Новость 6 сентября
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Журналисттер менен маалымат жыйын өткөрүлдү!
Бүгүн, КРнын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде пресс-конференция болуп өттү. Маалымат жыйынын КРнын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев, КРнын Экономика министринин орун басары Э.Абакиров, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Оросбаев өткөрүштү. Журналисттер менен болгон жолугушууда Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден берки сырткы соода, экспорт кандай болуп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Негизинен Кыргызстандын айыл чарба продукциялары Орусияга жана Казакстанга экспорттолуп жаткандыгы  тууралуу айтылды. Буга чейин экспорт туурасында туура эмес кеткен маалыматтарга тактоо киргизилди. Мындан сырткары, учурда иштеп жаткан фитосанитардык лабораториядан сырткары алдыда дагы Ысык-Көл облусунун Түп районуна жана Талас облусунун Кара-Буура районуна курула турчу лабороториялар жөнүндө да маалымат берилди.

Назад

Информационный блок