунун жана Чүй облусунун зернотоктору толук даяр.
Дан жыйноочуу комбайндардын оңдоп түзөлгөндөрү:
-Чүй облусу боюнча 904 даанадан 815 бирдик даяр же 90%;
-Талас облусунда 95 даанадан 79 бирдик даяр же 84%;
-Ош облусунда 214 даанадан 176 бирдик даяр же 83%;
-Баткен областында 82 даанадан 70 бирдик даяр же 86%;
-Жалал-абад облусунда 175 даанадан 121 даяр же 70%;
- Ысык-Көл облусунда 540 даанадан 446 даяр же 82%.
Айыл чарба техникаларынын лизинги долбоору боюнча быйыл республиканын дыйкандарына 170 бирдик айыл чарба техникалары берилди.
Республиканын фермерлерине оруп жыйноо иштери үчүн күйүүчү-майлоочу материалдары менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жеткиликтүү базар баасында, Республиканын бүткүл унаа куйгуч жана нефтебаза станцияларында топтолгон. Мындан дизельдик отундун колдо бары 34,5 миң тонна, же болбосо 83,6% керектелүүсүнө, орточо 1 литрге 33,2 сомдон, ал эми унаабензини  8,0 миң тонна, же болбосо 82,8% керектелүүсүнө, орточо 1 литрге 30,6 сомдон.

Назад

Информационный блок