Новость 15 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Министрлик 9 автоунаалуу болду
Россия федералдык бажы кызматы КРнын Айыл чарба, тамак-аш жана өнөр жайы мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин алдындагы Өсүмдүктөрдү карантиндөө борбордук лабораториясына Chevrolet Niva үлгүсүндөгү 9 унаа беришти. Россия Федералдык  Бажы кызматынын өкүлү Игорь Курьков унаалардын ачкычын тапшырып жатып, берилген унаалар фитосанитардык лабораториянын ишин алдыга жылдырып, иштин сапаты мурдагыдан да көтөрүлөт деген ишенимде экендигин билдирди. 
Өз кезегинде министрдин орун басары Э.Чодуев ыраазычылыгын билдирип, айыл чарбасы үчүн фитосанитардык лабораториялардын иштеши абдан маанилүү экендигин билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир унаанын баасы 768 миң рубльды түзөт.

Назад

Информационный блок